Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Ооганстанда хазара туткундары бошотулду


Барымтага алынгандарды бошотуп берүү талабы менен чыккан алардын туугандары. Кабул,8-апрель, 2015-жыл
Барымтага алынгандарды бошотуп берүү талабы менен чыккан алардын туугандары. Кабул,8-апрель, 2015-жыл

Ооганстанда кышында массалык барымтага алынган хазара элинин 20 чакты өкүлү бошотулгандыгы кабарланууда. Бирок Кабулда бийлик өкүлү алардын террорчуларга же алардын туугандарына алмаштырылды деген ырастоону четке какты.

Ооганстандын түштүгүндөгү Забул дубанынында аймактык кеңештин мүчөсү "Азаттыкка" 19 хазара 22 кишиге алмаштырылгандыгын маалымдады. Ата Жан Хакбаянын сөзү боюнча, алмашуу 11-майда Ганзи дубанынын Ягори ооданында орун алды.

Жергиликтүү бийликтин дагы бир өкүлү Асадулла Какар 22 киши чет элдиктер экендигин, арасында аларга тууган аялдар жана балдар бар экендигин кошумчалады. Какардын ырастоосунда, барымтачылар хазараларды бошотуу үчүн алты өзбек туткунун кое берүүнү талап кылышкан.

Хазара улуттук азчылыгынын 30 өкүлүн Ирандан Кабулга келатканда 23-февралда Забул дубанынан түн ичинде куралчандар кармап алышкан. Жергиликтүү бийликтердин билдиришинче, беткап кийген кишилер эркек хазараларды бөлүп кетишкен. Алар аялдар, балдар жана башка улуттагы жүргүнчүлөргө тийген эмес.

Бул массалык барымтага алуудан бир ай мурда ондогон хазаралар Кабулда демонстрацияга чыгып, Ооганстандын аймагында "Ислам мамлекети" уюшмасынын согушкерлерине каршы согуштук чара көрүүнү талап кылышкан эле.

Исламдын шийи багытын карманган хазаралар илгерки Бабурдун баскынчылыгында Ооганстанда калып, динин, тилин өзгөрткөн түрк-моңгол элдеринин урпактары болуп саналат жана ооган согуштарында алар массалык кыргынга көп учурашат.

Ооган бийликтери, анын ичинде Ооганстандын башкы башкаруучусунун экинчи орун басары Мухаммад Мухакик ажы башында барымтага алууну "Ислам мамлекети" уюшмасынын колунан келди деп ырастаган эле. Бирок бул кол салуу үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө алган жок.

5-майда Мухакик февралдагы кол салууну ишке ашыргандардын туугандары бошотулду, бирок алар хазараларга алмаштырылган жок деп айткан:

- Бадахшан аймагында кышындагы бир окуяда аялдар менен балдар колго түшкөн. Алар террордук чабуул жасагандардын урук-туугандары болчу. Бул туткундарды Кабулдагы өкмөттүк жатаканада кармап келишкен. Алар гуманитардык себептерден улам бошотулган болушу керек. Бирок аларды хазара туткундарына алмаштырган жокпуз.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани да 11-майда сүйлөгөн сөзүндө туткун алмашуу болгон жок деп ырастады:

- Эч кандай кун төлөнгөн жок. Ооган сотунда соттолгон жана түрмөдө отурган эч ким (хазараларга) алмаштырылган жок.

Март айында Ооганстандын коопсуздук кызматтары хазараларды бошотуу операциясында өлкөнүн түштүгүндө ондогон согушкерлер өлтүрүлгөнүн билдирген эле.

Ооганстандын хазара азчылыгы адатта сунни мусулман экстремисттеринин жана негизинен пуштун талип согушкерлеринин кол салууларына дуушар болот.

Апрель айында да белгисиз адамдар Газни дубанында төрт хазара эркекти уурдап кетип, баштарын алышкан эле.

Президент Гани бул өлтүрүүнү «кечирим берилбес зөөкүрлүк» деп мүнөздөгөн.

XS
SM
MD
LG