Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

“Мисс Гитлер - 2014” сынагы


“Мисс Гитлер - 2014” сулуулук конкурсу
“Мисс Гитлер - 2014” сулуулук конкурсу

13-19-октябрда жарык көргөн эл аралык басма сөзгө баяндама.

Батыштын басылмалары узаган аптада Орусия менен Украинанын социалдык тармактарында өткөрүлүп жаткан “Мисс Гитлер - 2014” сулуулук конкурсун кызуу талкуулашты. Маселен Британиянын The Telegraph басылмасы бул конкурсту “коркунучтуу” деп сүрөттөдү. Интернеттеги ВКонтакте социалдык тармагында өтүп жаткан бул сынактын негизги шарттары - сүрөт жүктөө, улутчул болуу, жөөттөрдү жек көргөн аял болуу, ВКонтакте веб-сайтындагы “Адольф Гитлер” тобуна кирүү, башка нацисттерге өз сүрөтүн “жактыртуу”. "Конкурс жарыяланар замат эле ага 14 кыз сүрөтүн жүктөп ийди" деп кабарлайт The Telegraph. Израилде чыккан Haaretz басылмасы да бул сынак тууралуу мындайча маалымат берди: “Антисемиттик сулуулар сынагы орусча веб-сайтта болуп жатат. Сынакта алдыңкы сапта келе жаткан белорусиялык Катя Шкредова Гитлерди идеал тутуп, анын философиясын колдоорун билдирди. Гитлерди колдогон чакырыктарды сынакка катышкан дээрлик бардык кыздар жасоодо. Жеңип чыккандарга нацисттик белгилер түшүрүлгөн зер буюмдар берилет”.

Горбачев: “Кансыз согуш кайра башталат”

Михаил Горбачев: "Батыш өлкө башчылары менен Владимир Путиндин тирешүүсү ушул бойдон уланса жаңы кансыз согуш чыгышы ыктымал".
Михаил Горбачев: "Батыш өлкө башчылары менен Владимир Путиндин тирешүүсү ушул бойдон уланса жаңы кансыз согуш чыгышы ыктымал".

Советтер Союзунун акыркы лидери Михаил Горбачев батыш өлкө башчылары менен Владимир Путиндин тирешүүсү ушул бойдон уланса, жаңы кансыз согуш чыгышы ыктымал деген оюн айтты Российская газета басылмасына. Жаңы эле ооруканадан чыкканына карабай, гезитке интервью берген Горбачев Советтер Союзунун акыркы мезгили тууралуу өз оюн да кеңири билдирди. Ал мурдагы кансыз согуштун бүтүшүндө СССРдин кулоосунун чоң таасири бар деп эсептейт. Горбачевдун бул маегин Америкада чыккан Newsweek журналы комментарийлери менен кайра басып чыкты. Горбачев: “Батыш менен Кремл Украина, экономикалык санкциялар сыяктуу нерселер менен тирешип, бөлүнгөндүн ордуна кыйынчылыктардан чыгуунун орток жолун издесе болмок. Дүйнө азыр эбола вирусу, "Ислам мамлекети" сыяктуу коркунучтарга толгон. Мына ушулардан арылуунун жолу оңой эмес. 1989-жылдагы СССРдин кулоосу жана Берлин дубалынын бузулуусу учурундагыдай эле Батыш менен Орусия тил табышып кете алат. Бирок албетте, бул оңой эмес”, - деди. Newsweek журналы Горбачев Украина кризиси башталгандан бери эч кандай ой-пикир билдирбей келгенин, Орусияда аны көптөр сыйлабаса да, Батыштын кадыр-баркына ээ болуп, алтургай демократиялык реформалары үчүн тынчтык боюнча Нобель сыйлыгын алганын жазды.

Дүйнөдөгү эң ылдам поезд каттамы

The Wall Street Journal басылмасы Жапония дүйнөдөгү эң ылдам поездди чыгарып жатканын кабарлады. "Бул багытта атайын мамлекеттик долбоор иштелип чыгып, саатына 300 чакырым аралык ылдамдыкта жүрүүчү Токиодон Нагоя шаарына бара турган поездди куруу иши башталды" дейт аталган гезит. Жаңы магниттик технология менен курула турган поезддин рельси жүрүп бара жатканда жерге тийбей, бир нече сантиметр өйдө болуп турат. Мындай ыкма Шанхайдагы темир жолдордо жана Германияда да бир нече ирет сыналган. Долбоор 2027-жылга чейин бүтөөрү күтүлүүдө. Баасы болжол менен 50 миллиард доллар болмокчу.

"Китеп туткуну"

"Америкалык туристтин Лондондогу “Waterstones” китеп дүкөнүнүн ичинде кечкисин камалып калганы Твиттердеги кызыктуу окуялардын бири болду" деп жазат Evening Standard гезити. Аталган китеп дүкөн кечки саат тогузда жабылгандан кийин Техастан Лондонго барган Дэвид Уиллисти кызматкерлер көрбөй калып, ал ичинде калып кеткен. Ал Waterstones дүкөнүнүн Твиттер баракчасына камалып калганын кабарлары менен миңдеген твиттерчилердин кызыгуусун жаратты. Би-Би-Си радиосунун журналисти Жереми Вайн: “Жардам баратат, чыда, досум”, - десе, журналист Гэби Хинслифф: “Уйкум келген эле. Бирок китеп дүкөндөгү туткун чыккыча кантип уктайм? Дүкөнчүлөр ага китеп белек кылышса экен”, - деп жазган. Твиттерде “китеп туткуну” деген лакап алган Дэвид Уиллис эки сааттан кийин гана эркиндикке чыкты деп кабарлайт Evening Standard.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG