Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Грекия: солчулдар жана берешендер бийликке келди


"Сиризанын" жактоочулары жеңишин майрамдоодо. Афина, 25-январь, 2015-жыл.
"Сиризанын" жактоочулары жеңишин майрамдоодо. Афина, 25-январь, 2015-жыл.

Грекиядагы парламенттик шайлоодо күтүлгөндөй эле солчул жана радикал “Сириза” партиясы жеңишке жетти. Бул партиянын убадасы Грекиянын евроаймактан кетишине алып баруусу мүмкүн деген кооптонууларды күчөтүүдө.

Анткени “Сириза” карызга баткан Грекиянын (Греция) буга чейинки өкмөтү мажбур болгон үнөмдөө саясатын токтотууну убада кылып жатат.

Жекшембидеги добуш берүүгө катышкан грек шайлоочулардын​ 36,3% колдоосуна ээ болуу менен “Сириза” партиясы парламенттеги 300 орундун 149ун ээледи.

Бул аталган солчул жана радикал партия өкмөттү өз алдынча куруусуна эки гана мандат жетпей калды дегенди билдирет.

Шайлоодогу жеңиши билинген соң “Сиризанын” лидери Алексис Ципрас гректер үчүн катаал үнөмдөөнүн доору артта калды деп жарыялады:

- Грекия баракты оодарды, Грекия катаал жана катастрофалык үнөмдөөнү артка калтырууда. Аны менен катар коркууну жана үстөмдүктү, беш жылга созулган кемсинүүнү жана оорууну артка калтырууда.

Алексис Ципрас
Алексис Ципрас

40 жаштагы Алексис Ципрас Грекиядагы акыркы 150 жылдагы эң жаш, ошондой эле тарыхтагы алгачкы радикал жана солчул премьер-министр болду.

Коалициялык өнөктөш катары 4% добуш алуу менен 13 мандатка ээ болгон “Көз карандысыз гректер” партиясын тандады. Бул улутчул партия да 2010-жылы Грекияны банкрот болуудан сактаган планды колдогон эмес.

Ушул эле күнү шайлоодо уткан “Сиризанын” лидери Алексис Ципрас премьер-министрлик кызматка киришти. 40 жаштагы Ципрас өлкө президенти Каролос Папулиастын алдында ант берип, өкмөттү расмий башкара баштады.

"Элита жана олигархтар жеңилди"

Британдык абройлуу “Гардиан” гезити бүгүнкү санында белгилегендей, Грекиядагы шайлоо “жаш муун коррупцияланышкан элитага жана салыктан качкан олигархтарга каршы козголоңго чыкканда эмне болорун көрсөттү”.

​Солчулдар алар “олигархтар” деп атагандардын үстүнөн жеңишке жетишкенин шайлоочуларына кайрылып жатып, “Сиризанын” лидери Алексис Ципрас да айтып кетти:

- Бүгүн бул жерде жеңгендер да, жеңилгендер да жок. Бирок Грекиянын элитасы жана олигархтары жеңилди. Биздин алдыбызда Грекия менен Европа ортосунда жаңы башталыш, өз ара ишенимге, урматтоого, тилектештикке жана жоопкерчиликке негизделген жаңы саясат, жаңы байланыш үчүн эбегейсиз мүмкүнчүлүктөр бар.

Грек шайлоосунун жеңүүчүсү айтып жаткан “жаңы байланыш, “жаңы саясат” боюнча алдыда кредитторлордун үчилтик тобу: Евробиримдик, Европанын Борбордук банкы жана Эл аралык валюта кору менен мунаса табылышы керек.

Баяндамачылар “Сириза” партиясынын шайлоо алдында элге берген убадаларын аткаруу Грециянын евроаймактан чыгышына алып барышы мүмкүндүгүн белгилешкен.

Грекиянын кызматтан кеткен премьери, шайлоодо экинчи орун алган консервативдик “Жаңы демократия” партиясынын лидери Антонис Самарас гректер евроаймакта калаар деген үмүтүн билдирди:

- Мен өлкөнү кыйроонун босогосунда турганда алганмын. Грекияны Еврошаркеттин жана евроаймактын мүчөсү катары өткөрүп берип жатамын. Кийинки өкмөт өлкөнүн келечеги үчүн биз буга чейин жетишкендерди улантат деген үмүттөмүн.

Карыз жүгүн жеңилдетүү убадасы

Шайлоодо жеңген “Сириза” партиясы жана анын лидери Алексис Ципрас Грекиянын 318 миллиард евролук карызын төлөөнүн шарттарын кайра сүйлөшүүнү, башкача айтканда карыз жүгүн жеңилдетүүнү, атүгүл 50% кечилишине жетишүүнү, айлык –пенсияларды көтөрүүнү, иштен кыскартууларды, мамлекет колундагы мүлктү менчиктештирүүнү токтотууну убада кылган.

Британдык Financial Times басылмасы жазгандай, маселен Евробиримдик ичинен Грекиянын эң ири кредитору саналган Германия карызды жарым-жартылай кечүүгө караманча каршы.

Берлин ошондой эле грек өкмөтү экономиканы жана мамлекеттик башкарууну реформалап, катаал каржылык тартипти карманмайынча карызды төлөө мөөнөтүн узартууга, атүгүл үстөк пайыздарын түшүрүүгө көнүшү арсар.

Шайлоо жыйынтыгына сүйүнгөндөр. Афина, 26-январь, 2015-жыл.
Шайлоо жыйынтыгына сүйүнгөндөр. Афина, 26-январь, 2015-жыл.

Анткени Германия эгер Грекияга жеңилдик берилсе, буга чейинки келишимдерди Евробиримдиктин карыз алган башка өлкөлөрү да кайра түзүүнү талап кылат деп кооптонот.

Гректердин жаңы премьери Ципрас болсо өкмөттүн биринчи приоритети катары калктын жакырчылыкта жашаган 35% үчүн 2 миллиард евролук социалдык колдоо программасын ишке киргизүүнү мерчемдөөдө.

2010-жылы карыздарын төлөй албай калган грек өкмөтүн эл аралык кредиторлор жаңы насыя берүү менен сактап калышкан. Ага катар Афинадан реформалар, үнөмдөө саясатын жүргүзүү талап кылынган. Бирок Грекиянын экономикасы азыр деле оор абалда. Жумушсуздук 25%ды түзөт. Улуттук дүң өндүрүш 2008-жылкы кризистен бери чейрекке кыскарган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG