Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

Дүйнөлүк экономика бир “декаданы” жоготуусу мүмкүн


Кристин Лагард Бээжиндеги каржы форумунда сүйлөөдө. 9-ноябрь, 2011-жыл.
Кристин Лагард Бээжиндеги каржы форумунда сүйлөөдө. 9-ноябрь, 2011-жыл.

Алдыдагы он жыл дүйнөлүк экономика үчүн текке кетиши мүмкүн. Мындай эскертүүнү Эл аралык валюта корунун аткаруучу директору жасады. Анткени экономикалык өсүштөгү солгундоо жана каржы базарларындагы туруксуздук дүйнөлүк экономиканын жакынкы келечекте эле жанданып кетеринен күмөн санатууда. Жогорудагыдай ойлор евроаймактын айрым өлкөлөрүндөгү карыз кризиси боюнча камтамачылык күчөгөн кезде айтылууда.

Эл аралык валюта корунун башчысы Кристин Лагарддын пикиринде, дүйнөлүк экономика белгисиздиктин жана каржылык туруксуздуктун кучагына кирди.

Лагард айым кытай борбору – Бээжиндеги эл аралык форумда сүйлөгөн учурунда Кытайды жана башка өлкөлөрдү Европадагы карыз кризиси бүткүл дүйнөгө жайылып кетпешин алдын алууда көмөктөшүүгө чакырды. Валюта корунун башчысынын пикиринде, экономикалык өсүштү жана ишенимдин калыбына келтирүүнүн жүгүн көтөрүү эми өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн озуйпасы:

- Эгер биз чечкиндүү жана чогуу-чараан аракеттенбесек, дүйнөлүк экономика белгисиздиктин жана каржылык туруксуздуктун спиралына тартылып кетип, бул глобалдык керектөө потенциалынын кыйроосуна алып баруусу мүмкүн. Акыр аягында бизде айрым коментаторлор "текке кеткен он жыл" деп атай баштаган кырдаалга түшүп калуу тобокелчилиги жогору.

Эл аралык валюта корунун аткаруучу директору Кытайдагы бизнес форумда сүйлөгөн учурунда кошумчалагандай, глобалдык экономика азыр каржы системасынын алсызданышы жана экономикалык төмөндөө бири-экинчисин азыктандырган кырдаалдан жапа чегүүдө

- Биз дүйнөлүк экономика коркунучтун жана белгисиздиктин баскычына кирди деп эсептейбиз. Реалдуу экономика менен каржы секторунун ортосундагы кайчы байланыштын жагымсыз изи туруктуу көрүнүшкө айланып калды. Мен Америка Кошмо штаттарына байланыштуу бир аз мурда эскергендей, жумушсуздук көрсөткүчү адаттан тыш жогору бойдон калууда жана төмөндөбөй жатат.

Экономисттердин түшүндүрмөсүнө караганда, реалдуу экономика менен каржы секторунун ортосундагы кайчы байланыштын пайдасыз болуп калышы каржылык кризистин так ортосунда реалдуу товар өндүрүш менен кызмат көрсөтүүнүн деңгээли төмөндөп кетти дегенди туюндурат. Мына ушундай көрүнүш 2008-жылкы кризисте орун алган жана быйыл Европадагы банк жана каржы кризиси ортолоп калган кезде да уланууда.

Мындай кырдаалда, адистердин айтымында, экономикадагы рецессия ооруурак болот жана кайра жандануу да жай кетет.

Акыркы жылдары АКШ жана Евробиримдик экономикалык көйгөйлөрү менен алышып келген учурда, Кытай баштаган Азия өлкөлөрүнүн экономикасы өсүп жатты. Бирок глобалдашуунун шартында дүйнөнүн башка бурчунда болуп жаткан жагымсыз жараяндардан Азия сыртта калышына кепилдик жокутугу түшүнүктүү.

Дүйнөдө Улуттук дүң өндүрүштүн көлөмү жагынан көч башында турган АКШ менен Евробиримдик Азиянын товарлары үчүн да ири базар болуп эсептелет. Андыктан алардагы экономикалык кыйынчылыктар өз кезегинде Азиянын товарларына суроо-талапты азайтат. Кытай жана Жапония сындуу өлкөлөрдүн экономикасы үчүн болсо экспорт тагдыр чечээр мааниге ээ.

Эл аралык валюта корунун башчысы Бээжиндеги сөзүндө Кытайды улуттук акчасы – юандын АКШнын доллары менен Европанын евросуна карата наркын көтөрүү багытында кадамдарды жасоого да үндөдү:

- Каржы системасын реформалоо мурдагыдай эле маанилүү маселе бойдон калууда. Мен мурдараак айткандай, Кытай өзү да кубатуу, эффективдүүлүгү реалдуу көрүнгөн валютага муктаж. Бирок бул жаатта да прогресс болуп жатат.

АКШ маселен Кытай өз товарларынын эл аралык базардагы атаандаштык жөндөмүн артыруу үчүн улуттук акчасы – юандын курсун жасалма жол менен кармап келет деп эсептейт жана бул эки тараптын ортосунда бир топ талаш жараткан маселе. Мындан улам АКШ Конгрессинде Кытайга карата экономикалык санкция колдонуу чакырыктары да айтылган.

Дүйнөлүк экономиканын жакынкы келечеги боюнча пессимисттик ойлор Евроаймактын айрым өлкөлөрүндөгү карыз кризиси боюнча камтамачылык күчөгөн кезде айтылууда.

Көптөгөн эксперттер менен инвесторлор карызга баткан Греция, Португалия, Ирландиянын артына эми Италияны да атайы кор түзүп куткарууга туура келеби деп жатышат. Италия - Европанын үчүнчү ири экономикасы. Өз кезегинде Европада карыз кризисинин мындан ары жайылуусу дүйнөлүк экономикага олуттуу таасир берет деген кооптонуу бар.

Экономикасы каржы базарлары менен анчалык байланышпаган Кыргызстан 2008-жылы глобалдык кризистин таасирин кийинки, 2009-жылы сезген. Андагы тажрыйба көргөзгөндөй глобалдык кризистин эпкини Кыргызстанга башкы соода өнөктөштөрдүн катарындагы Орусия жана Казакстан аркылуу келет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG