Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Каримовага берилген паранын кесепети


Өзбекстандын президентинин тун кызы Гүлнара Каримова.
Өзбекстандын президентинин тун кызы Гүлнара Каримова.

Эл аралык VimpelCom (ТМ Beeline) телекоммуникация компаниясы Өзбекстандагы бөлүмүнө байланыштуу жүрүп жаткан коррупциялык чууну жабуу үчүн айып пул төлөп берүүгө даярдыгын билдирди.

"Вымпелком" компаниясы Өзбекстандын президентинин тун кызы Гүлнара Каримовага бир миллиард доллар пара берди деген шек менен иликтөөгө алынган.

Бермуд аралдарында катталып, баш кеңсеси Голландияда жайгашкан компаниянын каржы отчетунда жазылган маалыматка ылайык, мындай алдын ала макулдашуу "Вымпелком" менен АКШнын Баалуу кагаздар жана биржалар боюнча комиссиясы, Юстиция министрлиги жана Голландиянын Башкы прокуратурасы менен биргелешкен сүйлөшүүдөн улам келишилген.

17-февралда жарыяланган отчетто ишкананын Өзбекстандагы бизнеси жана анын Takilant Ltd компаниясы менен түзүлгөн келишимдери боюнча иликтөөлөрү тууралуу жазылган. Takilant Ltd компаниясын учурунда Гүлнара Каримованын жакын курбусу жана оң колу Гаяне Авакян башкарып турган.

“Алдын ала жетишилген макулдашууга ылайык, компания жана анын айрым бөлүмдөрү АКШнын чет жердеги коррупциялык ишмердүүлүгү тууралуу мыйзамын жана голландиялык мыйзамдарды бузганын моюнга алат жана АКШ менен Нидерландиянын коррупцияга каршы күрөшкөн органдарына айып пул төлөп берүүгө даяр. Айып пулдун көлөмү иликтөө алкагында милдеттендирилген суммадан ашпайт” - деп жазылат докладда.

"Вымпелком" Гүлнара Каримовага бир миллиард доллар пара берди деген шек менен иликтөөгө алынган.
"Вымпелком" Гүлнара Каримовага бир миллиард доллар пара берди деген шек менен иликтөөгө алынган.

Өткөн жылдын ноябрь айында "Вымпелком" “Өзбекстандагы иш” боюнча айып пулга деп 900 миллион доллар бөлдү. Айрым маалыматтарга караганда компания бул өлкөлөрдүн тескөөчүлөрүнө болжол менен бир миллиард доллар төлөп берүүгө даяр. Rambler News Service агенттиги өз булактарына шилтеме берип, жакында "Вымпелком" жогоруда аталган өлкөлөр менен макулдашууга жетишкени тууралуу жарыяларын кабарлады.

Булак маалымдагандай, компания АКШ тескөөчүлөрүнө болжол менен 750 миллион доллар, ал эми Евробиримдикке 250 миллион доллар төлөп берүүгө даяр. Ал эми "Вымпелкомдун" отчетунда АКШ менен Голландиянын коррупцияга каршы күрөшкөн органдарына гана айып пул төлөнөрү тууралуу сөз болгон.

"Вымпелкомдун" Швеция менен Финляндиядагы TeliaSonerа компанияларына байланыштуу чуусу 2012-жылы тутанган. Америкалык жана европалык укук коргоо органдары байланыш операторлору Өзбекстандын соода базарына чыгуу үчүн президент Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримовага 1 миллиард доллар пара берди деген шек менен иликтөө жүргүзгөн.

Айып пул төлөп бергенден сырткары бул эки компания Өзбекстандын байланыш рыногунан кетүүгө даярдыгын билдирген. Акциясынын 54 пайызы Норвегия бийлигине караштуу "Теленор груп" компаниясы өзүнүн акцияларынын 33 пайызын (болжол менен 2,2 миллард доллар) "Вымпелком" компаниясына сатканы маалым болду.

Андан тышкары Гүлнара Каримовга 350 миллион доллар пара бергени тууралуу шектелип жаткан TeliaSonerа компаниясына 1,7 миллард доллар айып пул салынышы мүмкүндүгү дагы айтылууда.

17-февралда New York Times басылмасы АКШнын Юстиция департаменти Гүлнара Каримованы акча уурдоого шектелген чет өлкөлүк жарандардын тизмесине киргизгенин жазып чыкты.

“Алар бийликте туруп миллиондорду уурдашкан” деген аталыштагы макалада:

“Гүлнара Каримова Өзбекстан президентинин кызы, мурдагы дизайнер жана модель. Ал Гарвардда билим алган, ырдап, бир нече видеоклиптерге да тартылган. Зер буюмдардын дизайнын ойлоп таап, Өзбекстандын Испаниядагы жана Улуттар Уюмундагы өкүлү болуп турган. Кошмо Штаттар Каримова орус жана башка чет элдик компаниялардан алган 300 миллион долларды конфискациялоону көздөөдө. Акча үчүнчү компаниялар аркылуу которулган. Азыр анын бардыгы америкалык банктардын филиалдарында сакталуу. Ал эми Гүлнара Каримова учурда Ташкентте үй камагында жатканы маалым” - деп баяндалат.

"Вымпелком" компаниясы Өзбекстанга 2005-жылы кирген.

XS
SM
MD
LG