Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Кытай: “жолборстордун” бири камалды


Чжоу Юнкан. 2007-жылкы сүрөт.
Чжоу Юнкан. 2007-жылкы сүрөт.

Кытайда өлкөнүн Улуттук коопсуздук мекемесинин мурдагы башчысы Чжоу Юнкан коррупцияга каршы жарыяланган өнөктүктүн алкагында камакка алынды.

Бул окуя бир эсе президент Си Цзинпиндин бийликтеги таасири күчөшүнүн белгиси катары да каралууда.

71 жаштагы Чжоу Юнкан апта соңунда камакка алынуу менен Коммунисттик партиянын катарынан чыгарылды. Азыркы бийликтер ага бир нече, анын ичинде пара алган, мамлекеттик сырды ачыкка чыгарган, көңүлдөш күткөн деген айып тагышууда.

Мамлекеттик “Синьхуа” кабар агенттиги билдиргендей, Юнкандын иши менен буга чейин Кытай компартиясындагы тартип инспекциясынын борбордук комиссиясы алектенип келген.

Эми Саясий бюронун мурдагы мүчөсү жана мамлекеттик коопсуздук боюнча мурдагы министрге каршы прокуратура кылмыш ишин ачып, тергөө баштады. Кытайдын мамлекеттик телесинин (CCТВ) диктору буларды белгиледи:

- “Синьхуа” маалымат агенттиги Жогорку элдик прокуратура Чжоу Юнканды камакка алып, тергөө баштоо жөнүндө чечим чыгарганын кабарлады. Ал кылмыш жасаган деп шектелүүдө. Тергөө мыйзам чегинде жүрүп жатат.

Кытай компартиясы Чжоу Юнкандын иши боюнча иликтөө башталганын алгач быйыл июлда ачыктаган болчу.

Ал азыркы президент Си Цзинпин коррупцияга каршы аёосуз күрөш жарыялагандан бери камакка алынган мурдагы чиновниктердин эң жогорку даражалуусу, кытай президентинин сөзү менен айтканда “жолборстордун” бири.

Си Цзинпин бийликке келгенден кийин партиялык чиновниктер арасында коррупциянын тамырын кыркууну өз ишинин борбордук бөлүгү кылып жарыялаган, тазалоо партиянын төмөнкүсүнөн жогорку тепкичиндегилерге чейин жүргүзүлөрүн убада кылган эле.

Кытай компартиясынын Саясий бюросунун азыркы президент Си Цзиньпин баштаган туруктуу жети мүчөсү. 15-ноябрь, 2012-жыл.
Кытай компартиясынын Саясий бюросунун азыркы президент Си Цзиньпин баштаган туруктуу жети мүчөсү. 15-ноябрь, 2012-жыл.

Атүгүл Рейтер агенттиги өз анализинде белгилегендей, эгер сот жообуна тартылса, Чжоу Юнкан бийликтин 1976-жылдан берки эң жогорку даражалуу өкүлү болот.

Ал 1990-жылдардын орто ченинде дүйнөдөгү эң ири энергетикалык компаниялардын бири – Кытай Улуттук мунай компаниясын (China National Petroleum Corp.), 1999 -2002-жылдары Сычуань провинциясында партиялык уюмду башкарган.

2007-жылы Компартиянын Саясий бюросунун туруктуу мүчөлүгүнө, мамлекеттик коопсуздук министри кызматына келген.

Чжоу Юнкандын камалышы кытай президенти Си Цзинпиндин бийликтеги таасир артып, ал эки тизгин бир чылбырды колго толук алганынын белгиси катары да каралууда.

Чжоу Юнкан. 2014-жылкы сүрөт.
Чжоу Юнкан. 2014-жылкы сүрөт.

Анткени, байкоочулар баамында, Кытайда президент Си Цзинпиндин мамлекеттик коопсуздук боюнча мурдагы министрди кылмыш жоопкерчилигине тартууга эрки жетер бекен деген күмөнсүнүү да бар болчу. Эми ушул суроолорго жооп алынгандай болду.

Си Цзинпин Кытайдын бийлик иерархиясындагы турумун акыркы 30 жылдагы кытай лидерлеринин баарынан ыкчам бекемдегенин өткөн аптада Вашингтондо бизнес лидерлердин алдында сүйлөп жатып, АКШ президенти Барак Обама да айтып өткөн:

- Ал, балким, Дэнь Сяопинден бери бийликти колуна толук топтоштурууну эң тез ишке ашырган лидер болду. Анын Кытайдын ичиндеги таасири бир жарым же эки жылдан кийин эле артышына баары таң калып жатышат. Адам укуктары, башкача ойлонгондорду басуу жагынан коркунучтар бар. Ал ырахаттанган улутчулдук коңшуларын кооптондурат. Биз муну деңиз талаштарынан көрдүк.

Кытайдын медиасы Чжоу Юнкандын кылмыш ишин Компартиянын коррупцияга малынгандарды кызматына, даражасына, буга чейинки кадыр-баркына карабай жазалоо мүдөөсү катары көрсөтүүдө.

Бирок айрым талдоочулар бул ишти Компартиянын жогорку эшалонундагы тайпалык күрөшкө да байланыштырышат.

Анткени Рейтер агенттигинин Кытайдагы булактарына таянып жазганына караганда, 2012-жылы бийлик алмашып жаткан кезде Чжоу Юнкан өзүнүн бийликтеги таасири сакталып калышын көздөгөн кызматтык дайындоолорду ишке ашырууга умтулган.

Бо Силайга өкүм угузулуп жаткан учур. 22-сентябрь, 2013-жыл.
Бо Силайга өкүм угузулуп жаткан учур. 22-сентябрь, 2013-жыл.

Маселен өзүнүн ордуна, мамлекеттик коопсуздук министри кызматына харизмасы бар саясатчы Бо Силайды түртүп, бирок бул максаты оңунан чыкпай калган эле.

Си Цзинпин бийликке келген соң Чунцинь шаарынын партиялык уюмунун башчысы, мурда Саясий бюронун туруктуу жети мүчөсүнүн бир болот деп күтүлгөн Бо Силай да коррупция жана кызматынан кыянат пайдаланганы үчүн айыпталып, былтыр өмүр бою түрмөгө кесилди.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG