Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Өзбекстан: ИМ жазда террордук чабуулдарды жасайт


Январь айында "Ислам мамлекети" радикал тобунан бошотулган Сириянын Кобани шаары. 30-январь, 2015-жыл
Январь айында "Ислам мамлекети" радикал тобунан бошотулган Сириянын Кобани шаары. 30-январь, 2015-жыл

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү "Ислам мамлекети" радикал тобу "жазында бир катар террордук чабуулдарды даярдап жаткандыгын" айтып чыкты.

CentralAsiaOnline.com сайтында 2-февралда жарык көргөн сөзүндө Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү Алишер Хамдамов «аталган топтун былтыр Өзбекстанда кармалган мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгү анын исламчыларды согушка алуу менен эле чектелбегендигин болжолдоого болот» деп айтат.

Хамдамовдун сөзү боюнча, өзбек бийликтери Ооганстан менен чек араны бекемдөө үчүн бир катар чараларды көрүп жатат. Анын айтымында, өзбек бийликтери ИМ тобу тууралуу маалыматтардын негизинде Ооганстанда апийимдин түшүмү көп болгондугунан улам жана Өзбекстанда мартка белгиленген президенттик шайлоого байланыштуу да ушул чараларды көрүп жатат.

Ташкендин коопсуздук кызматкери ошондой эле "Өзбекстан ислам кыймылынын" мүчөлөрү менен катар ноябрь, декабрда колго түшүрүлгөн "Ислам мамлекети" тобунун өкүлдөрү көрсөтмө беришкенин кошумчалады.

Кармалгандар Пакистанда 2013-жылы согуштук машыгуудан өтүп, 2014-жылы Өзбекстанга ИМ тобуна жаштарды азгыруу үчүн келгендер имиш.

Хамдамовдун айткандары Орусияда жана Борбор Азия өлкөлөрүндө дароо эле уу-дуу кептерди жаратты.

Ошол эле учурда Борбор Азияда "Ислам мамлекети" тобу жана башка экстремисттик исламдык уюшмалардын коркунучу боюнча кооптонуулар күч алып жаткандыгы да чын.

Бирок "Ислам мамлекети" радикал уюму тарабынан Өзбекстанга жана анын коңшуларына реалдуу коркунуч бар болгону менен, анын канчалык чоң экендигин айтуу кыйын. Казакстанда иштеген журналист Жоанна Лилив Каримов экстремисттердин коркунучун ашыра айтып келаткандыгын белгилейт.

XS
SM
MD
LG