Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 09:08

Кыргызстан

Ош окуялары: Күбөлөрдүн көзү жана сөзү

Кыргызстанда түштүктөгү соңку окуялар боюнча аза күтүү уланууда. “Азаттык” радиосу Оштогу тополоң башталган алгачкы сааттарда эмне болгону тууралуу жаатташкан эки тараптын тең өкүлдөрүнүн ойлорун уктурууну туура көрдү.

Ош кантип түтүнгө бөлөнүп калды?
Текст көлөмү - +
Акылбек (Ош районунун тургуну): “Мен тополоң башталган 10-июндун кечинде үйдө ДВДден кино көрүп отургам. Бир эле учурда түнкү 12:30дарга жакын мечиттен азан айтылып калды. Акыркы куптан намазы өтө эле кечикти дегенде саат 10дордо окулат, ошондуктан буга таң калдым. Андан ары өзбектер чогулуп, ызы-чууга түшүштү, шаардагы эки ири мечитке чогулууга чакырыктар айтылганын уктум. Анан түнкү саат бирлерде асманга салют атылды, шаарда фейерверктер жанды. Адамдар чуулдап кыйкырышкандары угулду, чабуул кое башташты. Менин бир агам өзбектердин районунда жашачу. Мен ага муну эскертейин деп, телефон чалдым. Ал: “Иним, биз уктай албай жатабыз. Биз жакта өзбектер көчөдө “Буродарлар, туриңлар!” деп кыйкырып жатышат. Бул жакта өзбектер ызы-чуу салып, тополоң башташты. Мен балдарымды тез арада айылдан башка жакка алып чыгып кетпесем, аларга коркунуч бар”, - деди. ХБКда Барпы атындагы мектеп бар. Ал ошол мектептин жанындагы жаңы курулган үйлөрдүн биринде жашачу. Андан ары Ош районундагы Жийдалик, Ешлар деген көчөдөн, “Сулайман-Ата” базары тараптан өзбектер келип, районду ээлеп калышты. Борбордогу кийим базарына чогулуп, музыка коюп, кыйкырып башташты. Бул жөнүндө мага ошол жерге жакын үйлөрдө жашаган карындашым айтты. Алар үн күчөткүчтөр менен сүйлөп: “Кыргыздар, башыңарды терезеден чыгарбагыла! Өлтүрүп салабыз!”, - деп кыйкырышкан экен”.

Гүлчехра (Ош районунун тургуну): “Мен ошол окуялар башталган түнү Ош районундагы атамдын үйүндө болчумун. Түнкү 12:00 чамасында көчөгө 200-300дөй жаш жигиттердин тобу чыгып: “Максим!, Максим!”, - деп кыйкырып жатышты. Ал жерде “семиэтажка” деген үй бар. Ошол аймактагы машинелерди, “Мухорам” деген дүкөндү өрттөштү. Ошонун жанында кыргыздардын “Мээрим” деген ресторанына тийишкен жок. “Мухорам” күнү-түнү иштеген азык-түлүк дүкөнү болчу. Анын айнек-терезелерин бир паста сындырып, өзбек балдарды өлтүрүүгө өтүштү. Курсактарына темир сайып, канын бетине шыбап жатышты. Түндө биз алардын бетине кан сүйкөп жатканын кайдан көрдүк? Ал жерде чоң-чоң машинелердин фараларын күйгүзүп коюшкан эле. Ошондон көрдүк”.

Дагы бир өзбек аксакалы окуя кантип башталганын 11-июнда түштөн кийин мындайча сүрөттөдү: “Кечээ кечинде саат 9:30дарда төрт өзбек менен кыргыз жаштары уруша кетишкен. Ошонун айынан чыккан улуттар аралык жаңжал азыр да уланып жатат. Шаарда өзбектерге тиешелүү көптөгөн мүлктөр өрттөлдү. Өлгөндөр бар, жаракат алгандар бар. Азыркы убактылуу өкмөт абалды толугу менен көзөмөлгө ала албай жатат”.

Турат, 20 жашта: “Менин оюмча, бул окуялар баары Кадыржан Батыровдун провокациясы менен болгон Жалал-Абаддагы уруштан башталды. Ал окуялардан кийин Оштогу өзбектер махалла-махалла болуп, чогула башташкан. “Эмнеге чогулуп жатасыңар?”, - десек, “Биз өзүбүздү коргошубуз керек”, - деп, өткөн-кеткен машинелерди токтотуп, айрым жерлерде кыргыздарды урушкан. Ал деле ошол бойдон токтоп калган эле. Кийин алар кайра чогулуп, Конституцияны талкуулап, мечиттерде жабык жыйындарын өткөрө башташты. Азыр биз Ак-Тилек айылынын үстүндөгү өзбек махалласына барып келдик. Ал жактан өзбектер там-жайларын таштап, качып кетишкен. Үйлөрдө куралдардан калган толтура ок, узун таяктардын учтарына байланган бычактар жатат. Булар алдын ала даярданганы билинип турат. Бир да кыргыз мындай уруш чыгып кетет деп күткөн эмес. Окуя башталган учурда түнкү 12:00 чамасында шаар боюнча асманга салюттар атылган. Ошондо алар чабуулду башташты. Кыргыздардын үч ресторанын да ошол түнү өрттөп жиберишти. Жатакана-мейманкаларга чабуул коюп, кыздарды зордукташкан. Анан эртеси күнү биз аларга чабуулга чыктык”.

(Күбөлөрдүн ысымдары өзгөртүлгөн - ред.)
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
21.06.2010 12:12
Жогорудагы "машинанын жанып турган фарынын жардамында озбектин канын кыргыз бетине сыйпап жатканын" аныктай коро билген кандай Гулчатай болду экен э? Ушул создорду АТЫ УЛУК АЗАТТЫК неге фильтрден откорбоду экен????!!!!!!!!!!!! кандай акмактын башына сыйды ошол создор? кантип эле дукон ичинде озбектин олуп жатканын этажда уйдун ичинде туруп алып коруп оёт экен? жарыкка чыгарат десе чыгара берет экен да э!?

кимден: Aсатилла каяктан: австрия
20.06.2010 18:35
Мен толугу менен Бекешке кошуламын. Мамлекеттин коопсуздугун сактоо агентствосунун (СНБ )негизги милдети. эл ичинде эмне соз эмнеге даярдык болуп жатат .аны билип ага каршы чара коруу .тийиштуу органдарга жеткируу керек болчу.

кимден: кыргыз кызы каяктан: Жалал-Абад
20.06.2010 18:11
Ош жана Жалал-Абад окуясы бардык кыргыз жана озбек эли учун журок ооруткан, журокко так калтырган окуя. УО бириккилечи. А.Бекназаровду бир курстан откоруп, анан телеге чыгаргылачы. Бир тоодон тушкон жапайы адамдай суйлойт. Лидер деп озун сезсе биринчи ирет озун оносунчу. Суйлоо речи, журуш турушу, суйлоо этикасына ээ болсунчу.
Урматту Роза айым эрдик кылып, колунузга Кыргызстандын тагдырын алдыныз. Ошко келип кеткениниз да, Сиз учун эрдик. Аял катары. Бирок жан жоокорлорунуз ит болуп жатат. Адам катары чындыкты айтып, эл учун куйгулочу.Референдумду батыраак откоруп укуктук талаага келеличи Кыргыздар мамлекетибиздин тагдыры менен ойнобогулачы. Мен Жалал-Абадда жашайм, 6 кундон бери туну уктабай, кундузу уктайбыз. Бул эмне деген жашоо??? Оз жеринде коркуп жашоо кантип болсун. Бакиевдердин укум тукумуна кетсин каргыш. Акаевдин гумандуу экени далилденди. Бир кресло учун канча элдин канын токту. УО бийликти колунарга алгандан кийин чечкиндуу кадамга баргыла! Чечим кабыл алгыла Жалал-Абад жана Ош шаарынын тургундарынын уйлорун карап, курал-жарактарды откоруп алууга декретинердиби же дагы бирдеменерди чыгаргыла. Тынч жашагыбыз келет. Апрель айынан бери тынч жашоо жок. 5жашар бала да согуш буттубу деп сурап жатат.т Озбек туугандардан, бизден да кетти куноо. Ар бир мамлекеттин титулдук улутунун артыкчылыгын сезе тургандай мамлекет жетекчилери болуш керек. Озубузбузду озубуз тоноп, тонкоруштон башыбыз чыкпай жатса ушуинтип башкалар бизди олтурот да. УО кадр тандоодон жанылбагыла озгочо СНБ, ИИМ кызматкерлерин! Жашагым келет оз олкомдо эркин!

кимден: Нази каяктан: Бишкек
19.06.2010 19:54
Ыйык жазууда "Жер-жерлерде уруш, согуш болот, жер титироо, ар кандай алааматтар болот. Ошондо уройун учпасын, коркпо. Ошол нерселер болуп жатканда, акыр замандын босогодо турганын эсинден чыгарба"-деп жазылып турат. Ошонун баары болуп жатат. Значит........

кимден: Нази каяктан: Бишкек
19.06.2010 19:50
Кудайга жагаарлык иш эмес. Акыр заман аз калды, ар бирибиз Кудай алдына келип, тизе буго турган кун келди. Тобо кылалы эл журт. Дагы да болсо убакыт бар.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
19.06.2010 11:14
оштогу оштв мезонтв ддд жана керемет твларын жаап салуу керек. чатактын баары ушул твлардан башталган. ачык эле озбектердин лидер болумуштары телевидениеден чыгышып биздин эл 50-50 деп ультимтум койо башташкан. акырындап отуруп биздин саясатчылардын 2 жуздуулугунон ушул нерселер болуп жатат

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
18.06.2010 21:08
Тарых кайталанып келет, балким дагы кайталанышы мумкун. Мени тан калтырганы Америкада 2-3 кылымда элдер асемилиляция (аралашып) кетип улут жок, а бизде эчен кылым бою сыртынан кулуп ичинен бирин - бири жаман коруп келе жаткан эки улут факт, Ош шаарында 8 жыл жашадым, Эки улут ортосунда жек коруу-улутчул мамиле (корунуш) бар, егер биз уруу-уруу болуп болунуп жатсак кантип эки улут озунун ким экенин билдире албайт, бул жашоонун мыйзамдуу корунушу. Аны жашырууга болбойт. Тил маселеси, айрыкча орус тилине берилген озгочо статус,Конституциялык реформа, сырткы чон олколордун саясатына кам коруу, Эски бийлике чымын олгонун да УОтун танулоосу бул туура эмес (чатакташтыруу) корунуштор болчу ! Батыровго окшогон улутчулдар жана чагымчылдар коп ! Кыргыз эли жана озбек эли ички дуйносундо бири-бирине эч качан симпатиясы болгон эмес. Негиз: эки эл, эки менталитет, эки салт, эки тил ! Ал эми ушул тополондон саясий упай жасап аскердик футболки кийип , кооз суйлоп озун реклама кылган саясатчыларды колдобосонор !

кимден: Калыс
18.06.2010 17:08
Азамат жакшы карасан сайтка кире аласын. Корбой койсон деле болот. Бул тополондо озбек олуп, кыргыздар олгон эмес деген маанини тушуносун. Ушул суротторду берген адам Кыргыз элинин душманы болот! Ушактарга коп кирбей, Кыргыздын улут экенин сабырдуулук менен дуйного тааныткыла. Кыргыздын мамлекет экенин Кытай 2000 жыл мурда мойнуна алган. Башкасы тушунуктуу эле болсо керек?..ñ

кимден: Азамат
18.06.2010 14:01
Аты жону жазылбаган атуул, сунуш кылган сайттарыныздын дарегин тагыраак жана тушунуктууроок кылып дагы бир ирет жазып коесузбу? Антпесе мен мисалы бирооно да кире албай койдум, мындай ссылкалар менен: http://my.mail.ru/community/kyrgyz_nacional/657E5B4E5D0687C7.html
Же болбосо, кирип аткандар болсо, кайра жакшылап жазып коюнуздарчы. ЧОН РАХМАТ!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
18.06.2010 10:36
http://my.mail.ru/community/kyrgyz_nacional/657E5B4E5D0687C7.html азаттыктын азаматтары ушул блоктогу суротторду Алмаз Атамбаевге корсотуп койгулачы, референдумду ушул жерге барып откозуп келсин деген сунуш тушуп жатат оштун тургундарынан сизге деп
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)