Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:08

"Талибан" Обамага жардыруу менен жооп берди


Президенттер Обама менен Карзай Стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол койду. Кабул, 2-май, 2012-жыл.
Президенттер Обама менен Карзай Стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол койду. Кабул, 2-май, 2012-жыл.

Кабулда талиптердин соңку кол салуусунан бери дегенде жети адам каза тапты. Бул окуянын жуп алдында ооган борборуна күтүүсүз сапар менен барган АКШ президенти Барак Обама “ал-Кайиданын” биротоло жеңилээрине аз калганын, козголоңчуларга сокку урууда олуттуу жылыш бардыгын айткан эле. АКШ президентинин бул сапары учурунда эки өлкө Стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюшту.

Шаршембинин таңында Кабулда аткылашуулардан жана жанкечтинин жардыруусунан эки сакчы, беш жай тургун каза таап, он жети адам, көбүнесе студенттер жаракат алды. Ооган коопсуздук күчтөрүнүн айтымында, алар эки согушкерди жок кылышты, үчүнчүсү болсо өзүн өзү жардырып жиберүүгө үлгүрдү. Аялдардын паранжасын жамынып алган согушкерлер ооган борборунун чыгышында чет элдиктер көп токтогон конок үйдү бутага алышкан.


Жанкечтинин жардыруусунан кийин. Кабул, 2-май, 2012-жыл.
Жанкечтинин жардыруусунан кийин. Кабул, 2-май, 2012-жыл.
Бул окуянын артынан "Талибан" билдирүү таратып, кол салуу АКШ президенти Барак Обаманын Кабулга жасаган визитине жооп экендигин белгиледи.

Алар өз билдирүүсүндө ушул бейшембиден тарта бүткүл Ооганстан боюнча “жазгы чабуулдарын” баштай турганын жарыялады. Талиптердин билдирүүсүндө айтылгандай, “ал-Фарук” деген ат берилген бул чабуул “чет элдик баскынчыларды, алардын кеңешчилерин, кызматташтарын, аскерий жана чалгын жагынан жардам бергендердин баарын” бутага алууну көздөйт.

Мунун алдында Кабулда алты сааттык күтүүсүз сапар менен болгон АКШ президенти Барак Обама Баграм аба базасынан америкалыктар сыналгыны көп тиктеген кезге тушташ сүйлөгөн кезинде буларды айткан эле:

- Биз "Талибандын" күчүн майтардык. Оогандардын кубаттуу коопсуздук күчтөрүн курдук. “Ал-Кайиданын” жетекчилигин талкаладык. Анын башкы отуз лидеринин жыйырмасынын көзүн тазаладык. Мындан бир жыл мурда биздин аскерлер Ооганстандагы базадан Усама бин Ладенди жок кылган операцияны жүргүзгөн. “Ал-Кайиданы” жеңүү жана анын кайра жандануусуна мүмкүндүк бербөө боюнча мен койгон максат биз орундай ала тургандай эле чекте турат.

Барак Обаманын Кабулда алты саатка созулган сапары “ал-Кайида” лидери Усама бин Ладен Пакистанда жашырынып жүргөн жеринен жок кылынганынын туура бир жылдыгына да туш келди.

Ал өз сөзүндө "Талибанды" оогандар баштаган тынчтык сүйлөшүүлөрүнө кошулууга кайрадан үндөп, “тынчтыкты көздөй жол алардын алдында турганын”, мындан баш тарткандар Ооганстандын АКШ жана анын өнөктөштөрү колдогон кубаттуу коопсуздук күчтөрүнүн каршылыгына кабыларын эскертти.

Стратегиялык өнөктөштүк

Барак Обама президент катары Кабулга жасаган үчүнчү сапары учурунда Хамид Карзай менен Стратегиялык өнөктөштүк келишимине да кол койду.

Эки өлкөнүн экономика, коопсуздук, башкаруу чөйрөсүндөгү болочок мамилелерин камтыган келишим 2014-жылы АКШ жана НАТО аскерлери Ооганстандан чыгып кеткенден кийинки он жылдык мөөнөткө эсептелген.

Жаңы келишим Вашингтонду Ооганстанда 2014-жылдан кийин кандайдыр бир санда аскер кармоого милдеттендирбейт, бирок Обаманын айтымында, эки жагдайдан улам аскер калтыруусуна мүмкүндүк берет:

-Буга негизденип, биз оогандар менен 2014-жылдан кийин коопсуздук жаатындагы эки миссияны: террорчулукка каршы күрөштө жана машыктырууну улантууда аларга кандай колдоо керектигин биргелешип аныктайбыз. Бирок биз бул өлкөдө туруктуу базаларды курбайбыз, шаарларды жана тоолорду кайтарбайбыз. Бул ооган элинин иши болот.

Стратегиялык өнөктөштүк келишими АКШны Ооганстанга кандайдыр бир өлчөмдө каражат бөлүп турууга милдеттендирбейт. Бирок андай болсо дагы Вашингтон аскерлери чыгып кеткенден тарта дагы он жыл оогандарга каржылык колдоо убада кылыган.

Ак үйдүн билдиргенине караганда, Ооганстандын Улуттук коопсуздук күчтөрүн кармоону, машыктырууну, жабдууга жумшалуучу, ага катар өлкөгө
социалдык-экономикалык жардам көргөзүүчү каражат жыл сайын Конгресстен суралып турат.

Барак Обаманын айтымында, Ооганстанды каржылык жактан колдоо маселеси НАТОнун ушул айдын аягында Чикагодо өтүүчү саммитинде талкууланат. Саммитте ошондой эле коопсуздук үчүн жоопкерчиликти 2013-жылы оогандардын өзүнө өткөрүп берүү максаты да белгиленет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG