Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Иран: сүйлөшүүнүн cоңку күнү


Ирандык журналист Лозаннадагы мейманкананын короосундагы шахмат аянтчасында, 30-март, 2015-жыл
Ирандык журналист Лозаннадагы мейманкананын короосундагы шахмат аянтчасында, 30-март, 2015-жыл

Тегерандын атомдук программасы боюнча Швейцариянын Лозанна шаарында өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдө азырынча мунаса табыла элек. Дүйнөлүк державалар атомдук программасы кыскартылса, Иранга каршы киргизилген эл аралык санкциялардын айрымдары алынып салынаарына убада кылып келатышат. Тараптар келишимдин негизги пункттарын марттын аягына чейин белгилеп, ал эми негизги документ 30-июнга чейин даяр болушу керек деп макулдашышкан.

Шейшембиде Лозаннада Британия, Кытай, Франция, АКШ жана Германиянын тышкы иштер мекеме жетекчилери кездешти. Бул жолугушууга анын алдыңкы күнү Швейцариядан Москвага учуп кеткен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров катышкан жок. Бирок министр кайтып келээрин айтып, ийгиликке жетишүү мүмкүнчүлүктөрүн жогору баалады.

Ушул эле күнү башкы дипломаттар Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф менен жолугушту.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Лозанна жыйынынан майнап чыгат деп ишенээрин айтты:

- Өтө интенсивдүү эки тараптуу жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө көңүл чордонундагы негизги маселелер аныкталды. Ал маселелерди чечүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз. Ортодогу пикир келишпестиктерди азайтууга аракеттенүүдөбүз. Бардыгы өз жолу менен кетсе, бүгүн-эртең бир жыйынтыкка келээрбиз. Албетте, биз сүйлөшүүлөр жемиштүү болот деп үмүттөнөбүз.

Маалыматтарга караганда, атомдук программасы тынчтык максаттарын гана көздөгөнүн ырастап келаткан Иран уран байытуу программасын мындан ары кыскартууга көнбөй жатат. Байытылган уран ядролук куралдын негизги компоненти болуп эсептелет. Мындан тышкары санкцияларды алып салуу мөөнөтү да талашка түшүүдө.

Алты өлкө Тегеран ядролук иштерин 10 жылга токтотсун деген шарт коюшууда. Иран бийлиги болсо атомдук ишмердигине убактылуу чектөө киргизсе, санкцияларды дароо алып салууну талап кылууда.

Иран ошондой эле 10 жылдык мөөнөт өткөндөн кийин заманбап ядролук центрифугаларды иштеп чыгууга укугу болушу керек деген шарт коюуда.

Германиянын тышкы иштер министри Франк Валтер Штайнмайер “тараптар, анын ичинде Иран дагы көп аракет көрүүгө тийиш" деп комментарийледи.

Кээ бир маалыматтарга караганда, буга чейин Тегеран байытылган урандын запастарын Орусияга жөнөтүүгө макул болгон. Бирок Батыш дипломаттары эми ирандыктар ал шарттан баш тартып жатышканын айтышууда.

Ал эми АКШ Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы билдиргендей, уранды чет өлкөлөргө ташып кетүү тууралуу чечим кабыл алынган эмес жана уран байытуу процессин башка жолдор менен чектесе болот.

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи Тегеранда мамлекеттик телеканалдан сүйлөп, 31-марттын түн ортосуна, же кийинки күнгө чейин мунасага жетишүү ыктымалдыгы төмөн деп билдирди.

Ошол мөөнөткө чейин келишим түзүлбөй калса, андан ары эмне болоору азырынча белгисиз.

2013-жылдын ноябрында тараптар өткөөл келишимге жетишкенден бери сүйлөшүүлөр эки жолу узартылган.

Израил жана АКШ президентинин республикачыл оппоненттери Батыш өлкөлөрү Иран менен компромисске өтө эле умтулуп жатышат деп сындашууда.

Айрымдар Тегеран убакытты чоюп, БУУнун санкцияларына карабай, ядролук кубатын арттырып жатат дешет.

АКШнын Конгресси келишим ушу аптада даяр болбосо, Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизээрин эскерткен. Президент Обама болсо ага вето койорун айткан.

Лозаннада сүйлөшүүлөрдө мунаса табылбаса, бул консерваторлор менен Ирандагы байистүү күчтөргө да сокку болмокчу.

XS
SM
MD
LG