Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Американы мусулмандар ачканбы?


Эрдогандын: “Америкага Кристофер Колумбдан мурда мусулмандар барган”, - деп айтканы талкууга алынган башкы тема болду.
Эрдогандын: “Америкага Кристофер Колумбдан мурда мусулмандар барган”, - деп айтканы талкууга алынган башкы тема болду.

Эл аралык басма сөзгө баяндама. (17-23-ноябрь)

Узаган аптадагы дүйнөлүк басма сөздө талкууга алынган башкы тема Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын Латын Америкасындагы мусулман лидерлердин саммитинде: “Америкага Кристофер Колумбдан мурда эле мусулмандар барган”, - деп айтканы болгонун The Washington Post жазды.

Эрдоган саммитте “тарыхка объективдүү карап, Жакынкы Чыгыш менен исламдын илимге, маданиятка тийгизген таасирин унутпасак. Президент катары мен өз өлкөмдүн цивилизациясы башкалардан артта калган дегенди моюндагым келбейт. Мусулмандар Америкага Колумбдан биринчи келгени тууралуу тарыхый далилдер бар”, - деген эле.

Hurriyet Daily News гезити "Эрдоган бул сөзү менен түрк билим институттарынын ислам илимине кошкон салымын белгилегиси келди" деп жазат. Буга гезит Франкфурттагы Гёте университетинин ислам илимдери боюнча профессору Фуат Сезгиндин Европа окумуштууларына чейин эле 1420-жылдары Кытай кемелери менен мусулмандар Америка материгине барып, мечит курганы тууралуу жазган макаласын мисал келтирет.

Жакынкы Чыгыштын саясатын анализдеген Al Monitor басылмасына чыккан “Эрдоган тарыхты кайра жазып, саясий эсебин жапкысы келет” аттуу макаланын автору Пынар Тримблей:

"Алгач Эрдоган муну айтканда тамашалап жатабы деп ойлогом. Жыйында отургандардын көбү жылмайып, кол чаап жатышса, айрымдары мурчуя баштаганын көрүп, Эрдоган тамашалабай эле, чын айтканын түшүндүм. Кээ бир журналдар анын бул сөзүн дароо илип алып, келекелешти. Алардын биринде атактуу Мона Лиза портретинин артына мечиттер түшүрүлгөн карикатура башкы тема болду. Ал эми Испаниянын El Pais басылмасынын ачууланган бир окурманы: “Эрдоган “Дон Кихотту” мусулмандар жазды деп чыкса деле таң калбайт окшойм”, - дейт. АК партиядагылар лидеринин бул айтканын далилдөө үчүн дароо тарыхты казып, Кытай кемелери Колумбдан мурда Америкага барганы тууралуу жазууларды тапканга жетишти”, - деп жазат.

Кыргызстан Бажы биримдиги дилеммасына такалды

Борбор Азиядагы эң ири "Дордой" базары
Борбор Азиядагы эң ири "Дордой" базары

Британиянын Financial Times журналына Гэвин Боурингдин “Кыргызстан Орусия башында турган Бажы биримдигине кирүү дилеммасына такалды” аттуу макаласы чыкты. Анда автор: “Бишкекте Кытайдын кеңири масштабдагы арзан товарын, текстилин кайра саткан Азиядагы эң ири базар бар. Казакстандын тажрыйбасынан улам Кыргызстан да Бажы биримдигине киргенден кийин арзанчылык доор бүтөт деп кооптонгондор арбын. Маселен, Казакстан менен Кытайдын ортосундагы товар ташуу баасы азыркы тапта ар бир машинеге 80 миңден 100 миң долларга чейин болсо, Кыргызстанга 12 миң доллар болуп, салыштырмалуу арзан болууда. 2015-жылы бул сумма ар бир машине үчүн 65 миңден 100 миң долларга чейин чыгат дешүүдө эксперттер. "Дордой" акыркы беш жылдын ичинде укмуштай кеңейген. Мунун көбү Кыргызстанда өндүрүлгөн жеңил өнөр жай товарларынын коңшу мамлекеттерге арзан сатылуусунан улам болгон. Эми ушул жеңил өнөр жай тармагын да Бажы биримдиги менен кошо оорчулук күтөт деп кооптонгондор арбын”, - деп жазган.

Ушул багыттагы “Кыргызстанды Орусия 1,5 миллиард долларга сатып алат” аттуу макала Gazeta.ru интернет басылмасына да чыкты. Анда: “Кыргызстан Бажы биримдигине кыйналбай кириш үчүн орус бийлиги 1,5 миллиард доллар бергени турат. Мунун Орусия үчүн экономикалык эч кандай пайдасы деле жок, бирок геосаясатта Борбор Азияны көзөмөлдөө боюнча чоң көзүр болмокчу”, - дейт автор Рустем Фаляхов.

Орусия таланттарынан айрылууда

Орусия таланттуу адистер кызыккан өлкө болбой баратат деп жазат "Коммерсант" гезити. World Talent Ranking аттуу изилдөө институтунун маалыматы боюнча, 60 өлкөнүн ичинен таланттууларды өзүнө тартуу боюнча Орусия 53-орунга илинген. Биринчи орунда Швейцария турса, акыркы сапта Колумбия менен Аргентина бар.

Гитлер тарткан сүрөт сатылды

Newsweek журналы Адольф Гитлер тарткан пейзаж 161 миң долларга бааланып, сатылганын кабарлады. "Атактуу диктатор болгуча Гитлер сүрөтчү болсом деп кыялданчу. 1914-жылдары Вена шаарында тартылган сүрөттү Жакынкы Чыгыштан ысымы айтылбаган адам сатып алды. 1908-жылы Венада жашап жүргөндө Гитлер сүрөт искусствосу академиясында да окуган. Аукцион үйүнүн жетекчиси Кэтрин Вейдлердин айтымында, 161 миң доллардык суу бойок менен тартылган шаардын пейзажында өтө деле өзгөчөлөнгөн элементтер жок" деп жазат Newsweek.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG