Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

Согуштун тарыхка кирбей калган жагдайлары


Бишкекте өткөн аскердик парад. 9-май
Бишкекте өткөн аскердик парад. 9-май

Бүгүн кыргызстандыктар Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын майрадоодо. Ал ортодо Экинчи Дүйнөлүк согуш боюнча айрым пикирлер кызуу талаш-тартышка жем таштап келет.

Бул күнгө карата аскердик парад Бишкектеги Ала Тоо аянтында өттү. Ага премьер-министр Темир Сариев баштаган өлкө жетекчилери, Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери, шаар тургундары катышты. Аскердик парадды өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев кабыл алды.

Бишкектеги парадга аскердик бөлүктөрдүн жоокерлери чыгып, аскердик техника көрсөтүлүп, аба шоусу уюштурулду.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 1200гө жакын согуштун, жети миңден ашуун ооруктун ардагери бар. Улуу Ата Мекендик согушка жалпысынан 365 миң кыргызстандык катышып, алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган.

Сталинграддын жанындагы салгылашуу, 1942-жыл.
Сталинграддын жанындагы салгылашуу, 1942-жыл.

​1939-жылдын 1-сентябрында Германия Польшага кол салганда, немистерге каршы Британия менен Франция согуш жарыялап, Экинчи Дүйнөлүк согуш тутанган. 1941-жылдын 22-июнунда Германия СССРге кол салганда, совет эли үчүн Улуу Ата Мекендик согуш башталган.

Ошол эле кезде Экинчи Дүйнөлүк согуш боюнча тарыхчылар менен саясатчылардын ортосунда талаш көп. Анын айрым учурларын советтик тарых илими дагы бурмалаганы белгиленип жүрөт.

Жетимиш жыл бою талашка түшкөн Жеңиш

АКШ элчилигинин Кыргызстандагы убактылуу өкүлү Ричард Майлз Экинчи Дүйнөлүк согуштун бүтүшүнүн жана Улуу Жеңиштин жетимиш жылдыгына карата атайын кайрылуу жасады. Анда Ричард Майлз союздаштардын аскерлеринин биргелешкен аракети жана оорук күчү фашизмди талкалаганын белгилеген. Кайрылууда кыргызстандык панфиловчулар Москваны күжүрмөндүк менен коргосо, америкалык жөө аскерлер Римди бошоткону мисалга алынган.

Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковго Москвада эстелик орнотулду.

Ошондой эле союздаштардын аскерлери Эльба дарыясынын жээгинен бет келишип, кол алышканы белгиленген. Бирок талдоочулар арасында жеңишти өзүнө гана ыйгарган мамлекеттер аз эмес экени айтылып жүрөт. Батыш маалымат каражаттарында Орусиянын жеңишти өзүнө менчиктеген аракеттери байма-бай сынга алынып келет. Бул жагдайда журналист Адилет Айтикеев Кыргызстанда да советтик жана орусиялык тарых илиминин таңууланып келген таасирлерине токтолду:

- Биз окуган тарыхта "СССР эч кандай ызы-чууга аралашпай эле тынч жашап жатса, Германия согуш ачып жиберди" деп жазылган. Бирок 1939-жылдагы Германия менен СССРдин ортосундагы жашыруун пакт кандай болгону кийин белгилүү болду да. Анын негизинде Германиянын күч алуусуна өбөлгө түзүлүп, Польшанын аймагы бөлүнгөнүн советтик тарых илими жазган эмес. Мына ошондон кийин Экинчи Дүйнөлүк согуш чыгып, Германия кол салбоо тууралуу келишимди бузуу менен СССРдин өзүнө согуш ачып жатпайбы. Мына ошол даярдыксыз жагдайда жоготуунун деңгээли кандай болгону буга чейин жазылган эмес эле. Ошондуктан ал согушту ата мекендик согуш деп атоого каршымын. Кыргызстан Экинчи Дүйнөлүк согушка СССРдин курамында катышкан десек туура болот.

СССРдин ролу эбегейсиз беле?

АКШ элчилигинин Кыргызстандагы убактылуу өкүлү Ричард Майлздын кайрылуусунда Экинчи Дүйнөлүк согуштагы Нормандия менен Дубосеководогудай айыгышкан салгылаштарда аскерлерди тамак-аш жана кийим менен камсыздоодо оорукта калгандардын эмгеги зор болгону көрсөтүлгөн. Дүйнөлүк согуштагы бурулуш учурлар батыштык жана советтик тарыхта эки башкача каралып жүрөт.

Панфиловчулар Ленин ордени менен сыйлангандыгы жөнүндө СССР Жогорку Советинин президимунун катын окуу учуру. 1943-жыл.
Панфиловчулар Ленин ордени менен сыйлангандыгы жөнүндө СССР Жогорку Советинин президимунун катын окуу учуру. 1943-жыл.

Тарых илимдеринин доктору Жеңишбек Жунушалиев ушул күнгө чейин Экинчи Дүйнөлүк согушта жеңишти камсыздоодогу союздаштардын ролу боюнча тарыхчылар арасында талашка чекит коюла электигин белгиледи:

- Экинчи Дүйнөлүк согуштун чыгышы, жүрүшү жана бүтүшү боюнча талаш дагы деле аягына чыга элек. Поляктар Экинчи Дүйнөлүк согушту СССР баштаган деген жүйөнү карманат. Жылдар өтүп, муун алмашкан сайын бизде дагы түрдүү көз караштар пайда болду. Анан мына ошол согуштагы СССРдин ролун билбегендер чыгып жатат. Чынында АКШнын президенти Рузвельт согуштагы жоготуунун көбү СССРге туура келгенин өз учурунда айткан. Азыр айтылып жаткандай Нормандиядагы жана Дубосеководогу салгылашууну салыштырып болбойт. Анткени советтик аскерлер Дубосеководо коргонсо, согуш аяктап калган учурда союздаштар Нормандияда фашисттик аскерлерге чабуул койгон. АКШ баштаган союздаштар СССРге албетте материалдык жардам көрсөтүп турган. Бирок экинчи фронтту ачууну кечеңдетип, качан гана согуштун жыйынтыгы көрүнүп калганда аскерлерин киргизгени дагы тарых.

Бишкекте өткөн аскердик парад. 9-май, 2015-жыл

Анткен менен кыргызстандык талдоочулар да советтик идеология жана тарых илими улуу Ата Мекендик согуштун жүрүшү жана андагы эрдиктерди бурмалаган жана аша чапкан учурларды фактылар менен мисал келтире баштады. Ата Мекендик согуш кыргыз тарыхынын бир бөлүгү экенин танууга болбойт деген аналитик Жыргалбек Касаболотов советтик тарых илими таназарына албаган кыргызстандык баатырлардын эрдиги даңазаланууга тийиш деп эсептейт:

- Жеңишти жакындатууга союздук республикалардын бардыгы колунан келишинче салым кошкон. Бул жерде бир эле улуттун же бир эле республиканын ролун баса белгилегенге болбойт. Согуштун азабын азыраак тарткан же көбүрөөк тарткан эл болгон эмес. Андан бардыгы жабыркаган. Айрым учурларда мына ошол жагдайлар тескерисинче айтылбай калган. Советтик идеологиянын мына ошол учурда аша чапкан же бурмалаган учурлары көп болгон. Бир эле мисал, бизге тарыхтан Чолпонбай Түлөбердиев Матросовдун эрдигин кайталаган деп окутуп келишти. Бирок кийин белгилүү болгондой Түлөбердиев андан мурун эле эрдик кылганын советтик тарыхчылар негедир мойнуна алгысы келбептир.

АКШ элчилигинин Кыргызстандагы убактылуу өкүлү Ричард Майлздын кайрылуусунда учурда зулумдуктун жүзү өзгөрсө да, тынчтык менен эркиндик үчүн коркунуч кала бергени жазылган. Кайрылуу “күч менен чек араларды өзгөрткөн, коңшуларына үстөмдүк кылган жана айыпсыз адамдардын канына забын болгон күчтөргө каршы Чолпонбай Түлөбердиев сыяктуу күрөшүүбүз керек”, – деп жыйынтыкталган.

1941-45-жылдары, атап айтканда согуш жүрүп турган беш жылда (1918 күн согуш болгон) Советтик Армиянын катарына 34 миллион киши чакырылган. Анын ичинде Кыргызстандан 383 миң адам согушка аттанган. Кан майданда совет эли 25 миллион адамынан айрылган.

1945-жылдын 9-майында фашисттик Германиянын толук капитуляция болгону тууралуу келишимге кол коюлган. Советтик жоокерлер Германия, Жапония, Корея, Манчжурия, Европанын бир катар өлкөлөрүндө 1949-жылга чейин кызмат өтөшкөн.

"Азаттыктын" Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган "Биздин тарых" аттуу атайын долбооруна келген сүрөттөр, баяндар, маектер менен бул жерден таанышасыз.

XS
SM
MD
LG