Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

"ИМ" тобунун жүрөктүн үшүн алган тасмасы


Өспүрүм согушкер Орусиянын тыңчылары делген эки кишини атып өлтүрүүдө. Сүрөт “ИМ” экстремисттик тобунун тасмасынан алынды.
Өспүрүм согушкер Орусиянын тыңчылары делген эки кишини атып өлтүрүүдө. Сүрөт “ИМ” экстремисттик тобунун тасмасынан алынды.

Социалдык тармактарда 13-январда бешиктен эми бели чыккан согушкер бала «орус тыңчылары» делген эки кишини атып өлтүргөнү тартылган тасма жарыяланды. Ал "Ислам мамлекети" уюшмасы мурда тараткан тасмадагы машыгып жаткан казак балакайлардын бири деп болжолдонууда.

Жети жарым мүнөттүк тасманы "Ислам мамлекети" уюшмасынын үгүт-насаат канаты болгон "Ал-Хаят" медиа тобу «Ичтен чыккан душмандын бети ачылганда» деген аталышта орус тилинде англис жана араб субтитрлери менен жарыялады.

Тасмада "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна кастарын тиккендер «тыңчыларын жиберип, "Ислам мамлекетинде" төңкөрүш уюштургулары келген» деп айтылат. Тасманын башталышында эки киши «Орусиянын коопсуздук кызматтары тарабынан» жиберилгендигин «мойнуна» алышат.

Биринчи киши өзүн Казакстандын Жамбыл облусунда тууган Жанболат Мамаев деген Орусиянын Федералдык Коопсуздук Кызматы - ФСБнин тыңчысы деп тааныштырат. Бирок элейип, коркконуна караганда, күнөөнү аргасыз өзүнө алгандыгын болжолдоого болот.

Мамаев ошондой эле "Ислам мамлекетиндеги" орус тилдүү согушкерлер тууралуу жана башка маалыматтарды чогултуу үчүн Сирияга жиберилгенин, ФСБ ага акы төлөмөк экендигин айтат.

"Одноклассники" сайтындагы Жанболот Мамаев деген адамдын сүрөтү (качан тартылганы белгисиз)
"Одноклассники" сайтындагы Жанболот Мамаев деген адамдын сүрөтү (качан тартылганы белгисиз)

"Азаттыктын" казак кызматынын билдиришинче, Жанболат Мамаев түбү Жамбыл облусунун Мерке районундагы Ой-Тал айылынан болгон. Кийин үй-бүлөсү менен Орусиянын карамагындагы Карачай-Черкес жумуриятына көчүп кеткен. Аны менен 1991-92-жылдары бирге окуган Мухаметжан Музарапов «Ал биздин мектепте 20 жыл мурда окуп кеткен, бизге коңшу болчу, ал кезде биз кичинекей элек. Анан алар көчүп кетишкен деп "Азаттыкка" билдирди.

Экстремисттик уюм таркаткан видеодогу Жанболат Мамаевге түспөлдөш адамдын сүрөтү «Вконтакте» сайтында Амина Мамаева деп катталган колдонуучунун барагында жүрөт. Көбүнчө диний мазмундагы материалдарды жарыялаган Амина Мамаева деген колдонуучу менен «Азаттыктын» казак кызматы электрондук чат аркылуу сүйлөшкөндө «ал ФСБнын тыңчысы эмес болчу. Шаарда такси айдачу. Аялы жана бир туугандары бар» деген жооп келген. Карачай-Черкес жумуриятындагы Карачаевск шаарында жашайм деген Амина Мамаева «Жанболат Мамаевдин өлтүрүлгөнү» жөнүндө видеону бүгүн көргөнүн кошумчалаган. Ал эми Жанболат Сирияга качан кеткенин айтуудан баш тартты.

"Азаттыктын" маалыматы боюнча 1976-жылы туулган Жанболат Мамаев келерки жылы 40ка чыкмак.

Видео тасмадагы экинчи туткун өзүн Сергей Ашимов деп тааныштырат. Сырткы келбетине караганда улуту орус. Ал да Мамаев сыңары коркуп, бирөөнүн сөзүн кайталап жаткандай сүйлөйт. "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлерин алардын тилине салып, «бурадарлар» деп атайт. Жашы 30да экенин айтып, Сирияда ФСБнын кызыкчылыгына «мусулмандарга каршы» иштегенин мойнуна алат. Сөзүнө караганда ага Сирияда согушуп жаткан согушкерлер тууралуу маалымат топтоп, ошондой эле "Ислам мамлекети" уюшмасынын башчысы кайда экендигин аныктоо милдети тагылган.

Бул экөөнү аткан бала болсо өткөн жылы ноябрда "Ислам мамлекети" тобу тарабынан жарыяланган видео тасмадагы казак өспүрүмдөрдүн бирине түспөлдөш экендиги байкалат. Жашы ашып кетсе 7-8дерде. Ал жолку тасмада казак балакайлар колдоруна курал кармап, Сирияда согуштук жана идеологиялык машыгуудан өтүп жаткандыгы көрсөтүлгөн эле.

Азыркы тасмада экөөнү атаардан мурда өспүрүм бала «Каапырлар, силерди мен өлтүрөм» деп айтат. Экөөнү аткандан кийин мылтыгын өйдө көтөрүп, камерага карап жылмаят. Видеонун алып баруучусу эки киши «мына ушул бармактай можахеддин таманы астында шылдың болду» дейт.

Солдо: эки эркекти атып салган өспүрүм согушкер; оңдо: өлтүрүүнү жетектеген согушкер. “ИМ” экстремисттик тобунун тасмасынан алынды.
Солдо: эки эркекти атып салган өспүрүм согушкер; оңдо: өлтүрүүнү жетектеген согушкер. “ИМ” экстремисттик тобунун тасмасынан алынды.

Тасма ачыкка чыккандан кийин Орусиянын Сириядагы элчилиги «тасма тууралуу маалыматы жок» экендиги айтылган билдирүү таркатты. Ал эми ФСБ комментарий берүүдөн баш тартты.

Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматы үрөй учурган видеону иликтеп жатканын билдирип, азырынча түшүндүрмө берген жок.

Соңку видеодон эки күн мурда "Ислам мамлекети" социалдык медиада жанкечти деп мүнөздөлгөн баланын сүрөттөрүн жарыялаган эле. "Ислам мамлекетин" жактыргандардын Твиттер маалыматтарында жана Орусиянын "ВКонтакте" сайтында бул бала Ирактын Салахадин дубанында жүк ташыган машинаны жардыруу менен өз жанын өзү кыйгандыгы айтылды.

Бул маалыматтарда аталган бала ондогон шийи мусулмандарын жок кылды деп ырасталат. Айрым сүрөттөрдө аны жүк ташыган машинанын рулунда курал жана граната кармап отурганын көрсө болот.

Сүрөттөрдүн айрымдарынын астында «Мусулмандардын энеси Айшанын өч алуусу» деп жазылган эле. Айша Мухаммед пайгамбардын үчүнчү аялы болгон. Суни мусулмандары Айшаны аздектесе, шийи мусулмандары аны кыртышы сүйбөйт.

XS
SM
MD
LG