Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Ооганстандын жанкечти тестиерлери


13 жаштагы Билал Кабулдун борбордук ооданында бомбасын жардырганы жатканда чалгынчылардын колуна түшкөн. (Видеодон алынган сүрөт)
13 жаштагы Билал Кабулдун борбордук ооданында бомбасын жардырганы жатканда чалгынчылардын колуна түшкөн. (Видеодон алынган сүрөт)

Ооган бийликтери жакында Кабулда өздөрүн жардырууну көздөгөндүгү айтылган бир нече уланды колго түшүргөн.

Алардын айрымдарын Ооганстандын Улуттук коопсуздук башкармалыгы кабарчыларга көрсөттү.

Эң жашы 13төгү бул балдар Пакистандын медреселеринде машыгуудан өткөндүгүн, Кабулга жардыруу операцияларына жөнөтүлгөндүгүн билдиришти.

Кабулда ушул күндөрү атайын даярдыктан өткөн жанкечтилер менен жакындан таанышууга мүмкүндүк болду. Коопсуздук кызматтары туткундаган жаш балдар эмне себептен жанынан аша кечкенге даяр экенин айтып беришти.

Алардын бардыгы Кабулда жардыруу жасамакчы болуп, бирок тилеги ишке ашпай колго түшкөндөр экен.

13 жаштагы Билал Кабулдун борбордук ооданында бомбасын жардырганы жатканда чалгынчылардын колуна түшкөн. "Азаттыктын" ооган кызматына сүйлөп жатып ал Пакистандын Пешавар шаарындагы медресеге таякеси жибергенин билдирди. Диний билим алып жүрүп, Билал экстремисттик көз караштардын таасирине кабылып, акыры Кабулда өзүн жардыруу үчүн алты апталык машыгуудан өткөн.

«Молдо бизге Кабулда жашагандардын баары каапырлар, аларды өлтүрсөң бейишке чыгасың дечү. Бирок колго түшүп калганыма кубанычтуумун, анткени өлгүм келген эмес», - деди ал "Азаттыктыктын" кабарчысына.

Балдардын айтканына караганда, жанкечтилер бирөө бомбасын жардыра албай калса, экинчиси болсун деп, жанкечтилерди дайыма экиден жиберишет. Билалдын жанында да бир бала болгон, бирок ал шеригинин тагдыры белгисиз.

18 жаштагы Мир Ахмат болсо Логар дубанынан экен. Ал Пакистандын уруулар башкарган аймагындагы Мохаммадия медресесинде окуган. Ага да молдолор «Кабул өкмөтү мусулман эмес, АКШнын кол баласы, согушуп, ислам динин корго» деп үйрөткөн. Согуш тууралуу видео тасмаларды көрсөтүп, Мухаммед пайгамбардын турмушу, анын жеңиштери, каапырлар менен кантип согушканын окутушкан. Ахматтын айтымында, Пакистандын уруу аймагында жанкечтилерди "Хаккани" деп аталган радикал согушкерлер уюму уюштурат. Бул уюшма ооган талиптери менен ымалаш мамиледе деп саналат.

Эдрис деген дагы бир бала Ооганстандын түштүгүндөгү талиптердин таасири күчтүү Кандагар дубанынан. Анын атасы мындан эки жыл мурда, АКШнын кол салуусу деп сыпатталган жардыруудан улам каза тапкан. Ошондон кийин Эдрис Кандагардагы радикал мечитке кирген. Айтымында, кайгыга батып, ачууга алдыргандан кийин атасын ойлоп, жанкечти болууну чечкен. Эдрис мечиттегилер балдарды «Чет элдиктер Куранды өрттөштү, биздин пайгамбар тууралуу мазактаган кино тартышты» деп окутканын "Азаттыкка" айтып берди.

XS
SM
MD
LG