Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:29

Эл өкүлдөрү кол тийбестиктен баш тарта алабы?


Жогорку Кеңеш депутаттары
Жогорку Кеңеш депутаттары

Жогорку Кеңештин Vl чакырылышы жыйынга чогулган алгачкы күнү эле КСДП жана “Ата Мекен” фракцияларынын депутаттары кол тийбестиктен баш тартарын айтып чыгышты.

Айрым маалыматтарда бул парламент карай турган алгачкы маселелерден болот.

Эксперттер депутаттын макамына өзгөртүү киргизилип, кол тийбестик алынса, бийликтин көзүн караган парламент пайда болушу ыктымал деген кооптонууларын да билдирип жатышат.

Жарандык активисттер депутаттар жөнөкөй жарандар менен бирдей укукта болушу керек деп, шайлоо өнөктүгү учурунда партияларды кол тийбестик укугунан баш тартууга чакырышканы маалым.

Артыкчылыктан арылуубу же популизмби?

Депутаттык кол тийбестиктен баш тартуу сунуштары фракциялардын алгачкы жыйындарынын негизги темасына айланды.

КСДП фракциясынын депутаттары кызматтык унаа, жардамчыларды кыскартуу жана депутаттык кол тийбестиктен баш тартуу боюнча сунуштарды жыйында бир добуштан колдошту. Фракция башчысы Чыныбай Турсунбеков артыкчылыктардын ичинен кол тийбестикти алып салуу кыйынга турарын айтып, бирок көпчүлүк колдоп берерине үмүт артууда:

Чыныбай Турсунбеков, КСДП жетекчиси
Чыныбай Турсунбеков, КСДП жетекчиси

- Негизи бул идеяны башка партиялар демилгелеген болчу. Биз иш жүзүндө колдоп келгенбиз. Бүгүн биз макулдашып аны кабыл алдык. Баары колдошту. Каршылар болгон жок. Эл алдында берген убаданы аткаруу салтын калыптандыруу керек деген максатты көздөп жатабыз.

Кол тийбестиктен “атамекенчилер” да баш тартарын, ал эле эмес депутаттардын жакын туугандары жогорку кызматтарга дайындалбашы керектигин билдирип чыгышты.

Парламентчилерди артыкчылыктардан ажыратуу тууралуу кептер ак үйдүн сыртына да чыгып, интернеттеги “Фейсбук”, “Твиттер” өңдүү социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштады.

Кол тийбестиги жок депутат эркин болбой калабы?

Ошентип, бул маселе парламентте карала турган алгачкы мыйзамдан болору да айтылууда. Бул боюнча эксперттик пикирлер экиге бөлүндү. Айрымдар депутаттын макамына өзгөртүү киргизилип, кол тийбестик алынып салынса, бийликтин көзүн караган парламент пайда болот деген ойдо. Депутаттык артыкчылыктарды жоюу боюнча кыймылдын мүчөсү Рита Карасартова:

- Таптакыр кол тийбестикти алып салганга болбойт. Себеби, курч сүйлөп, бийликти сындаган депутаттарга кылмыш ишин козгоп туруп, тилин кыскартып койгон учурулар болгон да. Кайсыл нерседен биз көбүрөөк зыян тартабыз, ошол жактарын караш керек. Башкача айтканда, депутаттык ишке тиешелүү нерсе болсо аны калтырыш керек.

Деген менен Депутаттын макамы жөнүндөгү мыйзамда көрсөтүлгөн кол тийбестик учурда өзүн актабай калды дейт саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев. Ал депутаттар жөнөкөй жарандар менен бирдей укукта болушу керек деген пикирде:

- Биздин депутаттардын азыркы деңгээлине байланыштуу кол тийбестикти таптакыр алып салышыбыз керек. Баарын мыйзам алдында бирдей кылып коюш керек. Орчун маселелерди жөнөкөй жарандар деле көтөрүп жатпайбы. Курч суроолорду эксперттер, бейөкмөт уюм мүчөлөрү да коомчулукка алып чыгууда. Эмне үчүн депутаттар кол тийбестиги жок эле иш алып бара албасын. Күнөө кылдыңбы, мыйзам алдында эл катары жооп бер.

Жарандык коом депутаттарды артыкчылыктардан ажыратуу боюнча мурдатан бери эле талап коюп келет.

Шайлоо өнөктүгү учурунда активисттер 14 саясий партияга артыкчылыктардан баш тартуу тууралуу коомдук келишим сунуштаган. Аны беш партия - КСДП, “Азаттык”, Өнүгүү", "Ар-намыс” жана“Мекен ынтымагынан” башкасы кабыл алып, кол коюшкан болчу.

Бул демлгени кээ бир партиялардын лидерлери популисттик кадам деп баалаган.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG