Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Сохтун чегиндеги булактын чыры


Кыргыз жана өзбек жарандары "Достук" чек ара бекетинин ачылышын күтүшүүдө. 6-февраль 2012.
Кыргыз жана өзбек жарандары "Достук" чек ара бекетинин ачылышын күтүшүүдө. 6-февраль 2012.

Кыргызстан жана Өзбекстан ортосундагы саясый-экономикалык маселелерден, айрыкча чек аранын такталбаганынан талаштуу тилкелерде жашаган жарандар жапа чегишүүдө.

Кыргызстандын ичиндеги Сох анклавындагы Өзбекстанга караштуу Чечме кыштагынын айрым жашоочулары үч жумадан бери суусуз отурушат. Алардын айтымында кыргыз тарап сууну бууп койгон. Бул маалыматты Кадамжай районундагы Чечме айылынын башчысы четке кагып, кошумча арыктардагы суу гана тосулганын айтты.

Кыргызстан жана Өзбекстан терроризмдин алдын алуу максатында март айында командалык-штабдык машыгууларды чогуу өткөрдү. Терроризмге каршы эки өлкө бирге күрөшөт. Бирок СССР заманында чийилген чек араларды коңшулар 14 жылдан бери такташа албай келет. Эки мамлекеттин орток чек арасы 1378 чакырым болсо, анын 320 чакырымы тактала элек. Бул эки өлкөнүн букараларынын жашоосуна тескери таасир этүүдө.

Өзбекстандын Сох районундагы Чечме кыштагынын эли агын суусуз калганына үч жуманын жүзү болду. Өлмасжан Илиясов деген жаран “Азаттык” радиосунун өзбек кызматына суу башат алчу булакты Чечменин кыргыз тарабы бууп алганын айткан:

- Сууну жыйырма бир күндөн бери тосушууда. 316 кожолуктун эгини суу ичпей калды. 80 кожолук ушул арыктан суу иччү. Азыр алар таза суудан кыйналууда.

Илиясовдун сөзүнө караганда, суунун тартыштыгынан улам 50 гектардан ашык эгин талаасы кургап калган. Адамдар сууну эки чакырым жерден ташып ичишүүдө.

Кыргызстандагы Сох анклавы
Кыргызстандагы Сох анклавы

Чечме кыштагынын бир бөлүгү Кыргызстандын Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн территориясына кирет.

Сохтуктардын ырасташынча, кыштактын Кыргызстан тарабынын тургундары коңшуларынын биринин үйүнө жол ачып берүүнү талап кылып, сууну бөгөп салышкан.

Бирлик айыл өкмөтүнүн Чечме айылынын башчысы Жапар Саматов суу буулганын төгүндөп, мындай тактоо киргизди:

- Суу буулган жок. Илгертен бери суу беш-алты түтүктөн агып турган жана азыр да агууда. Кыргыздар менен тажиктерге бөлүнгөн сууга эч ким тийген жок. Адамдар сууну ичишүүдө. Бирок кошумча арыктар бар болчу. Ошону гана бекитип койгонбуз. Чек арада кыргыз жараны - жесир аял жашайт. Анын үйүнө машине жана башка техника кире албайт. Жолду бууп ташташканына 10 жыл болду, жолдун ортосуна казык кагып, зымды тартып салышкан. Кийин аны бузуп, суу акчу ноого такап коюшту. Биздин жарандар бирөөнүн там арка жери аркылуу өтүшөт. Жолду ачып берсеңер деп он жылдан бери айтабыз, бүгүн-эртең деп чечилбей жүрөт. Биздин Чечмеде базар бар эле. Ага да (Өзбекстан) элин чыгарбай койду. Ошого эл “Алар эмнеге мындай кылышат? Жесир аялдын жолун ачып берсин. Анан сууну беребиз,” - деп, кошумча арыктардагы сууну токтотуп койгон.

Жапар Саматовдун айтышынча, мурда Чечме деп Кыргызстан тараптагы айыл гана аталган. СССР кыйрагандан кийинки жылдары Өзбекстан Чечме айылынын каршы тарабын отурукташтырып, жаңы конушту “Чешме” деп атаган:

- Мурда Чечме бир эле бөлүк болгон. Булактын башында 7-8 гана үй-бүлө жашачу. Эми сохтун эли көчүп келип, чек араны бойлото үйлөрдү салып, жаңы конуш Чечме (Чешме) деп аталып калды. Өзбекстан жана Тажикстан чек араларын бекемдеп, үйлөрдү салып жатпайбы...

"Чешме" перс тилинде булак дегенди билдирет.

Там-жайы чек аранын Кыргызстан тарабында жайгашкан Юсуфали Шералиев чек аранын такталбаганы үчүн үй-бүлөсү чоң түйшүк тартып жатканын айтат:

- Суубуз бир, мазарыбыз бир, тоюбуз бир, малыбыз да бир эле. Эки жылдан бери кыргыздар менен мамилебиз бузулду. Менин тамым ошол булактын асты жагында болгондуктан, сууну биринчи мен ичемин. Беш-алты кыргыз жараны келип ”Асфальт жолду бузабыз, сенин үйүң Кыргызстандын чек арасында турат”, - деп айтышты. Бул мени кыжалат кылууда.

Юсуфали Шералиевде үйү Өзбекстандын аймагында экенин тастыктаган документтери бар экен. Анын айтымында, анын үйү турган жерди мурда Сохтун эли жайыт ирети пайдаланган.

​Кыргызстандын Чечме айылынын башчысы Жапар Саматов 16-июлда да Бирлик айыл өкмөтүнөн жана Чек ара кызматынан комиссия келип, маселени териштирип кетти деп кошумчалады.

Ал эми Ош жана Жалал-Абад чөлкөмдүк чек ара башкармалыгынын чек араны кайтаруу бөлүмүнүн зардалы Максатбек Смадиловдун апрель айында “Азаттык” радиосуна берген интервьюда Өзбекстан 2003-жылга чейин эле тактала элек жерлерди, өзгөчө суунун башын жана суу бөлүштүргөн жерлерди тосуп же ээлеп алганын айтат:

- Көбүнчө суунун башын байлаган, суу бөлүштүргөн жерлердин баарын Өзбекстан ээлеп алган. Ошонун баарын барган сайын бизге таасир эте турган рычагдарга айлантып жатышат.

Мындай суу талаш, жайыт талаш коңшулаш эки мамлекеттин өз ара алакасынын, чек аранын такталбай келатканынын туундусу.

Быйыл 14-апрелден тартып Өзбекстан Ош шаарына газ берүүнү токтоткон. Кыргыз бийликтеринин айтымында, маселени сүйлөшүп чечүү аракетинен майнап чыкпай жатат. Өз ара соода да жакшы өнүккөн эмес. Өзбекстан дүйнөнүн 44 өлкөсүнө соода-экономикалык мамилелерде ашыкча артыкчылык берет. Бул тизмеде Өзбекстанга коңшулаш Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Түркмөнстан жок.

2013-жылы эки өлкө ортосундагы соода 97 млн. доллар болуп, Кыргызстандан Өзбекстанга товарларды экспорттоо 14% азайды.

XS
SM
MD
LG