Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:57

Каримованын 10 млн $ батири камакка алынды


Гүлнара Каримова
Гүлнара Каримова

Өзбек президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримованын Москвадагы үч кабаттуу үйү камакка алынганы кабарланууда.

Маалымат агенттиктери жазганына караганда, Гүлнара Каримова бул квартираны 2003-жылы эле 2 миллион доллардын тегерегинде сатып алган экен. Азыр “Камолет” комплексиндеги кыймылсыз мүлктүн бир чарчы метринин баасы 750 миң рублдан жогору турат.

“Независимая газета” басылмасы өзбек лидеринин кызынын квартирасы 420 чарчы метр көлөмдө экенин, анын азыркы баасы 10 млн. доллардан жогору бааланарын жазып чыкты.

“Камолеттогу” квартираларды сатуу менен алектенген Москвадагы House mall агенттигинин кызматкери Анастасия Татарская Гүлнара Каримова жашаган элиталык үйлөрдүн азыркы баасын айтып берди:

- Бул комплексте жакында эле 13-кабаттагы көлөмү 400 чарчы метрлик үй 8 миллион долларга сатылды. Ошондо ар бир чарчы метри 16-18 миң доллардан бааланды.

Татарскаянын айтымында, бул комплексте көбүнчө орусиялык бизнес элита жашайт.

Өзбек президентинин кызынын бул элиталык квартирасын сатууга тыюу салынганы тууралуу CNews агенттиги Мамлекеттик Думадагы булакка таянып жазып чыкты. Ушул эле агенттиктин телекоммуникация базарындагы дагы бир булагы жайында эле Каримованын бул “укмуштай батири” опусталаарын айткан болчу.

Орусиялык ММК мунун себебин жакында эле Өзбекстандагы бизнесинен биротоло кол жууган орусиялык МТС уюлдук операторунун өзбек бийлиги менен тил табыша албай калганынан улам деп боолгошту. Буга чейин Орусиянын Тергөө комитети Өзбекстандагы орус инвесторлорунун укугу бузулганына байланыштуу кылмыш ишин козгогон эле.

Талаштан кийинки тиреш

Орусиялык МТС уюлдук байланыш компаниясынын Өзбекстандагы бөлүмү – “Уздунробита” деген ат менен иштеп, 2004-жылы бул компанияны Гүлнара Каримова МТСке саткан болчу. Жаңжалдын баары “Уздунробита” компаниясынын башкы директору, Каримованын ишенимдүү адамы саналган Бекзод Ахмедов Өзбекстандан качып кеткенден кийин башталды.

Өзбек бийлиги Ахмедовго бир катар айыптарды тагып, Интерпол аркылуу издөө жарыялап, бирок аны Орусияда жашынып калышына МТС компаниясынын жетекчилиги көмөк көрсөттү деп айыптаган. Ушул сыяктуу жаңжалдардан көп узабай август айында МТС уюлдук оператору Өзбекстанда ишин токтотууга мажбур болгон. Өзбек бийликтери уюлдук байланыш операторун салык жашырганы жана башка мыйзамсыз иштери үчүн айыптаса, МТСтин жетекчилиги расмий Ташкенттин аракетин компанияны тартып алуу катары баалаган.

Компаниянын стратегиялык өнүгүү боюнча вице-президенти Майкл Хеккер “Азаттык” менен маегинде буларды айткан эле:

- Президентке жакын адамдар, анын үй-бүлө мүчөлөрү, бийлик чөйрөсүндөгү башка таасирлүү адамдар жөнүндө жоромолдор көп. Бирок бул жоромолдорду биз азыр коомчулукка ачык талкуулабайбыз. Анткен менен биз өкмөттүн, прокуратуранын, тескөөчү мекеменин бир жерден башкарылган аракеттерине күбө болуудабыз.

Ошентип 9 милллиондой абоненти бар МТСти сот бардык лицензияларынан ажыратып, компаниянын топ-менеджерлери бир нече айлап түрмөдө отурушкан. Бирок өткөн жумада МТС жетекчилиги менен өзбек бийлиги иштешүү боюнча кайрадан сүйлөшүүлөрдү башташканы маалым болду. Каримованын опусталган батири да бул сүйлөшүүлөрдүн алдында атайын даярдалган иш болушу мүмкүн деп жазды Regnum сайты.

Өзбек президентинин кызынын жоруктары жана анын байлыгы тууралуу түрдүү аңыз кептерге чекит коюлбай келатат. Азыр 40 жаштагы Гүлнара Каримованын байлыгы 500 млн. долларга бааланууда жана анын ысмы Швейцариядагы эң эле бай айымдардын тизмесинде аталып жүрөт.

Жакында эле Гүлнара Каримованын учурда Швейцарияда камакта жаткан бизнесмен менен арам акчаны адалдаштырууга жана башка финансылык кылмыштарга катыштыгы бар экенин ачыктаган документтер жарыяланган.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG