Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Эрдоганды сындаган сулуу айыпталууда


Режеп Тайип Эрдоганды сындаган тариздеги ой-пикирин Мерве айым социалдык тармакка жазган.
Режеп Тайип Эрдоганды сындаган тариздеги ой-пикирин Мерве айым социалдык тармакка жазган.

Эл аралык басма сөзгө баяндама (23-февраль-2-март).

"2006-жылы "Түркия периси" наамын жеңип алган Мерве Бүйүксарач аттуу айымга Инстаграм социалдык тармагына жазган пикири үчүн “мамлекеттик кызматкердин ар-намысына шек келтирди” деген айып тагылып, 1,5 жылдан 4,5 жылга чейин кесилип кетүү алдында турат" деп жазат Hurriyet Daily басылмасы.

Мерве айым мындан эки жыл мурда “Устаттын ыры” аттуу эл арасында кеңири тараган поэмадан үзүндү келтирип, ошол кезде өкмөт башчы кызматын аркалаган Режеп Тайип Эрдоганды сындаган ой-пикирин Инстаграмга жазган. Бирок көп өтпөй эле досторунун өтүнүчү менен жазгандарын өчүрүп салган. Ошентсе да Стамбулдун Чаглаян районунун прокуратурасы ага Режеп Тайип Эрдогандын “адамдык ар-намысына шек келтирди” деген айып тагууда.

26 жаштагы Мерве Бүйүксарач азырынча сотко чакырыла элек. Бирок ал социалдык тармактардагы жеке баракчасына:

- Түркиянын өкмөт башчысын сындаган эмесмин. Жөн гана ырдан үзүндү келтиргем. Мындайды элдин баары эле кылат да. Кылмыш кылдым деп эсептебейм. Эгер сотко чакырса, жактоочум менен барып жооп бергенге даярмын, - деген комментарий жазган.

Бакиевдер Кыргызстан - Беларус ымаласына кайрадан от койду

"Беларустун борбор калаасында кыргызстандык кылмыштуу топтун лидерлеринин бири делген адамдын өлтүрүлүүсү постсоветтик эки өлкөнүн ортосуна кайрадан от койду" деп жазат Борбор Азия боюнча аналитик-журналист Крис Риклтон Euroasianet онлайн басылмасына.

“Дипломатиялык жара айрыкча 27-февралда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин расмий Минскиге кайрылуусунан кийин ырбады. Атамбаев Бакиевдерди “жаналгыч” деп атап, 2010-жылдан бери ушундай канкорлорду калкалаган Александр Лукашенкону сындады. Беларустун Тышкы иштер министрлиги мындай кайрылууга дароо жооп кайтарып, "эмоцияга алдырган, суук сөздүү кайрылууну маданияттуу өлкөнүн бир да лидери жасабайт" деди. Атамбаев Бакиевдер тууралуу сөз болгондо дипломатиялык эрежелерди көзгө илбеген адаты бар. Маселен, 2013-жылы расмий Лондонду Максим Бакиевди жаап-жашырганы үчүн “уят иш кылып жатат” деп айыптаган”, - деп жазат Риклтон.

Куран китебин тыткан киши өлүм жазасына тартылат

The Independent гезити Сауд Арабиясында 20 жаштагы абакта отурган жигит Куран китебин тытып, аны бут кийими менен чапкылаган видеосун интернетке чыгарып, шарият соту тарабынан ага өлүм жазасы берилгенин кабарлайт. Исламдын шарттарына каршы чыкканы үчүн эми бул кишинин башы эл алдында алына турган болду. Human Rights Watch уюму Сауд Арабиянын бийлигин адам укугун одоно бузууда деп сындоодо. Жыл башында эле бирмалык Лайла Бинт Абдул Мутталиб Басим аттуу аял өгөй кызын сабап өлтүргөнү үчүн эл алдында башы алынган эле.

Ньюйорктуктар котормочусуз сүйлөшө албай калды

"Нью-Йорк шаарынын ар бир үчүнчү тургуну англис тилин билбейт, андыктан шаар башчылары котормочуларды ишке чакырууда деп кабарлайт" La Stampa гезити. Анткени шаар тургундарынын 40% мигранттар. Жергиликтүү соттук териштирүүлөрдө алардын көбү англисче билбегенден улам адвокаттар да азап тартышууда. Ушундан улам шаар бийлиги кошумча котормочуларды ишке алып, бул багытта каржыны көбөйтүүнү пландоодо.

"Шаарда жашаган 8 миллион адамдын 37% чет өлкөдөн келгендер. 1970-жылы бул көрсөткүч 18% эле. Мигранттардын көпчүлүгүн Кытай, Мексика, Эквадор, Доминик Республикасынан келгендер түзөт. Алардын 2 миллиону англисче таптакыр сүйлөй албайт дейт La Stampa.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG