Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

Вацлав Гавел - чехтердин Бакайы


Вацлав Гавел
Вацлав Гавел

Вацлав Гавел – чехтердин чыгаан жазуучусу жана мамлекеттик ишмери, драматург, публицист, акын, диссидент, демократ саясатчы. Ал Чехословакиянын акыркы президенти (1989-1992) жана өз алдынча жумурият болуп калган Чехиянын туңгуч президенти (1993-2003) болгон.

Коммунисттик доордо анын пьесаларына тыюу салынып келген. Режимге каршы чыккандыгы үчүн 5 жыл түрмөдө отуруп чыккан. 1989-жылы Баркут ыңкылабынын башында туруп, Чехословакиянын акыркы президенти, 3 жылдан кийин болсо кайрадан эгемендик алган Чех жумуриятынын президенти болуп калган. Президенттиктен кеткенден кийин да Гавел адам укуктары, демократияны коргоо жаатында ишин токтоткон эмес. Гавел катардагы чехтер терең урматтаган кадыр барктуу инсандардан болчу.


Быйыл күзүндө Чех эли жана эл аралык коомчулук мурдагы диссидент драматург, мурдагы Чехословакиянын жана Чехиянын президенти Вацлав Гавелдин 75 жылдык мааракесин белгилеген эле. Төмөндө Тынчтыкбек Чоротегиндин ошол маараке күндөрү жазылган Вацлав Гавел тууралуу баянын сунуштайбыз.


Маараке жана ага түшүрүлгөн көлөкө


5-октябрда жана анын алдыңкы күндөрү дүйнө коомчулугу Вацлав Гавел мырзанын 75 жылдыгын ар кыл жыйындар, чет элдик жана чехиялык театрларда Гавелдин пьесаларынын ойнолушу, кинозалдарда ал режиссердук кылган алгачкы тасманы көрүү, жана башка усулдар менен белгилеп жатты.

Маселен, Лондондогу “Оуранж три” (Orange Tree) театры быйылкы (кыркынчы) сезонун Вацлав Гавелдин “Элдик төңкөрүштү тымызын уюштуруучулар” (“Spiklenci”) драмасын коюу менен ачты.

Вацлав Гавел жубайы Дагмар менен. Прага ш., 2011-жылдын 22-марты.

2011-жылдын 1-октябрында Прага шаарындагы Заманбап көркөм өнөр борборунун кеңсесинде Вацлав Гавелдин 75 жылдыгына арналган чакан кече өттү.

Ага чех тышкы иштер министри Карел Шварценберг, мурдагы АКШнын Мамлекеттик катчысы, теги чехиялык Мадлен Олбрайт, мурдагы чех диссиденттери, илимпоздор, көркөм өнөр өкүлдөрү, Гавелдин жакын туугандарынын өкүлдөрү, дипломаттар, ж.б. саналуу коноктор катышышты.

Тойдо болгон Чехия Конституциялык сотунун төрагасы Павел Рыхетски “Чех үналгысына” мындай деп айтты:

Мен (маараке ээсине) символдук белек – чехтердин кылыччан падышасынын чакан бедизчесин тартууладым. Анткени ал мен үчүн заманбап чех мамлекеттигинин символу болуп саналат”.

Вацлав Гавелдин ушул мааракелик кечеде конокторго сүйлөгөн чакан сөзүнөн бир шиңгил келтирсек, анын бейнесин сыпаттоо үчүн огожо болоор:

"Канчалык жашым узарган сайын мен ошончолук тартынчаак болуп баратам. Мен ар кандай мүмкүн болгон же болбогон окуялар үчүн деле өзүмдү уят болуп калгандай сезип жүрөм. Эми мен ал түгүл той өткөрүп атканым үчүн да, сөз сүйлөгөнүм, сөзүмдү кишилер тыңдап жаткандары үчүн да уятка калгандай сезимге батып турам".

Мааракенин алдында Вацлав Гавелдин бейнесине көлөкө түшүрчү айрым макалалар да кээ бир жергиликтүү басылмаларга жарыяланган.

Бир чех жазуучу айым жаш кезинде Гавелдин сүйүктүүсү болгонун жазып чыкты. Карыя Гавел бул “ачылышты” четке какканын “Чех үналгысынын” (Český rozhlas) интернет барагынан окудум. Алиги жазуучу айымды “тек гана өз китептерин көбүрөөк сатуу аргасын жасап жатат” деп айыптагандар да бар.

Бул окуя “Чубактын кунундай” чубалжыйбы, жокпу, айтуу кыйын. Вацлав Гавел таануу илими азырынча тереңдеп кете элек.

Демек, коомчулук үчүн мындай ири коомдук ишмердин турмушунун ар үзүмү анын көзү тирүүсүндө ачык талданганы да дурустур.

Гавелдин кыскача өмүр таржымакалы

Вацлав Гавел (Václav Havel) 1936-жылы 5-октябрда мурдагы Чехословакиянын борбору Прага шаарында жарык дүйнөгө келген.

Анын ата-энеси бай жана интеллектуал, тектүү үй-бүлөдөн болгон.

Атасы Вацлав М. Гавел (1897–1979) Праганын түштүк чет жакасынын эң бийик бөлүгүндө жайгашкан “Баррандов террасасы” аттуу көп кабат үйдүн жана Баррандов филм студиясынын, шаар чордонунда Вацлав аянтындагы кинотеатры бар дагы бир имараттын («Лүцерна сарайы» - Palác Lucerna) кожоюну болгон.

Энеси Божена Вавречкова (кийинчерээк Гавлова, 1913–1970) да аттын кашкасындай таанымал таасирдүү үй-бүлөдөн чыккан. Таятасы Гуго Вавречка (Hugo Vavrečka) белгилүү дипломат жана журналист болчу.

Ата-тегинин буржуазиялык чөйрөгө таандык болгонунан улам, Вацлав Гавел социалисттик доордо кыйла запкы көргөн.

1951-жылы орто мектептин алгачкы бөлүгүн бүтүргөн, бирок коммунисттик бийлик анын андан ары окушуна тоскоолдук жараткан. Ал химиялык лабораторияда лаборант болуп иштеп, окуусун кечки орто мектепте улантууга аргасыз болгон, Праганын Штепанска көчөсүндө жайгашкан бул гимназияны ал 1954-жылы гана аяктаган.

Жаз кездеги чыгармачылык күрдөөлү

Вацлав Гавелдин алгачкы көркөм чыгармасы 1955-жылы “Кветен” журналында жарыяланган.

1959-жылы ал “Үй-бүлөнүн кечи” (Rodinný večer) деп аталган драмалык чыгармасын жазат. Бул – бир гана көрүнүштөн турган чыгарма болгон.

1959-69-жылдары анын чыгармалары “Театрдык гезит” (Divadelní noviny), “Театр” (Divadlo), “ Үй коногу” (Host do domu), “Адабият гезити” (Literární noviny), “Бейнелер” (Tvář) жана “Эртең” (Zítřek) сыяктуу журналдарга гана жарыяланып турган.

Буржуазиялык тектен чыкканы үчүн ага гуманитардык жогорку билим алууга тыйуу салынган. Ошондуктан Чехиянын Музыкалык өнөр академиясынын кино факултетине тапшыруу аракеттеринен майнап чыккан эмес, аны окууга кабыл албай коюшкан.

Мындан улам ал Прагадагы Чехия техникалык университетинин (гуманитардык эмес делген окуу жайдын) экономика факултетине тапшырат. Бирок эки жылдан соң бул окуусун таштап салат.

1964-жылы ал карапайым жумушчу тегинен чыккан Олга Шплихалова айымга (Гавлова, Olga Havlová / Šplíchalová) үйлөнөт (алар 1996-жылы аялы көз жумганга чейин чогуу жашашты), бул никеге Вацлавдын энеси капа болот.

Алгачкы театрдык ишмердиги

1957-59-жылдары Вацлав Гавел Чехословакия аскеринде кызмат өтөйт, андан соң Прага шаарында “Баллюстрадагы Театр” (''Divadlo Na zábradlí'') аттуу театрда кара жумушчу болуп иштейт.

Вацлав ара-чолодо Прага шаарында Музыкалык көркөм өнөр академиясынын (Akademie múzických umění) Театр факултетинде сырттан окуйт жана аны 1966-жылы аяктайт.

Анын алгачкы жолу эл алдында аткарылган ири драмалык чыгармасы – 1963-жылы жазылган “Бакчадагы той” (Zahradní slavnost) пьесасы болгон, аны “Баллюстрадагы Театр” элге тартуулаган. Бул пьеса авторго эл аралык кадыр-барк алып келген.

Гавелдин “Меморандум” чыгармасы 1968-жылы Нью-Йоркто “Коомдук театрда коюлган.

1968-жылдан кийин Чехословакияда Гавелдин драмаларын ойноого тыйуу салынган чакта, Нью-Йорктогу Коомдук театр анын ар кыл чыгармаларын коюуну уланта берген, бирок авторго өлкөдөн чыгууга тыйуу салынгандыктан, ал мухиттин ары жагындагы өз оюндарын көрө алган эмес.


Диссиденттик кезең

1968-жылы августта СССР баштаган “Варшава келишиминин” мүчөсү болгон социалисттик мамлекеттердин аскерлери Чехословакияга киргизилген алгачкы аптада Вацлав Гавел “Эркин Европа” үналгысынын Чехословак кызматына бул окуяларды сынга алган өзүнүн комментарийин берген.

Вацлав Гавел өзүнүн туңгуч тасмасын тартуу маалында. 2010-жылдын жай мезгили. Ческа Скалице (Česká Skalice) шаарчасынын аймагы.

Александр Дубчек баштаган чехословак коммунисттеринин 1968-жылдагы реформалык кыймылы (“Прага жазы”) чет элдик аскер күчү менен ойрон кылынган соң, Вацлав Гавелдин теар ишмердигине тыйуу салынган.

Бул реформачыл кыймылды Гавел коммунист эмес либералдык интеллектуалдык канаттын өкүлү катары колдоого алган болчу. Ал түгүл 1967-жылы жайында эле Гавел өлкөдөгү цензуралык тоскоолдук үчүн бийликтеги коммунисттерди сынга алып чыккан эле.

1968-жылкы окуяларга байланыштуу Гавел өз саясий ишмердигин жанданткан.

1968-жылы күзүндө Гавел Чехословакия Жазуучулар Биримдигинин мүчөсү болуп калат (бул уюм 1970-жылы таркатылганга чейин ага мүчө болгон).

1969-жылы 21-августта, “Варшава келишинин” аскерлеринин киргизилишинин бир жылдыгына карата, “Он упай” аттуу кайрылууга кол койгондордун арасында Гавел да болду. Бул кайрылуу советтик баскынчылыкты терең айыптаган.

Кийинчерээк Гавел пиво ачытуу жайында жумушчу болуп иштөөгө аргасыз болот. Мында көргөнүн ал “Аудитория” деген пьесасында чагылдырган.

Анын бир катар чыгармалары (арасында Фердинанд Ванек - Ferdinand Vaněk деген кейипкер тууралуу пьесалары) жашыруун көчүрүлүп, бүткүл Чехословакиянын аймагы боюнча тымызын колдон колго өтүп таркатылган.

1976-жылы коммунисттик режим рок-музыканын көз каранды эмес топторун куугунтукка ала баштаган. “Ааламдын желим кишилери” (The Plastic People of the Universe) деп аталган рок тобунун мүчөлөрү камакка алынганда, Вацлав Гавел, Йиржи Немец жана башка интеллектуалдар камактагы өнөрпоздорго тилектештик билдирип коргоп чыгышты.

“Хартия 77” деген саясий демилге тобунун кайрылуусуна да кол коюп, Вацлав Гавел коммунисттик режимдин цензурачыл саясатын күрөшкер интеллектуал катары сындаган. Бул демилгелүү топ 1992-жылы ыктыярдуу жоюлганга чейин анын мүчөсү болгон.

Вацлав Гавел бир нече жолу коммунисттик абакта отуруп чыккан.

Анын эң узак түрмөдө отурган мезгили – 1979-жылдын июн айынан 1984-жылдын январ айына чейин созулган. Бул учур анын жубайы “Олгага жазылган каттарында” чагылдырылган.

Вацлав Гавел коммунисттерге каршы зомбулук аракетсиз каршылык көрсөтүү усулун жактырганы үчүн аны мурдагы АКШ президенти Билл Клинтон индиялык коомдук ишмер Махатма Гандиге салыштырган.

1989-жылы Вацлав Гавел Чехословакиядагы ыңкылапчыл кыймылдын лидерлеринин бирине айланат. Бул жибек ыңкылабы ошол жылы 17-ноябрда эч кандай зомбулук аракеттерсиз эле Чехословакиядагы коммунисттик режимди кыйраткан.

Гавелдин урааны – “Чындык жана сүйүү жалгандык менен жек көрүүнү жеңет” деген сөз болду.


Президенттик жылдар

1989-жылы 29-декабрда антикоммунисттик “Атуулдук форумдун” жетекчиси Вацлав Гавел Чехословакия Федерациялык кеңешинин депутаттарынын бир добуштан колдоосу менен Чехословакиянын президенти болуп шайланды.

“Саясатка анча кызыкпайм” деген инсан, ошентип, жогорку саясий кызматты ээлеп калды.

1990-жылкы эркин шайлоонун жыйынтыгында ал бул кызматты аркалоосун улантты.

Ал Чехословакиянын бирдиктүү мамлекет болуп сакталышын колдогон.
Бирок 1992-жылы 3-июлда Чехословакия Федерациялык кеңеши аны президенттикке шайлаган жок, анткени парламенттеги словак депутаттар добуш берүүгө катышпай койгон.

Словактар өздөрүнүн Көз каранды эместик декларациясын жарыялаган соң, 1992-жылы 20-июлда Вацлав Гавел Чехословакия президенти кызматынан чегингенин жарыялады. Ал Чехословакиянын мамлекет катары ыдырашы маалында аны жетектөөдөн баш тартаарын билдирди.

Өз алдынча Чехия жумурияты түзүлгөндө, 1993-жылы 26-январда ал президенттик шайлоого талапкер катары катышып, шайлоодо жеңип чыкты.

Бирок анын президенттик бийлиги алда канчяа чектелүү болуп калды, Ал, негизинен, “журт атасы” катары моралдык бийликке ээ болду, саясий ыйгарым укуктардын көпчүлүгү эми өкмөт башчыга өттү.

Президенттиги маалында Вацлав Гавел коммунизм тушунда адилетсиз камакка алынган саясий туткундагыларды бошотуу демилгесин көтөрдү.

1996-жылы декабрда дарыгерлер Вацлав Гавелге “өпкө рагы” диагнозун коюшту. Ал чылым чеккен өнөкөтүн таштап, дарыланды.

1996-жылы жубайы Олга (Olga Havlová) рак оорусунун айынан каза болду. Алар 32 жыл бирге өмүр сүргөн болчу.

Бир жыл өтүп-өтпөй Вацлав Гавел театр өнөрпозу Дагмар Вешкрнова (Dagmar Veškrnová) айымга үйлөндү. Азыр да Гавел Дагмар (Dagmar Havlová) айым менен жашайт.

Гавел Чехиянын НАТОго киришин колдогон саясатты тутту.

1998-жылы Чехия парламенти аны экинчи мөөнөткө президент кылып шайлады.

2003-жылы 2-февралда ал Чехия президенти кызматынын мөөнөтү аяктап, бул кызмат ордунан кетти.

Гавелдин ордуна анын каршылашы жана сынчысы Вацлав Клаус 2003-жылы 28-февралда Чехия парламенти тарабынан өлкө президенти болуп шайланды.

Балким, Чехиядагы саясий туруктуулуктун дагы бир сыры – мындагы көп партиялуу системанын жана парламенттик демократиянын пайдубалы коммунизмди кулаткан жылдан тартып ишенимдүү түптөлгөндөн болуп жүрбөсүн?

Бул саясий жүрүмгө, албетте, саясий бийликте өзүнө жууркандын көбүрөөк бөлүгүн тартып алууга умтулбаган, ачкөздүк кылбаган Вацлав Гавелдин да жеке салымы зор болду.

Президенттиктен кийинки “Кан Бакай” доору

Вацлав Гавел мырза президенттиктен кеткенден кийин да элине ак кызмат өтөөнүн өрнөгүн көрсөтүп жаткан коомдук жана мамлекеттик ишмер. Түштүк Африканын мурдагы расачыл апартеид режимине каршы күрөшкөн чыгаан ишмер, мурдагы президент Нелсон Мандела сыяктуу эле, Вацлав Гавел да улутунун бийлиги жок, бирок сөзү өтүмдүү интеллектуал кан Бакайы сыяктуу азыр да иш үстүндө.

1997-жылдан бери Вацлав Гавел “Форум-2000” аттуу эл аралык жыйынды уюштуруп келет.


Рабия Кадыр: Биз террорчулукту айыптайбыз

x
Рабия Кадыр: Биз террорчулукту айыптайбыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:06 0:00
Бул жыйындын айрым отурумдарына тибеттик руханий жолбашчы Далай Лама, чыгыш түркстандык уйгурлардын коомдук лидери Рабия Кадыр айым өңдүү ар кыл коомдук ишмерлер катышкан.

2007-жылы май айында Гавелдин “Сепилге карай жана андан кайткан жол” аттуу эскерүүлөр китеби чыкты, анда ал өзүнүн президенттикти аркалаган жылдарын эскерип жазат. Китепте анын курган маектери да камтылган.

Драматург катары 18 жылдык тыныгуудан соң, 2007-жылы ноябрда Гавел “Кызматтан кетүү” (''Odcházení'') аттуу жаңы драмасын жарыялады. Бул драма 2008-жылы 22-майда Прага шаарындагы “Арха” театрында алгачкы ирет ойнолду.

Бул “Кызматтан кетүү” чыгармасы кийин көркөм филм катары да тартылып, Гавел өзү анын режиссеру болуп калды. Тасма 2011-жылдын 22-мартында Чехияда алгач көрсөтүлдү.

Чыгармада канцлер Вилем Ригер (Vilém Rieger) кызматтан кеткенден кийинки баштан кечирген окуялар сыпатталат. Гавел бул чыгармасында Уилям Шекспирдин “Падыша Лир” жана Антон Чеховдун “Алчалуу бак” чыгармаларынын мотивдерин пайдаланган.

2008-жылы Вацлав Гавел Сабырдуулуктун жана элдешүүнүн Европалык кеңешине мүчө болуп калды. Бул бейөкмөт уюм Европада сабырдуулукка чакырып, ксенофобияга каршы күрөш жүргүзүү максатын көздөйт.

Вацлав Гавел Адам укуктары корунун Эл аралык кеңешине төрагалык кылып келет.

Гавел, ошондой эле, Коммунизм курмандыктарын эскерүү корунун Эл аралык кеңешчи тобунун мүчөсү.

Вацлав Гавел мурдагы "Эркин Европа" үналгысынын чех кызматынын башчысы Павел Пехачек менен бирге ЭЕ/АҮ башкеңсесинин жаңы имаратын кыдырууда. 2009-жылдын 27-марты, Прага ш.

Вацлав Гавел “Азаттык” үналгысы курамында болгон “Эркин Европа/Азаттык Үналгысынын” башкеңсесин 1995-жылы Германиянын Мүнхен шаарынан Чехиянын ордо шаары Прагага көчүрүүгө өзгөчө колдоо көрсөткөн.

Бул үналгы 3 жылдай илгери Прагадагы жаңы имаратка көчкөндө да келип өз батасын берген.

Ошондо аны жап-жакын жерден көрүп, абдан жөнөкөй, мээримдүү киши экен деп өзүмчө жоруп койдум.

Дегиңкиси, коммунисттик режим маалында эле Гавел “Эркин Европа” үналгысынын чех кызматына өз ой-пикирин тартынбай айтып келген атуулдардын бири болгон.

XS
SM
MD
LG