Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Кыздай кийинген жигитти суракка алган тасма чыры


Кумсаларды колдогон акция
Кумсаларды колдогон акция

Милиция кызматкерлери кыздай болуп кийинген эркек баланы суракка алып, чечиндиргени тартылган видео тасма боюнча ИИМ иликтөө жүргүзүүдө. Өз иликтөөсүн кумсалардын укугун коргогон "Лабрис" уюму да баштады.

Жума башында интернет сайттарга жарыяланган тасмада милиция кызматкерлерине окшогон үч-төрт адам кыздай болуп кийинген 18ге чыга элек эркек баланы бөлмөдө суракка алып, аны менен кошо мазактап жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле өспүрүмгө карата орой сөздөрдү айтып, аны энеден туума чечиндиргени түшүрүлгөн.

please wait

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00
Түз линк

Интернетте тарап кеткен видеодогу бул баланын жүзү ачык эле көрсөтүлүп, аты-жөнү, жерлиги да так айтылат. Ишенимдүү булактардын маалыматында, ал бала учурда качкындар лагеринде баш калкалап жатат.

Бул окуя боюнча Ички иштер министрлиги да тынчсыздануусун билдирди. Министрликтин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин айтканына караганда, милиция кызматкерлеринин аракетин министрликтин Өздүк коопсуздук башкармалыгы иликтөөдө.

- Бул окуя боюнча азыр Ички иштер министрлигинин Өздүк коопсуздук башкармалыгы иликтөө жүргүзүп жатат. Видео кандайча тартылган жана ким аркылуу интернетке чыгарылганы да териштирилүүдө.

Тасмадагы балага сурак жүргүзгөндөр Бишкектин кайсы районундагы милиция бөлүмүнүн кызматкерлери экени да тактала элек. Өз кезегинде бул окуя боюнча иликтөө иштерин сексуалдык азчылыктардын укугун коргогон “Лабрис” коомдук уюму да жүргүзө баштады.

Ал эми "Акыйкаттык үчүн жана кодулоого каршылык” коалициясынын медиа-координатору Алия Молдалиеванын айтымында, бул биринчи эле окуя эмес.

- Милиция кызматкерлери тарабынан кумсаларга зордук-зомбулук көрсөтүү, күч колдонгон учурлар буга чейин да болуп келген. Мисалы, "Лабрис" уюму бул сыяктуу бир окуяны өз көзөмөлүнө алып, тартип коргоо органдары менен болгон соттук териштирүүдө утуп чыккан. Ошондо биринчи жолу кызматкерлер жазаланган. Бул жолу да укук бузгандар жазасын алат деп ишенебиз.

Молдалиева Жогорку Кеңеш депутаттары сунуштаган "гей-пропаганда" боюнча мыйзам долбооруна укук коргоочулар тынчсызданып жатканын, анткени ал мыйзам кабыл алынса, сексуалдык азчылыктардын укугу мындан да начарлай турганын кошумчалады.

Мындан эки ай мурда да интернетке бишкектик 21 жаштагы жигит түшүрүлгөн ушундай эле тасма тараган. Анда да милиция кызматкерлери адаттан тыш сексуалдык багыттагы жигитти шылдыңдап, зордоп жылаңачташкан.

Укук коргоочулар бул окуяларда ириде адамдын фундаменталдык укуктары орой бузулуп жатканына көңүл бурууга коомчулукту чакырып келет.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG