Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Өзбекстан учкучсуз башкарылган учактуу болду


Израилде чыгарылган учкучсуз башкаруудагы учактардын бири. 2012-жыл, октябрь.
Израилде чыгарылган учкучсуз башкаруудагы учактардын бири. 2012-жыл, октябрь.

Өзбекстан Кытайдан учкучсуз башкарылуучу аппараттарды сатып алганын эң оболу Тайвандан иш алып баруучу wantchinatimes.com интернет сайты жазып чыкты.

Андагы маалыматка караганда, Өзбекстан Кытайдын Чэнду шаарындагы Chengdu Aircraft Industry Group заводунда чыккан учкучсуз башкаруудагы учактарды сатып алган.

Маалыматтарга караганда, Pterodactyl 1 (Птеродактиль) деп аталган ал аппараттар орто бийиктикте, бирок узак аралыкка учууга жөндөмдүү.

Техникалык мүнөздөмөсү жана колдонулуу максаты жагынан учак америкалык үлгүдөгү General Atomics MQ -1 аппараттарына окшош.

Бул аппараттар үчүн куралдын бир нече түрү, анын ичинде HJ -10 үлгүсүндө танкка каршы ракеталар, 50 килограмм салмактагы авиабомбалар даярдалган. Өзбекстан учкучсуз башкарылуучу учактын кытайлык үлгүсүнөн канчаны жана качан сатып алганы беймаалым.

Өзбек бийликтери адатта мындай маалыматтарды комментарийлешпейт жана жашыруун кармашат.

Орусиялык аскерий талдоочу Павел Фельгенгауэр “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, Өзбекстан учкучсуз башкаруудагы учактарды чек араларда тактикалык чалгындоо жүргүзүү максатында сатып алган болушу мүмкүн:

- Биринчи кезекте булар чалгындоочу аппараттар да. Чек араларга байкоо салса болот. Азыр учкучсуз башкарылган аппараттарсыз оперативдүү-тактикалык чалгын жүргүзүү кыйын. Мындай нерсени алууга көптөгөн өлкөлөр, алардын армиясы аракеттенип жүрүшөт. Кандайдыр бир кооптонуулары бар өлкө үчүн мунун мааниси эки эсе артат.

Аскерий эксперт Павел Фельгенгауер “Азаттык” менен маегинде кошумчалагандай, армия үчүн учкучсуз башкаруудагы учактарды чыгаруу жагынан дүйнөдө эң алдыңкы орунда Израил менен АКШ турат.

Израил учкучсуз учактарын башка өлкөлөргө экспорттосо, АКШ жакынкы союздашы Британиядан башкага бербейт. Өзбекстан кытайлык үлгүгө, андайды АКШда ала албаган соң кайрылган болушу мүмкүн. Кезинде АКШдан учкучсуз башкарылган учак берүүнү Кыргызстан да суранган эле.

Учкучсуз башкаруудагы учактар кадимки учактардан бийик да жапыз да уча алганы менен алар чек араларды бузуп кеткен учурда билүү татаал иш. Павел Фельгенгауеэр:
- Аларды чоң машинелерге эсептелген кадимки радарлар менен байкоо кыйын. Учкучсуз башкаруудагы заманбап учактын изине түшүү негизи татаал иш. Аларды асмандан тапкан күндө да атып түшүрүү кыйын. Үч –төрт чакырым бийиктикте учкан кезинде деле зениттик ракетага бута катары илинбейт. Тактикалык максатты аркалоо үчүн чыгарылгандары жапыз учса, стратегиялыктары 20 чакырымдан ашуун бийиктикке чейин көтөрүлө алат. Кадимкилеринин учуу бийиктиги 4-5 чакырымга чейин.

Эгер, интернет булактарга чыккан маалыматтар ырасталса, Өзбекстан армиясы учкусуз башкаруудагы учакка ээ болгон биринчи же экинчи өлкө болот. Мурда мындай учактардын орусиялык үлүгүсүн сатып алуу ниети бардыгын Казакстан да билдирген.

Өзү аскерий эксперттердин эсебинде, Борбор Азиядагы беш өлкө ичинен Өзбекстандын армиясы мыкты деп саналат. Жоокерлердин саны жагынан Өзбекстан алдыда турса, Казакстандын учагы жана танкттары көп.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG