Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

АКШ тергөөчүлөрү Гүлнаранын сары изине түштү


Гүлнара Каримова түрк актеру Халид Эргенч менен
Гүлнара Каримова түрк актеру Халид Эргенч менен

Үч ири эл аралык телекоммуникациялык компаниянын Өзбекстандын ички рыногуна кирүү үчүн өлкө бийлигине пара бергени боюнча бир нече өлкөдө ачылган кылмыш ишке америкалык тергөөчүлөр да кызыкты.

Кошмо Штаттардын Юстиция департаментинин кылмыш иликтөө бөлүмү Швециянын прокуратурасына өтүнүч жөнөтүп, Takiland ltd компаниясынын банк эсептерин камакка алууну суранды. Өтүнүч катта дал ушул компания VimpelCom, MTS жана TeliaSonera телекоммуникациялык компаниялары менен өзбек бийлиги ортосундагы коррупциялык келишимдерге ортомчулук кылганы жазылат.

Мындан улам учурда Швециянын Nordea банкындагы Гүлнара Каримовага тийиштүү Takiland ltd компаниясынын 30 миллион доллардан ашуун акчасы камакка алынды.

20-мартта жөнөтүлгөн америкалык тергөөчүлөрдүн расмий кайрылуусу “Азаттыктын” өзбек кызматына да түшкөн. Анда “АКШ жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгында VimpelCom, MTS жана TeliaSonera компаниялары Өзбекстандын телекоммуникация рыногуна кирүү үчүн лицензия алууга өзбек бийлигине пара бергени аныкталганы" жазылат.

Расмий документте белгиленгендей, Өзбекстанда түзүлгөн коррупциялык схема боюнча арам акча дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы холдинг компаниялар жана банк эсептери аркылуу адалдаштырылып келген.

Баяндамада Гүлнара Каримова ортомчулар аркылуу МТС, TeliaSonera, VimpelCom компанияларынан бир миллиарддан ашык доллар алганы кеңири жазылган.
Баяндамада Гүлнара Каримова ортомчулар аркылуу МТС, TeliaSonera, VimpelCom компанияларынан бир миллиарддан ашык доллар алганы кеңири жазылган.

Швециянын Башкы прокуратурасынын Коррупция менен күрөшүү боюнча башкармалыгынын башчысы Гуннар Стетлер TeliaSonera компаниясы Өзбекстанда бизнес жүргүзүү үчүн Гүлнара Каримовага ири пара бергенин айтып, америкалык тергөөчүлөрдүн талабы бир нече өлкөдө жүргүзүлүп жаткан тергөө ишинин бир эле бөлүгү экенин кошумчалады.

21-мартта бул иш боюнча жүргүзүлгөн журналисттик иликтөөнүн жыйынтыктарын Норвегиянын Тонсберг шаарында өткөн атайын маалымат жыйында Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору жарыялаган.

Баяндамада Каримова кантип ортомчулар аркылуу Орусиянын МТС, Ucell брендинин алдында иштеген Швециянын TeliaSonera жана Beeline брендинин алдында иш жүргүзгөн VimpelCom компаниясынан бир миллиарддан ашык доллар алганы кеңири жазылган.

Швед прокуратурасынын өкүлү Гуннар Стетлердин айтымында, журналисттик иликтөөнүн жыйынтыктары андагы фактыларга дал келет.

Ал Швейцария банктарында азыр Takiland ltd компаниясынын 900 миллион доллары камакка алынганын жана бул акчанын баары Гүлнара Каримовага тиешелүү экенин билдирди.

2012-жылдан бери Европанын ондон ашык өлкөсүндө Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримова башкы фигурант деп эсептелген коррупцияга байланыштуу кылмыш иштери козголду. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы дагы учурда Каримованын бизнесин текшерүүдө. Өзбек прокуратурасынын соңку билдирүүсүнө ылайык, президенттин кызы үй камагында жаткан кезде, 2014-жылдын күзүндө анын өнөктөштөрү камалды. Азырынча өз мекенинде Гүлнара Каримовага кандай айып тагылып жатканы так белгисиз.

Гүлнара Каримова дагы деле үй камагында экени айтылууда
Гүлнара Каримова дагы деле үй камагында экени айтылууда

XS
SM
MD
LG