Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Алмакан айтылуу Жеки Чандын коногу болду


Алмакан Мусаева Жеки Чан менен.
Алмакан Мусаева Жеки Чан менен.

Дүйнөлүк актер Жеки Чан өзүнүн алтымыш жылдык юбилейине карата "Тынчтык жана сүйүү" деген сынак уюштуруп, жеңүүчүлөрүнө өзү менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүн тартуулады. Алардын арасында Кыргызстандан жалгыз Алмакан Мусаева болду.

"Азаттык": Алмакан, дүйнөгө белгилүү, атактуу актер Жеки Чандын 60 жылдыгына кантип барып калдыңыз?

Мусаева: Конкурс жөнүндө мен Бишкектеги Америка университетинде окуган студент кызымдан уктум. Ал курсташтары менен чогуу катышып жатыптыр. Жеки Чан өзүнүн жеке сайтында 60 жылдыгына карата чакырууларды ойноткон. Сынакка катышып утуп алып, анын юбилейлик салтанатына катышып келдим. Биздин анкеталар лотерея сыяктуу ойнотулган. Аларды Жеки Чан өз колу менен тандаган.

"Азаттык": Демек, ар бир өлкөдөн бирден же экиден деп тандабай эле, лотерея сыяктуу туш келгенин алып, ошо боюнча барып калган турбайсызбы?

Мусаева: Ооба. Беш жүз орунду Кытайдын күйөрмандарына беришкен. Беш жүз орун дүйнөнүн башка өкүлдөрүнө берилген. Сегиз жүз эле адам барды.

"Азаттык": Туулган күнгө Борбор Азиядан сизден башкалар да барыштыбы?

Мусаева: Ташкенттик бир баланы көрдүм. Ошончо кишинин арасынан кимдин ким экенин билүү да кыйын. Барган күнү кечинде бизди Жеки Чан, анын достору, Азиянын белгилүү жылдыздары жана ырчылары катышкан концертке алып барышты. Ал жерде Жеки Чандын уулу да ырдады.
Айтылуу актер Жеки Чан. (Алмакан Мусаеванын сүрөтү)
Айтылуу актер Жеки Чан. (Алмакан Мусаеванын сүрөтү)
"Азаттык": Жеки Чан менен кантип жолуктуңуз?

Мусаева: Эртеси күнү экскурсияга алып барышкан. Пекинде Кытайдын императорлору жашаган жабык шаарга кире алдык. Андан кийин “Мэриот Отелдин" чоң жыйындар залында Жеки Чан менен жолугуп, учураштык.

"Азаттык": Кандай экен ал киши?

Мусаева: Кинофильмдерде кандай көрсөк, ошондой эле жөнөкөй, тамашакөй, адамгерчиликтүү экен. Жолугушуунун аягында ар бир катышуучуга Жеки Чан менен бирге сүрөткө түшүү мүмкүнчүлүгү берилди. Андан башка ар бирибизге бир баштык белек беришкен. Ичинде Жеки Чандын логотиби менен төш белги, блокнот, дагы башка нерселер бар экен.

"Азаттык": Сиз өзүңүз ала барган белегиңизди актерго качан тапшырдыңыз?

Мусаева: Ар бир күйөрман өз белегин берүүгө шарт түзүлгөн. Өзүм төрт түрлүү калпак, кийизден, териден жасалган буюм, оюу, кыргыз мамлекетинин сүрөтү бар саат жана башка бир топ белектерди ала баргам. Бирок кыргыздын бир эле калпагын бере алдым. Калган белектерди башка коноктор менен бирге бир жерге чогултуп койдук. Бизге уюштуруучулар ошондой көрсөтмө берди. Эртеси күнү тез жүрүүчү поезд менен Шанхайга жөнөдүк.

"Азаттык": Ошончо кишини үч-төрт күн бою кантип алып жүрдү ?

Мусаева: Сегиз жүз адамды он жети топко бөлгөн. Кырк, элүүдөн бөлүп, гиддер 17 чоң автобус менен алып жүрүштү.

"Азаттык": Бирдей форма менен жүргөн турбайсыңарбы баарыңар?

Мусаева: Ооба. Ар бирибизге куртка жана бейджик берген. Ошол күнү кечинде Шанхай менен таанышып, эртеси түшкө чейин Жеки Чандын өзүнө таандык чай берүү салтанатына жана ресторанына бардык. Андан соң Жеки Чандын кинофильмдерине, чыгармачылыгына арналып ачылган музейдин биринчи көрүүчүлөрү болдук.

Алмакан Мусаева кесиби боюнча юрист. Бирок азыр жеке бала бакча жана мектеп иштетет.
XS
SM
MD
LG