Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Украин кризисин токтотуунун аргасы


Президент Путин, канцлер Меркел, президент Порошенко биринчи жолу Нормандияда кезиккен. 6-июнь, 2014
Президент Путин, канцлер Меркел, президент Порошенко биринчи жолу Нормандияда кезиккен. 6-июнь, 2014

Германиянын канцлери Ангела Меркел 23-августта Киевге барат. Анда украин-орус кризисинен чыгуунун жолу талкууланат деп болжолдонууда.

Туңгуюктан чыгуу жолун табууга Кремл канчалык көңүлдөнүп тургандыгы жөнүндө түрдүү божомолдор айтылууда.

Украинадагы жаңжал качан басыларын азыр эч ким айта албайт. Ушул дем алыш күндөрү Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Киевге сапары украин-орус кризисине акыры чекит коюп, Донбасстагы кандуу кармашты токтотот деген үмүт жаралууда. Эксперттер буга негиз берген беш факторду белгилешет:

Германиянын таасири

Буга чейин Украинага бир катар Батыш лидерлери, анын ичинде Канаданын премьер-министри Стефен Харпер, АКШнын вице-президенти Жо Байден, НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен келип кетишти. Алар канчалык жакшы ниет менен Киевге барса дагы натыйжа чыккан жок. Эми Европада эң чоң экономикасы бар, Евробиримдиктин тышкы саясатында сөзү өтүмдүү Германиянын канцлери, өзү Чыгыш Германияда өсүп-чоңойгон, президент Путин менен кызматтык алакасы жакшы Ангела Меркелдин ролу башкалардан өзгөчө, андыктан кризисти жөндөөгө таасири дагы өтүмдүү деп бааланууда.

Украин президенти Петро Порошенконун чакыруусу менен Киевге аттанган Германиянын лидери компромисске жагымдуу жагдай түзчүдөй. Меркел 18-августта Ригада туруп Батыш – Чыгыш кызыкчылыктарын баланстоо, эгер Орусия Балтика өлкөлөрү менен Польшага агрессия жасаса НАТОнун жообу, ошол эле маалда аскерий союздун күчтөрү ал аймакта туруктуу жайгашпайт деген сыяктуу суроолорго кылдат жооп берди.

Independent гезити боолгологон планга караганда, эл аралык коомчулук Крымдын Орусияга өткөнүн расмий тааныйт, ал үчүн Кремл Донбасстагы жикчилдерди колдоону токтотот, газ боюнча узак мөөнөттүк келишим түзүлөт, ага Крымды жоготкондогу чыгымдар менен Кара Деңиздеги аскер флотунун ижара акысы кошулат. Мындай келишимден кийин Москва Украинанын Европага интеграциясына тоскоолдугун токтотот. Ага жооп катары Киев НАТОго мүчө болбойт. Бирок мындай маалыматтын тактыгына азырынча кепилдик берүү кыйын.

Тарыхтын мээрими

Меркелдин Украинага сапары эки тарыхый окуяга дал келүүдө. 23-августа Советтер Союзу Балтика өлкөлөрү менен Румыния, Польша жана Финляндиянын бөлүктөрүн аннексиялаган Молотов-Риббентроп келишиминин кол коюлганына 75 жыл толот.

Анын эртеси Украина төбөлсүздүгүнүн 23 жылдыгын белгилейт. Киевдеги салтка айланган аскерий парад быйыл өзгөчө салтанат менен коштолот.

Албетте, тарыхый окуялардын дал келиши туңгуюктан чыгууга кепилдик бере албайт, ошентсе дагы Кремл үчүн бул кризистен кийин тарыхтан татыктуу орун алуу маанилүү.

Порошенко менен Путин бетме-бет жолугат

Эки президент буга чейин июнь айында Нормандияда жолуккан. Анда салкын учурашып, учкай сүйлөшкөн эки лидердин жанында Меркел турган. 26-августта тирешкен эки мамлекеттин башчылары Минск шаарында жолугат, ага дагы Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесин тейлеген Кэтрин Эштон, Беларустун президенти Александр Лукашенко менен Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев катышат.

Жолугушууга барчу бардык тараптар күн тартибинде энергетика, гуманитардык жардам жана “саясий маселелер” караларын тастыктаса дагы Порошенко менен Путин бетме-бет отуруп сүйлөшөт деп азыр айтуу эрте.

Аскерий күчтөр чыгарылат

Эгерде Украина бийликтери кризистен чыгуунун оптималдуу жолун тандаса, аскерий күчтөргө караганда дипломатиянын таасири артык болчудай. Украин армиясы апрель, май айларында аскерий операциялар башталгандан тарта эле курал-жабдыгынын начардыгын, аскерий даярдыгынын алсыздыгын көрсөттү.

Москвадан курал-жабдык жагынан колдоо алат деп шектелген орусиячыл жикчилдер Донбассты бат эле ээлеп, Орусияда туулуп-өскөн, Приднестровье менен Абхазиядан согуштук тажрыйба топтогон офицер облусту башкарып калды. Аймактагы эки чоң шаар Донецк менен Луганск бир заматта жикчилдердин карамагына өттү. Куралдуу сепаратисттер 298 кишиси бар малайзиялык учакты атып түшүрдү деп шектелүүдө. Уруш башталгандан бери эки миңден ашуун карапайым адамдар менен аскерлердин өмүрү кыйылды. Андыктан жикчилдер тез арада чыгып кетсе дагы Киевдин колунда талкаланган, кайгы-муңга баткан аймак калат.

Орусия Украинадан колун тартууга кызыкдар

Башында Москванын Украинадагы өнөктүгү ийгиликтүү көрүнүп, Крымды кошуп алганы – тарыхый адилеттүүлүк катары даңкталган. Бирок куралдуу жаңжалдын башталышы Москванын бул демин сууткандай эле болду. Буга кошумча малайзиялык “Боинг – 777” учагынын атып түшүрүлгөнү, ага удаа киргизилген экономикалык санкция Кремлге финансылык түйшүк тарттырды. Евробиримдик менен АКШнын санкциялары Кремлдин капчыктуу аткаминерлерине багытталса, Путиндин Батыштан тамак-аш ташууга тыюу салганынын запкысы орусиялыктарга тийүүдө. Өз өлкөсүндөгү ички нааразылыкты күчөтпөөнү ойлогон Путин Украинадан чыгып кетүүгө макул экенинен белги берип, жикчилдердин москвалык лидерлерин артка чакыртты.

Өткөн аптада Крымда туруп президент Путин жарым арал тарыхый жактан Орусиянын аймагына киргенин дагы кайталады. Алдыдагы күндөрү өтчү жолугушууларда украин-орус кризисин чечүүнүн кандай жолдору сунушталат белгисиз. Кандай болсо дагы Путин үчүн Москвага жеңүүчү катары кайтып баруу өтө маанилүү.

XS
SM
MD
LG