Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Foreign Policy: Араб мамлекеттери жоголууда


Сириядагы талкаланган Ракка шаары
Сириядагы талкаланган Ракка шаары

Эл аралык басма сөзгө баяндама (13-20-апрель).

"Араб мамлекеттеринде баш аламандык жеткен чегине жетсе да анын лидерлери бул абалды оңдоону ойлоп да койо элек" деп жазат Foreign Policy басылмасы. Палестинанын, Сириянын эли акыркы бир жылдын ичинде эле бомба чабуулдары, "Ислам мамлекети" террордук уюмунун ар кандай зомбулуктарынын айынан 18 миңден ашуун кишисинен айрылганы белгиленген макалада. Ошондой эле азыр бардык Араб өлкөлөрү чачырап, жок болуп кетүү коркунучуна кептелгени тууралуу сөз болот.

Белгилүү аналитик Хуссейин Ибиш Араб лидерлери Палестинага жан тарткан куру чакырыктарды токтотуп, Сирия, Ливия сыяктуу кан кайнаган мамлекеттерди сактап калууга умтулушу керек эле дейт. "Ислам мамлекети" уюмунун жүргүзүп жаткан кылмыштарына Иорданиянын падышасы Абдулла көз жумуп келип, качан гана иордан учкучун террорчулар өрттөп жибергенде аталган уюмду сындап чыкканы белгиленген.

1970-1980-жылдары Араб мамлекеттери Израилдин Палестинага жасаган чабуулдарына каршы биргелешип иш алып барып, аны ооздуктоого аракет кылса, 2014-жылы жай айларында болгон ушундай эле чабуулдарды Сауд Арабиясы менен Египет көрмөксөнгө салганы аз келгенсип, тымызын колдогону айтылат. Америкалыктар да мындайча көрмөксөнгө салмак эмес деп белгиленет басылмада.

Балким менин суроом туура эмес жана провокациялык маанайда болушу мүмкүн, бирок эмнеге бай, колунан баары келген Араб мамлекеттери жакын коңшуларындагы кан күйгөн абалды токтотууга умтулбайт?” – дейт макаланын автору Эрон Дэвид Миллер.

Тажикстанда кезек сакалга жетти

Тажикстандын Баш мыйзамында дин тутуу эркиндиги бар. Борбор Азиядагы диний көз караштарын Советтер Союзунун катуу режими учурунда да сактап калган өлкө болгонуна карабай, Тажикстанда акыркы эки айдын ичинде эле диний саясат радикалдуу темпте өзгөрө баштады деп жазат The Diplomat аналитикалык журналы.

Жаштардын ажылык сапарга баруусуна тыйып, хижаб кийгендерди чектеп эле тим болбой, эми тажик бийлиги сакал койгондордун сакалын күч менен кырдыра баштады.

Тажикстандык Абдулфаттох Шафиев жакында Хожентте жолунан адашып калган 38 жаштагы сакалчан адам полициядан жолду сураганда аны күч менен полиция бөлүмүнө алып барышып, сабап-кордоп, сакалын кырганын жазып чыкты. "Бул жалгыз гана окуя эмес, азыр бийлик исламды кандай максатта колдонгусу келип жатканы белгисиз" дейт The Diplomat басылмасы.

Дүйнөнүн эң чоң коркунучу эмне?

Ушундай аталыштагы макала The Telegraph гезитине жарыяланды. Бул суроого Лондондогу Падышалык колледж "Владмир Путин, "Ислам мамлекети" террордук уюму жана Кытайдын тынымсыз өнүккөн экономикасы" деген бир нече жоопту берген. Докторант Александр Кларк "Орусия менен Кытайдын азыркыдан да арбын өлкөлөргө таасирдүү болгусу келген саясаты согуш жана жаңжалдардын булагына айланып, дүйнө коопсуздугун терметет" десе, вашингтондук окумуштуу Далибор Роак "Владимир Путиндин Украинадагы агрессиясы эң чоң коркунуч" деп эсептейт. Ал эми англия профессору Харш Пэнт: “Жакынкы Чыгыш менен Путиндин өзүмбилемдигин унуткула! Кытайдын азыр дүйнөгө ээ болуу дымагынын жанында алар шоона эшпей калат”, - деп жазат.

Ошондой эле окумуштуулар дүйнөнүн коопсуздугуна өзөктүк куралдарды чыгаруу, улуттук, диний жиктелүүлөрдөн келип чыккан согуштар да коркунуч жаратып жатканын жазып чыгышты.

Кытай бийлиги өз туристтеринен тартипти талап кылат

Көчөдө заара ушатып, учактарда сапарлаштары менен төбөлөшүп, маданий мурастарды тебелеп-тепсеп, коомдук унаада бут кийимин чечип, жыттанган буту менен элди тажаткан көрүнүш Кытайда кеңири учурайт. Бирок Кытай өз атуулдарынан чет өлкөгө чыкканда тазалыкты, тартипти жана маданияттуулукту талап кылууда деп жазат China Daily гезити.

Кытай бийлиги өлкө ичиндеги атуулдарынын маданиятсыздыгынан улам келип чыккан материалдык зыянды миллиарддаган юань деп эсептөөдө. Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Цай Лейминг Йоханнесбургда сөз сүйлөп, чет өлкөгө эс алганы барган ар бир кытай туристи Кытайдын жүзү экенин, алардан өздөрүн элчилердей таза алып жүрүү талап кылынарын айткан. 2014-жылы кытайлык 100 миллион турист дүйнөнү кыдырса, 2020-жылга чейин бул сан үч эсеге көбөймөкчү.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG