Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Бостондогу кош жардыруу иликтенүүдө


Жаракат алгандар ооруканага жөнөтүлүүдө.
Жаракат алгандар ооруканага жөнөтүлүүдө.

АКШнын Бостон шаарында марафон учурундагы жардыруудан кеминде үч киши каза тапканы ырасталды, жүздөн ашуун киши жарадар болду. Президент Барак Обама жардырууну кимдер жасаганы бийликтер үчүн азырынча белгисиздигин айтып, бирок жоопкерлер табылып, жазага тартыларын убада кылды.

Жыл сайын өтүүчү Бостон марафонунун марага жетер бөлүгүндө удаа болгон кош жарылуудан, күбөлөрдүн айтымында, буттары жулунуп кеткен адамдар да бар.

Телеканалдар көргөзгөндөй жарылуудан кийин түтүн уюлгуп, айланадагы имараттарды айнеги күүлүп, көчөгө сыныктар, ыпыр-сыпыр чачырап, жерге кан жайыла берген.

Окуянын күбөсү “Бостон Глоб” гезитинин кабарчысы Дэвид Эйбел:

-Мен көп эле окуяларды чагылдырдым эле. Бул - көргөндөрүмдүн эң жаманы. Биринчи жардыруунун артынан дароо эле экинчиси болду. Адамдар мага жакын эле жерде кулап жатышты. Полиция, марафондун кызматкерлери, адамдарды жол жээгинде кармоо үчүн коюлган тосмолорду дароо эле кулатышып, жардам берүүгө ашыгышты. Буттары үзүлүп кеткен, дем алалбай жаткан адамдар болушту.

Полициянын айтымында, Бостондо кубаттуу бомба жарылган.

​Жардыруу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек, полиция да шек туудурган кимдир бирөөнү колго түшүрө элек.

Президент Барак Обама жардыруудан үч сааттан соң Ак үйдөн сүйлөгөн учурунда окуяны терроризм катары мүнөздөгөн жок. Тергөөчүлөр учурда фактыларды топтоп жатканын белгиледи:

-Биз муну ким жана эмне үчүн жасаганын азырынча биле элекпиз. Адамдар биз бардык фактыларга ээ болмоюнча жыйынтык чыгарууга ашыкпоосу абзел. Бирок, күмөн санабагыла, биз муну аягына чыгарабыз. Ким жасаганын, эмне үчүн жасаганын аныктайбыз. Жеке адам болобу, топ болобу жоопкерчиликти толугу менен тартат.

Обама бийликтер АКШнын бүткүл аймагында коопсуздукту “зарылчылыкка жараша” күчөтөрүн кошумчалады. Өз администрациясына жабыр тарткандарга, тергөө иштерине зарыл жардамды көргөзүүнү тапшырды.

Жардыруудан кийин АКШнын Авиация боюнча федералдык администрациясы Бостондун үстүн учууга болбой турган аймак деп жарыялады.

Коопсуздук чаралары Нью-Йоркто, Вашингтондо, Лос-Анжелесте, Лондондо жана башка шаарларда күчөтүлдү.

Айрым кабарларга караганда, жарылуулардан кийин Бостондон дагы жардыруучу зат табылып, эксперттер тарабынан зыянсыздандырылган.

​Кош жардыруу үзгүлтүккө учураткан Бостон марафонуна быйыл ондогон өлкөдөн 20 миңден ашуун катышып жаткан эле.

Ал азыркы доордун эң эски марафону деп эсептелет. Быйыл 113-жолу уюштурулган.

Жарылуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 15 ченде, жеңүүчүлөр марага жеткенден эки сааттан кийин, бирок артта калгандар али келип жаткан кезде болду.

“Азаттык” Бостондо жашаган журтташыбыз Алмаз Жанызак менен байланышканда:

-Менин үйүм Бостондун марафон өткөн чоң көчөсүнө (Сommonwealth avenue) чыгат. Марафонго катышкан жөө күлүктөрдүн баары биздин үйдүн астынан өтүп жаткан. Мен үйдө эле олтурган болчумун. Анан саат үч чендерде эле чуркап жаткандардын добуштары чыкпай калды. Мурдагы жылдары чуркоо саат алты-жетиге чейин созулчу да. Быйыл үчтөн кийин эле үн чыкпай калды.

Бостондо кош жардыруу болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:38 0:00

Марафон Бостон борбору болгон Массачусетс штатынын майрамы – Патриоттор күнүнө тушташ өткөрүлүп, быйылкысы былтыр декабрда Коннектикут штатынын Ньютаун шаарында мектепте ок атылганда каза тапкан жыйырма алты адамды: окуучулар менен мугалимдерди эскерүүгө арналган эле.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG