Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:16

Ташкент Москвага кыялын көрсөтүүдө


Президент Ислам Каримов (оңдо) Ташкен аэропортунда президент Владимир Путинди тосуп алууда. 4-июнь, 2012
Президент Ислам Каримов (оңдо) Ташкен аэропортунда президент Владимир Путинди тосуп алууда. 4-июнь, 2012

Москванын экс-советтик Евразия өлкөлөрүн өз тегерегине топтоо аракетине капылет “канжар” урулду. Өзбекстан Орусиянын жетегиндеги Жамааттык коопсуздук келишими уюму - ЖККУга мүчөлүгүн токтотконун билдирди.

Өзбекстан 1999-жылы Жамааттык коопсуздук келишими уюму - ЖККУдан чыкканда Москванын мурдагы советтик мейкиндиктеги өкүмзордугуна каршы түзүлгөн ГУАМга кошулган. ГУАМды Грузия, Украина, Азербайжан, Молдова чогуу түзгөн.

ЖККУ Орусиянын өзүн бакубат, килейген саясий-аскердик блокту баштаган лидер өлкө болууга умтулуу мүдөөсүнөн жаралган уюм. Ага үлгү катары СССР түптөгөн коммунисттик шериктештикке мүчө 8 өлкөнүн башын кошкон Варшава келишими уюму алынган. ЖККУнун мүчөлөрү ортосундагы кызматташуу көп тараптуу эмес, эки жактуу мамилеге негизделип, анын уюлунда Москва турат.

Уюмду бүгүнкүгө чейин Батыш тааный элек. Ошон үчүн ЖККУга мүчө Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстан НАТО, АКШ, дагы башка Батыш оюнчулары менен эки тараптуу кызматташып жүрөт.

ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Кремлдеги саммитте. Москва, 15-май 2012
ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Кремлдеги саммитте. Москва, 15-май 2012
Ташкендин ЖККУдан чыгуусун Вашингтондогу "Жеймстаун" фондунун талдоочусу Владимир Сокор мындай түшүндүрөт:

- 2014-жылы көпчүлүк Батыш аскерлери Ооганстандан чыгып кеткенден кийин ЖККУнун Борбор Азиядагы ролу өсөт деп божомолдонууда. Ырасында эле, 2001-жылга чейинки тажрыйба көрсөткөндөй, орустар ЖККУга мүчө өлкөлөрдү айланасына тизүү үчүн Ооганстан Борбор Азияга коркунуч туудурууда деген ташбыйкатын күчөтөт. Алар, албетте, Ооганстандан коркунуч болууда дешип, Орусия төрүндөгү ЖККУнун негизинде тартиби катуу структураны курганга аракет кылышат. Бул көз караштан алганда, Өзбекстандын ЖККУну таштап кетүүсү Москванын берегидей кадамдарынан этияттануу болушу мүмкүн. Балким Өзбекстан коркунучтуу зонадан сыртта турууну каалайт жана кысымга кабылып, өлкөнүн эгемендигинин чектелишин каалабайт сыягы.

Белгилей кетели, Өзбекстан оболу ЖККУдан чыгып, алты жыл ГУАМдын катарында жүргөндө Батыш менен ысык ымала күткөн. Дал ошо тушта АКШга Каршы-Ханабад авиабазасын Ооганстандагы аскердик операцияларда колдонууга ижарага берген. 2005-жылкы Анжиян тополоңунан кийин Вашингтон жана башка Батыш өлкөлөрү кызыл кыргындын көз карандысыз иликтенүүсүн талап кылганда, Ташкен кайра ЖККУга кайтат. Америкалык аскерлер Ханабаддан чыгарылат.

Москвада чыкчу “Коммерсант" басылмасынын жазышынча, былтыр күздө Өзбекстан ЖККУ мүчөлөрүн “НАТО жана Евробиримдик сыяктуу тышкы саясатта “бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып”, "бир ооздон сүйлөөгө” милдеттендирген документке кол койбой койот. Бирок быйыл президент Путин Ташкенге күтүүсүз барып, президент Каримов менен бир катар келишимдерге кол койгон. Ошондон кийин көпчүлүк серепчилер Москва-Ташкен арасындагы карама-каршылыктар жымсалданды деп боолгошкон. Бирок Ташкендин 28-июндагы расмий нотасы Ислам Каримов бул мертебе да өз жолу менен кеткенин Орусия менен ЖККУ мүчөлөрүнө көрсөттү.

ЖККУнун биргелешкен аскердик машыгуусу. Ош дубаны, 15-март 2012
ЖККУнун биргелешкен аскердик машыгуусу. Ош дубаны, 15-март 2012
Владимир Сокордун оюнча, Орусия бул жолу да Ташкендин оюнун “ичтен сызып” кабыл алат:

- Арийне, бул Орусиянын Борбор Азиядагы аброюна суу бүрктү. Орустар бул шапалакты жеңил эле денесине сиңирип алат. Алар мындай соккуну мурда Өзбекстандан жана башкалардан жеп жүргөн. Орустардын териси калың. Бирок Өзбекстандын кадамы ЖККУ нукура уюм эмес экенин айгинеледи. Бул ЖККУну Батышка таанытам деген Москванын аракетине зыян келтирет. Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө да ЖККУ зарыл уюм эмес экенин даңазалайт.

Кээ бир талдоочулар Ташкендин Жамааттык коопсуздук келишими уюмун чанып кетүүсүн АКШлык аскерлерди Ооганстандан чыгаруу менен байланыштырышат.

Учурда Кошмо Штаттар Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан менен Ооганстандан чыгарылчу аскерий техниканы аларга калтырып кетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Серепчилер Пентагон Борбор Азиянын аскердик базаларын пайдаланууга кызыкдар экенин айтышат.

Ташкен ЖККУдан чыккан соң Москванын макулдугу жок эле аскерий базаларын АКШга пайдаланууга бере алат.

Орусиянын Федерациялар Кеңешинин эл аралык иштер комитетинин башчысы Михаил Мергеловдун айтымында, Ташкен башынан эле ЖККУга шектенүү менен мамиле кылган. Анткени мамлекетти башкаруунун өзбек модели кандайдыр бир кризистик кырдаалда тыш өлкөлөрдүн аскерий жардамына жол бербейт. Ал эми Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жобосу айрым бир жагдайда өз мүчөлөрүнө аскерий жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Баса, 2010-жылкы Ош менен Жалал-Абаддагы кыргыз-өзбек урушу маалында президент Роза Отунбаева ЖККУдан аскерий күч сурап, Орусия президенти Дмитрий Медведевге кайрылган. Бирок өтүнүч канааттандырылган эмес. Аскердик-техникалык жардам берүү маселеси көтөрүлүп, бирок ара калган. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун өкүлдөрү Ошко келип, кеп-кеңеш берүү менен чектелишкен.

XS
SM
MD
LG