Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

Жусупжан: Ош окуясындагы чындыкты айталы


Эл аралык телерадио берүүлөр ассоциациясынын сыйлык ээлери Эркин Европа/Азаттык үналгысынын журналисттери Фаршид Манафи менен Жаңыл Жусупжан, Лондон, 9-ноябр, 2011-жыл
Эл аралык телерадио берүүлөр ассоциациясынын сыйлык ээлери Эркин Европа/Азаттык үналгысынын журналисттери Фаршид Манафи менен Жаңыл Жусупжан, Лондон, 9-ноябр, 2011-жыл

«Азаттыктын» кабарчысы Жаңыл Жусупжан «Оштун кайып кыздары» деген журналисттик иликтөөсү үчүн Лондондогу Эл аралык телерадио берүүлөр ассоциациясынын «Эң мыкты документалдык радио иликтөө» номинациясынын атайын сыйлыгына ээ болду.

Жаңыл Жусупжан: «Оштун кайып кыздарын» биздин угармандар өтө толкундануу менен кабыл алды. Бир жагынан "Мындай согушка жол бербешибиз керек, кантип биз ушул деңгээлге жеттик", - деген сөздөр болду. Бирок экинчи жагынан, “Эмне үчүн биз өзбектерди айтышыбыз керек” деген өңдүү өтө терс көз карашта телефон чалгандар, коркуткандар болду. Бирок болгон окуялар биздин тарых. Биздин тарыхыбызда эмне болуп өткөнүн калыстык менен карашыбыз керек, бул андай нерселердин кайталанбашы үчүн зарыл.

«Оштун кайып кыздарынын» мындай деңгээлде талкууланып жатканынын бир себеби Ош жаңжалы убагында маалымат каражаттарында көп чагылдырылды. Көп жагынан Кыргызстандын беделине терс таасир этти деп айтсак да болот. Ал эми көтөрүлгөн маселе тууралуу айтсам, аялдарга каршы сексуалдык зомбулук тилекке каршы, бүгүнкү күндө да болуп жатат. Бизде Ош жаңжалы маалында оор кылмыштар орун алган. Мага берилген сыйлыктын бир өңүтү ушул болду, эл аралык адистер ушуга көңүл бурду.
“Эмне үчүн биз өзбектерди айтышыбыз керек” деген өңдүү өтө терс көз карашта телефон чалгандар, коркуткандар болду. Бирок болгон окуялар биздин тарых. Биздин тарыхыбызда эмне болуп өткөнүн калыстык менен карашыбыз керек, бул андай нерселердин кайталанбашы үчүн зарыл...


Гүлайым Ашакеева: «Азаттык» үналгысында сиз даярдаган «Оштун кайып кыздары» деген радиобаяндар уктурулганда кыргызстандыктар өтө эмоционалдуу маанайда кабыл алышты эле, түрдүү реакциялар болду эле. Учурунда бир топ соккуларга туруштук бердиңиз. Бүгүн өзүңүздү жеңүүчү катары сезип турасызбы?

Жаңыл Жусупжан: Бул шартта журналист өзүн жеңүүчү деп сезе албайт эч качан. Мындай көйгөйдүн козголушунун өзү жалаң гана утулушту билдирет. Эгерде ошондой маселелердин козголушунан улам “ушундай нерсеге мындан ары жол бербешибиз керек" деген коомдук пикир пайда болсо иликтөөлөр максатына жетти деп ойлойм.

“Азаттыктын” интернет барагына келген ой-пикирлер менен телефон чалууларда ушундай сөздөр көп айтылды. Менин оюмча, башкы жеңиш ошол болду. Башка жеңиш болушу мүмкүн эмес. Анткени аял үчүн - бул абдан чоң трагедия.

Өткөн айда мен Ошто болдум, аялдар баягы эле “кайып" бойдон, аларды көргөн, билген, көңүлгө алган киши жокко эсе. Эл аралык уюмдар менен кризистик борборлор аз-аздан аларга жардам берди эле, эми мындай уюмдар иштерин азайтып, кетип жатат. Ал эми проблема, жапа чеккен адамдар биздин арабызда калып жатат да. Биз көз жумуп койсок дагы болот. Анткени сексуалдык зордук боюнча кылмыштардын иш жүзүндө биринин дагы бети ачылган жок, жабылуу аяк жабык бойдон калды.

Гүлайым Ашакеева: Журналист катары сиз бул көйгөйдү жазып, дагы иликтейсиз да. Мындан кийинки баяндарыңыз чыкканда дагы кайрадан окурмандардын, угармандардын катуу соккусуна кабылам деп чочубайсызбы? Анткени Кыргызстанда окуя өтүп кетти, эми эски жараны чукубайлы, жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын деген пикир дагы эле басымдуулук кылат эмеспи?

Жаңыл Жусупжан: Бизге улут катары өтө көп айыптар тагылып атат. Мисалы сот системасы иштебейт, түрмөлөрдөгү кыйноолор боюнча деген сыяктуу. Биз бул көйгөйлөрдү көрмөксөнгө салып коюп кете беришибиз мүмкүн. Бирок өзүбүздөн-өзүбүз качып кутула албайбыз да, туурабы? Экинчи жагынан, кыргыздар бүгүнкү күндө Кыргызстанда көпчүлүктү түзгөн түпкүлүктүү калк. Мамлекеттик бийликтин басымдуу бөлүгүндө кыргыздар отурат. Биз өз алдынча мамлекет болдук. Эгерде биз өзүбүздү титулдук улут деп айта турган болсок, ошого жараша жоопкерчилик бар. Биз ушул жоопкерчиликти ала албай атабызбы деп ойлом. Биз өзүбүздөгү өксүктүк комплексинен айрылган деңгээлге жетишибиз керек. Биз кандай жашайбыз, кайда барабыз, мамлекетибизди кандайча курабыз - деген көп маселелерди өзүбүз чечип алышыбыз керек.
Өткөн айда мен Ошто болдум, аялдар баягы эле “кайып" бойдон, аларды көргөн, билген, көңүлгө алган киши жокко эсе. Анткени сексуалдык зордук боюнча кылмыштардын иш жүзүндө биринин дагы бети ачылган жок, жабылуу аяк жабык бойдон калды.


Гүлайым Ашакеева: Жаңыл, өзүңүз айткан мамлекеттин алдындагы чоң миссияны аткарууда журналисттердин салымы өтө чоң. Албетте, бир журналисттин же бир медиа мекеменин аракети жетишсиз. Кыргызстандагы кесиптештериңизди Ош окуяларын, жаңжалдан кийинки көйгөйлөрдү чагылдырууда эмнеге көңүл бурууга чакырат элеңиз?

Жаңыл Жусупжан: Куру улутчул болуш оңой, чыныгы патриот болуш кыйын. Жаманды жашыруу башыбыздан өттү го, тоталитаризм өттү, андан кийинки кландардын кармашы, регионалдык бөлүнүп-жаруучулук, ушул сыяктуу чоң-чоң проблемалар болду. Ооба, алардын бардыгын журналисттер чече албайт, бирок өзүң айткандай, журналисттердин алдында чоң жоопкерчилик бар. Моралдык баалуулук, гуманизм деген түшүнүк бар. Булар бардык адамзатка бирдей универсалдуу түшүнүктөр. Мисалы, бир улут экинчи улутка караганда азапты, же трагедияны азыраак сезбейт, же тескерисинче.

Мисалы эненин кайгысы, кичинекей баланын башына түшкөн трагедия улутуна карабайт, ал баарын бирдей мүңкүрөтөт. Гуманизмдин мааниси ушунда. Эгерде биз ошону аңдасак, түшүнөбүз. Эгер аңдабасак, биз бир эле жакты карап калабыз дагы, чындыкка, келечекке кызмат өтөй албайбыз. Анткени биздин артыбызда жаңы муун өсүп келатат. Алар бизди - улууларды карайт.

Гүлайым Ашакеева: Өзүңүз аял катары аялдардын көйгөйүн, жеке бактысынын, үй-бүлөлүк турмушунун кыйраганын көрүп туруп, окуяны журналист катары чагылдыруунун түйшүгү кандай?

Жаңыл Жусупжан: Өзүң билесиң, журналисттин ишинде, өзгөчө биздин «Азаттыкта» Балкан окуяларын чагылдырганда, же Гаитидеги жер титирөөдөн кийин ал жакта аялдар кандай зордуктоолорго кабылган. Андай жерлерде кылмыштуулук аябай күчөгөн, жүрөк зыркыраган окуялар болгон. Биз алар тууралуу жаңылыктарды, баяндарды жазабыз, угармандарга айтабыз. Ошондой учурларда компьютердин алдында отуруп канча көз жашымды төктүм.
Эненин кайгысы, кичинекей баланын башына түшкөн трагедия улутуна карабайт, ал баарын бирдей мүңкүрөтөт. Гуманизмдин мааниси ушунда. Эгерде биз ошону аңдасак, түшүнөбүз. Эгер аңдабасак, биз бир эле жакты карап калабыз дагы, чындыкка, келечекке кызмат өтөй албайбыз.


Аялдар менен жолукканда кээ бирлери өзүн токтото албайт, ыйласа жүрөгүң сыздайт. Мен алар менен журналист катары эмес, аял катары, аларды түшүнгөн адам катары сүйлөшүп, силердин тарыхыңарды, башыңардан өткөн нерселерди башкаларга айтып берсек, андай нерсе кайталанбашы үчүн керек деп сооротууга туура келет. Бул журналисттик иштин ажырагыс бөлүгү го деп ойлойм.

Гүлайым Ашакеева: Анан журналист катары окуяны бейтарап чагылдыруу деген турат да?

Жаңыл Жусупжан: Ага угармандар өздөрү баа беришсин. Анткени мен окуяны ошол болгон жеринен чагылдырган жокмун да. Мен окуядан кийин алар менен жолугам, сүйлөшөм, прокуратурага барам, же укук коргоочулар менен сүйлөшөм, жалпысынан эмне кандай болгон, ошонун баарын карап, иилктеп чыгам. Бул акыл менен туюмдун иши.

Эгер эмоцияга алдырсак, анда биз өзүбүздүн журналисттик милдетибизди аткара албай калабыз. Биздин милдетибиз элге жеткиликтүү тил менен эмне болгонун айтып берүү. Эгерде биздин айткан сөзүбүздөн угармандар жыйынтык чыгарып, ар ким “ии, мындай турбайбы, мындай болгон экен, эми эмне кылышыбыз керек” деген суроону өзүнө өзү бере тургандай деңгээлде чагылдырышыбыз керек. Эгерде биз ал милдетти аркалай албасак, журналист болуу кыйын го дейм.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG