Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

Венесуэла: “Чавестин уулу” утту


Венесуэла -- Николас Мадуро жубайы жана тарапкерлери менен шайлоо жыйынтыгынан кийин, Каракас, 14-апрель, 2013.
Венесуэла -- Николас Мадуро жубайы жана тарапкерлери менен шайлоо жыйынтыгынан кийин, Каракас, 14-апрель, 2013.

Венесуэладагы президенттик шайлоодо өзүн мурдагы президент, маркум Уго Чавестин “уулу” деп атаган Николас Мадуро бир аз ажырым менен жеңгени жарыяланды. Бирок оппозиция талапкери шайлоо жыйынтыгын азырынча тааныбасын айтууда.

Баяндамачылар белгилеп жаткандай, Венесуэланын бул президенттик шайлоосу да өлкөдөгү ажырым тереңдегенин ачыктады. Шайлоо комиссиясынын жарыясына караганда, жекшембидеги шайлоонун жыйынтыгында Мадуро добуштардын 50,8%, ал эми Каприелес 49,1% жыйнаган. Добуш берүүгө болсо шайлоого укуктуу 19 миллион адамдын 80 пайыздайы катышкан.

Уго Чавес рак илдетинен каза тапкандан бери мамлекет башчысынын милдетин аркалап жаткан Мадуро шайлоонун баштапкы тыянагы маалым болгондон кийинки сөзүндө жеңишке “адилетүү жана мыйзамдуу” жетишкенин ырастады:

- Мен Улуттук шайлоо комиссиясынан шайлоо жыйынтыгын шек калбагыдай кылып текшерүүсүн суранам. Бирок азыр мамлекеттик институттар иштеп турушу зарыл. Венесуэлалыктардын 7,5 миллиону Николас Мадуро 2019-жылга чейин президент деп айтышты жана бул тандоо урматталышы абзел. Мен оппозиция тарапкерлеринин да добушун эсепке алам, аларды тааныйм жана сыйлайм, бирок баарыңарды көпчүлүктү урматтоого да чакырам.

Анткен менен өнөктүктүн жүрүшүнө өзүн Уго Чавестин “уулу”, “мураскери”, ал эми өкмөттү Чавестин “таламдаштары” деп сыпаттап, мурдагы президентти Иса пайгамбарга чейин теңеп, аны колдошпосо “каргыш тиерине” чейин эскерткен Николас Мадуронун топтогон добушу мурдагы президенттикинен аз болду.

Былтыр октябрдагы шайлоодо эле Чавеске уттуруп койгон оппозиция талапкери Энрике Каприлес анда 6,5 миллион добуш алса, азыр дээрлик 7, 3 миллион добуш жыйнаган. Ортодогу ажырым маалыматтарга караганда, 230 миңден 300 миңге чейин.

Каприлес да Каракаста жактоочулары астында сүйлөп, шайлоо жыйынтыгын азырынча тааныбай турганын айтты:

- Мен өкмөттүн талапкерине айтып койгум келет. Бүгүн сиз жеңилдиңиз. Мен муну ишеним менен айта алам. Сиз жана сиздин өкмөт утулду. Биз венесуэлалыктардын ар биринин добушу бирден саналмайынча, шайлоо жыйынтыгын тааныбайбыз. Улуттук шайлоо комиссиясын ар бир добуш эсептелиши үчүн үкөктөрдүн баарын ачууга чакырабыз. Биз бүгүн бир талапкер менен эмес, административдик ресурс, мамлекеттик институттар колдонулганына каршы күрөшүп жатабыз. Мунун баарын бийлик жана бийликте турган адам билет. Ушундан улам аны бизден бир аз гана өйдө көтөрүп коюшту.

Энрике Каприлес азыр Венесуэланын Миранда деген облусун башкарат. 40 жаштагы бул саясатчы шайлоо өнөктүгү учурунда мурдагы президент Чавестин режими тандаган багытты сындап жүрдү.

Мадуро болсо Чавестин “XXI кылымдагы социализм” саясатын улантууну убада кылып жатты.

Венесуэланын бул кезексиз президенттик шайлоосу Латын Американын тарыхындагы эң кыска шайлоо өнөктүгү болду.

Британиянын Financial Times гезити белгилегендей, өнөктүктүн жүрүшүндө Венесуэланын кылмыштуулуктун күчөшү, жакырчылык өңдүү күндөлүк проблемаларына караганда, талапкерлердин бирине-бирине чабуул жасоосуна көбүрөөк көңүл бурулду.

Ал эми америкалык “Вашингтон Пост” гезитинин жазганына караганда,
башында Мамдепартаменттин расмий өкүлдөрү Мадуро АКШ администрациясы менен бузулган мамилени оңдоого ыктайт деп үмүттөнүшкөн.

Бирок ал шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Кошмо Штаттарды бир нече жолу душман катары сыпаттады.

Ошентип Венесуэланы алдыдагы алты жылда чоң саясатка жолун автобус айдоочулуктан баштап, кийин профсоюз лидерлигине айланган адам жетектегени турат.

Аналитиктердин пикиринде, Николас Мадуронун бир аз гана артыкчылык менен утушу аны оппозициянын тынчсызданууларына көңүл бурууга мажбурлайт. Андай болбосо өлкөдө тиреш жана ажырым күчөшү мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG