Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

Шайлоо: түмөн түйшүк, тоодой убадалар


Шайлоо үгүтүндөгү көрнөктөр
Шайлоо үгүтүндөгү көрнөктөр

Бүгүн жарандар үчүн биометрикалык маалыматтарды тапшыруу соңуна чыгат. Бишкек жана Ош шаарларында кошумча ачылган участоктордо шайлоочуларды каттоо дагы ушул күнү аяктайт. Жер-жерлерде административдик ыкмалар колдонулуп жатканы айтылууда.

Ушул тапта үгүт иштери кызуу жүрүүдө. Айрым жерлерде көп жылдардан бери айыл-кыштактарда ишке ашпай келаткан көйгөйлүү маселелер шайлоо маалында партиялардын эсебинен чечиле баштады. Үгүт маалында саясий партиялар добуш алуунун ар кыл амалын таап, накталай акча тараткандан тарта, чоң долбоорлорго чейин убада кылып жатышат. Мындай кызыкчылыктар дал келген жерлерде айрым партиялардын штабдары жарандардын паспорту менен биометрикалык маалыматынын көчүрмөсүн жыйноодо. Шайлоодогу үгүт ыкмаларына кабарчыбыз Руслан Калматов көз салган.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:07 0:00
Түз линк

Нарында мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери биометрикалык маалымат топтоого элди тартуу жана шайлоочулардын тизмесин тактоого жапырт киришүүдө. Айрым мекеме жетекчилери кол астында иштеген кызматкерлерине бир канча кишини биометрикалык каттоодон өткөрүү милдетин жүктөшкөн. Бул болсо шайлоо жакындаган сайын өкмөттүк мекемелердин кызматкерлери “бекер күчкө” айланган салт дагы кайталанууда деген пикирге негиз болууда. Нарындагы кабарчыбыз Мирлан Кадыровдун баяны.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:02 0:00
Түз линк

Шайлоонун түмөн түйшүгү менен аны таза өткөрүү жоопкерчилиги шайлоо комиссияларына жүктөлгөн. Ошто участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү биометрикалык каттоо түйшүгү кошулганы менен аларга кошумча акы төлөнбөгөнүнө нааразы. Ал арада шаардык шайлоо комиссиясы ишти таштап кетип жаткан участкалык шайлоо комиссиянын мүчөлөрү арбып жатканын билдирди. Оштогу шайлоо өнөктүгүн уюштуруудагы башаламандык тууралуу кабарчыбыз Ыдырыс Исаков баяндайт.

please wait

No media source currently available

0:00 0:02:34 0:00
Түз линк

Ош: шайлоо комиссиясындагы чыр
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:04 0:00

Бишкек менен Ош шаарларында 46 кошумча шайлоо участоктору ачылган. Аймактардан келген, Бишкек шаарында каттоосу жоктордон 39 шайлоо участкаларында каттоого туруп жаткандар арбын. Ички мигранттарды эки шаардагы кошумча участкаларда №2 форма деп аталган кагазды толтуруп, 18-сентябрдын кечине чейин катталуусу шарт. Кабарчыбыз Самат Жумакадыров Бишкектеги кошумча участоктордун бирине барып келди.

please wait

No media source currently available

0:00 0:02:55 0:00
Түз линк

Жогоруда аймактардагы кабарчыларбыздын баяндарында айтылган маселелерге жооп алуу үчүн өкмөт башчынын биринчи орун басары Тайырбек Сарпашевди Гүлайым Ашакеева кепке тартты.

please wait

No media source currently available

0:00 0:06:32 0:00
Түз линк

"Сиз шайлоодо эмне үчүн добуш бересиз?" – деген суроону Токтосун Шамбетов Ош шаарынын тургундарына узатты.

please wait

No media source currently available

0:00 0:01:35 0:00

XS
SM
MD
LG