Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

Паваротти - Гиннеске кирген опера булбулу


Лучано Паваротти
Лучано Паваротти

“Тарых жана тагдыр” түрмөгүнүн бул жолку уктуруусунда ХХ кылымдагы эң атактуу ырчысы, италиялык тенор Лучано Паваротти, анын артист катары баскан жолу, коомдук ишмердиги тууралуу сөз болмокчу.

Демейде опера өнөрүн негизинен ак жакалуу элиталарга, үлпүлдөгөн эстеттерге, музыка ышкыбоздоруна гана арнап чыгарылган өзгөчө өнөр деп келишет. Бекер жеринен эң биринчи опера театры 17-кылымда Венецияда, ошол жердеги ак сөөктөрдүн, аристократиянын көңүлүн ача турган ак сарайда ачылбаса керек.

Бирок операны алтын менен хрустал кооздогон атайын театрлардан ачык аянттарга, керек болсо стадиондорго алып чыккан биринчи ырчы Лучано Паваротти болгон десек эч бир жаңылбас элек.

Паваротти бул үчүн бүт дүйнөгө таралган атак даңкын пайдаланды, реклама менен сөздүн жакшы маанисиндеги элди тартууну билгичтик менен колдонду.

Чындыгында эле анын керемет үнүн уккусу келгендер жалаң эле театр сүйүүчүлөрдүн арасында эмес, спорт күйөрмандарынын арасында да өтө көп эле. Ушуну эң жакшы түшүнгөн италиялык ырчы "Ла Скала" сыяктуу атактуу театрлардан кең аянттарга чыкты, концерттин жаңы формаларын табууга чоң аракет жасады. Натыйжада Нью-Йорктогу Борбордук паркта ачык асман астында концерт берди, Париждеги Пале-Роялга барды.

Кийин Лондондогу атактуу Гайд-паркта, 300 миң киши чогулган жерде дуулдаган кол чабуулардын астында гала-концерт берди. Ошентип татаал жана оор деп саналган опера өнөрү кадимки эстраданын жолун жолдоп, массаларга барды, элитардык көнүмүш статусунан кетип, демократизм тарабына ыктады.

Мындан 8 жыл мурун каза болгон Паваротти артына Италиянын эң эле таанымал ырчысы деген атакты, Гиннестин рекорд китебине бир нече жолу кирген аткаруучу, шоу-бизнеске баш-оту менен аралашкан эң биринчи опералык ырчы деген наамды калтырды.

Ошону менен бирге Паваротти Миландын атактуу "Ла Скала" театрында, Нью-Йорктун "Метрополитен" опера театрында, Лондондогу Ковент Гарденде, Венадагы операда эмгектенген негизги прима ырчы, театр сезонун баштаган супержылдыз катары тарыхта калды.

Лучано Павароттинин эң эле белгилүү рекорддорунун бири - Нью-Йорктогу "Метрополитен" театрында биске, башкача айтканда, суроолор боюнча ыр аткарганга 165 жолу көшөгө ачылганы болсо керек. Ырчынын аткаруучулук чеберчилигине маашырланган көрүүчүлөр Павароттини улам-улам сахнага чакырып, театрдан кетпей отуруп алган жана сүйүктүү ырчыны кайра-кайра уга беришкен. Ушул эле көрүнүш 1988-жылы Берлиндеги атактуу Дойче операда да кайталанган - көрүүчүлөр Павароттини 160тан ашык жолу сахнага кайра чакырып туруп алышкан.

1991-жылы ырчы Лондондогу Гайд-паркка, ачык аянтка концерт бергенде 150 миң адам келген, ал эми Нью-Йорктогу Борбордук паркка концерт бергенде 500 миң адам катышкан.

Лучано Паваротти жана Б.Б.Кинг
Лучано Паваротти жана Б.Б.Кинг

Ал эми Паваротти Парижде, атактуу "Пале Роялда" ырдаганда 300 миң адам катышып, концертти телекөрсөтүү аркылуу бир миллион адам түз эфирде карап отурган. Бул чынында да сенсация эле. Бул опера өнөрүн жалаң гана ак сөөктөр менен кычыраган интеллигенция уккан элитардык өнөр эмес, миллиондогон карапайым адамдар демин ичине алып тыңшаган массалык музыкага айлантуунун жаркын мисалы эле… Азыр деле интернетти ачып карасак, бул үчөөнүн ырын уккандардын саны 11 миллион адамга жетиптир.

Лучано Паваротти тууралуу жүздөгөн макалалар, китептер жазылган. Ошондуктан биздин кыска макалада анын чыгармачылык жолун жана жасаган иштерин санап отуруу эч бир мүмкүн эмес.

Паваротти - Гиннеске кирген опера булбулу
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:18 0:00
Түз линк

Ошондой болсо да катардагы наабайчынын үй-бүлөсүндө туулуп, кезинде мал чарбасына, фермердик ишке да кызыккан ырчынын өмүр жолу да кызыктуу. Бирок дал ошол атасынын ыр жандуулугу ага абдан катуу таасир берип, акыр аягында Лучано Паваротти бүткүл Италияга, андан барып Европа менен Америкага аттын кашкасындай таанылган ырчыга айланган. Муну айтканга оңой, бирок майдалап айта келсе бир чоң китепке материал боло турган чоң тема.

Өңү кара тору, бою олбурлуу, ар дайым оң жак колуна ак жоолук кармап сахнага чыккан, ат мингенди жанындай көргөн, үй-бүлө дегенде ичкен ашын жерге койгон Лучано ХХ кылымдагы эң эле легендарлуу опера ырчыларынын бири болду десек эч бир аша чаппас элек.

Лучано Павароттинин үнүндө лирикалык мукамдуулук, ошону менен бирге чоң сахналарда, керек болсо стадиондордо ырдаганга жарай турган шаң менен кенен диапазон бар. Балким ошон үчүн Паваротти эстрада жылдыздары Элтон Жон, Брайан Мэй, Стинг, Селин Дион, Рожер Тэйлор менен чогуу ырдаган болуу керек. Башкача айтканда, улуу ырчы опера менен эстраданы билгичтик менен айкалыштыра алган. Жоан Сазерленд, Монсеррат Кабалье сыяктуу ырчылар менен бирге ырдашып, атактуу Герберт фон Караян сыяктуу улуу дирижерлердон таалим алды.

Ырчынын байсалдуу чыгармачылык жолунда нечен унутулгус окуялар, сенсациялар, ошону менен бирге көңүлгө заарын калтырган ачуу таарынычтар да көп болуптур. Бирок анын бир чети теңтайлаш, экинчи жагынан курбалдаш, атак-даңкы андан эч бир кем эмес чоң ырчылар Пласидо Доминго жана Хосе Каррерас менен кызматташканы чынында да абдан кызыктуу тема.

Бул үчөө башынан эле өз ара атаандаш ырчылар болгон экен, аларды жакшы билгендердин айтуусунда, чыгармачылык жактан ат салышуу булардын көнгөн адаты эле. Бирок дал ошол Паваротти өз атаандаштарын чогуу концерт бергенге көндүрүп, ошентип дүйнөгө белгилүү Three Friends (“Үч дос”) деген опералык триону түзгөнү, бул үчөө төрт жолку дүйнөлүк футбол чемпионатынын ачылышында жүз миңге жакын адам баткан стадиондордо концерт бергени зор маанилүү окуя, нака сенсация эле.

"Үч дос"
"Үч дос"

Бул үчөө тууралуу эмне деген гана мактоолор, дифирамбдар, ошону менен бирге ачуу сын-пикирлер айтылбады. Бирок улуу нерсени улуу деп айтпаска чара жок эмеспи - Паваротти чынында да операны театр сахнасынан чоң-чоң көчөлөргө алып чыкты, операнын эң мыкты деген чыгармаларын, айрыкча Италиянын атактуу шлягерлерин (мис., “О соле мио”, “Нессун Дорма”, “Санта Лючия”, опералардан ариялар) калктын калың катмарына жеткирди.

Кыргызстанда деле операнын ырчылары той-топурларда, ар кандай мааракелерде эстрада артисттери менен теңтайлаш чыгып калышты. Азыр бизде эстрада ырчыларына караганда опералык ырчыларга көбүрөөк алакан чабылганын көп көрүүгө болот.

Ошону менен бирге ырчынын коммерциялык багыттагы концерттери ага миллиондогон доллар акча каражаттарын алып келди. Бирок Лучано Паваротти кайрымдуулук иш-аракеттерин жасаган эң биринчи опера ырчысы десек туура болот го. Себеби атайын качкындарга, азган-тозгондорго жардам катары ондогон концерттер берди, зор суммадагы акчасын качкындардын жардам фондусуна которду.

Паваротти өмүрүнүн акыркы жылдарында рак менен ооруп, көп азаптарды тартты. Коштошуу концертин адегенде Нью-Йоркто 2004-жылы, андан кийин Италиянын Турин шаарында 2007-жылы берди. Бир жылдан соң ырчы бул дүйнө менен кош айтышты.

Кыргыз операсында да Павароттинин жолун жолдогон ырчылар жок эмес. Маселен, Токтоналы Сейталиевдин аткарган ырлары азыр да эл арасында кеңири белгилүү. Кийинки жылдары Сталбек Алмазбеков өзүн тенор ырчы катары абдан жакшы көрсөттү. Жаш муундагы ырчылардын арасында да келечектен чоң үмүт кылдырган артисттер бар. Демек бизде да улуу италиялык ырчынын мыкты деген салттары алгылыктуу деңгээлде уланып келатат.

XS
SM
MD
LG