Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Өзбекстан: Сурак берген аял өз жанын өзү кыйды


Гулсумой Абдужалилова (оңдо).
Гулсумой Абдужалилова (оңдо).

Өзбекстанда милиция оппозициянын сүргүндөгү лидерине каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлаган аял өз жанын өзү кыйганы белгилүү болду.

Бул маалыматты адам укугун коргоочу жергиликтүү уюмдардын бири шардана кылды. Оппозициядагы Өзбекстан Элдик кыймылы болсо өз жанын өзү кыйган аялды милиция кыймылдын лидерлеринин бири Мухаммед Салихти өлтүрүүгө макул болууга мажбурлаган деп ырастоодо.

Анжиян облусунун Каттакурган районунун отуз эки жаштагы тургуну Гулсумой Абдужалилова өз өмүрүнө милицияда төрт күн катары менен сурак берип келген соң кол салган экен. Окуя мындан төрт күн мурун, 4-декабрдын кечинде болгон.

Өзбекстандын Адам укуктары альянсы деген бейөкмөт уюмдун башчысы Елена Урлаева:
Ал Өзбекстанга кайткан кезде атайын кызматтар билип калса керек. Алар биздин кыймылга, биздин интернеттеги барагыбызга киргендерге, ким-ким менен байланыш түзгөнүнө көз салып турушат.

- Анжиян облусунун ички иштер боюнча башкармалыгы аны 4-декабрда кеч бошоткон. Ал үйүнө келип, “башкалардын өмүрүн кыйганча, өзүм өлгөнүм артык”, - деп айткан. Түн ичинде таблетка ичүү менен каза тапкан.

Укук коргоочу Елена Урлаеванын айтымында, Абдужалилованы оппозициядагы өзбек саясатчысына каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлашкан:

- Төрт күн бою таң заардан каш карайганга чейин ички иштер башкармалыгында кармашкан жана Өзбекстан Элдик кыймылынын лидери Мухаммед Салихке каршы көрсөтмө жазууга мажбурлашкан.

Гүлсумой Абдужалилова өз жанын өзү кыюуга милицияда сурак берип келгенден кийин барганын “Азаттыктын” өзбек кызматына маркумдун ысымын атагысы келбеген курбусу да ырастады.

Абдужалилова полицияга эмне үчүн чакыртылганы жана төрт күн кармалганы боюнча расмий түшүндүрмө жок. Бул суроого Анжияндын ички иштер башкармалыгы тараптан комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

Ал эми оппозициядагы Өзбекстан Элдик кыймылы өз интернет сайтындагы билдирүүсүндө Гулсумой Абдужалилованы президент Ислам Каримовдун режиминин “кезектеги курмандыгы” деп атады.

Өзбекстан Элдик кыймылынын Швеция борбору -Стокгольмдагы нааразылык акциясы. 2-сентябрь, 2011-жыл.
Өзбекстан Элдик кыймылынын Швеция борбору -Стокгольмдагы нааразылык акциясы. 2-сентябрь, 2011-жыл.
Өзүн бир катар саясий партиялардын, укук коргоочу уюмдардын, четте жана Өзбекстандын ичинде саясий жактан активдүү жарандардын башын бириктирген уюм деп мүнөздөгөн бул кыймылдын ырастоосуна караганда, маркум өз трагедиясын кенен-кесири сүрөттөгөн кат калтырып кеткен.

Милицияда кыйноого кириптер болгон, көрсөтүлгөн кысымды бир тууган эжесине айтууга үлгүргөн. Ага эгер ал Мухаммед Салихти өлтүрүүгө макул болбосо, анын үй-бүлөсү запкы тартарын эскертишкен. Бир нече жылдан бери четте баш калкалап жүргөн Мухаммед Салих - Өзбекстан Элдик кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири.

Өз жанын өзү кыйган Гулсумой Абдужалилова Германиядагы университеттердин биринин студенти экен. Мекенине кышкы эс алууга барган. Өзбекстан элдик кыймыл быйыл майда өзүнүн уюштуруу жыйынын Германия борбору Берлинде өткөргөн болчу. Бирок кыймыл маркум Абдужалилова уюмга активдүү мүчө болбогонун белгилейт.

Өзбекстан Элдик кыймылынын координатору жана уюштуруучулар кеңешинин мүчөсү Намаз Нармомун “Азаттыкка” буларды айтты:

- Биринчиден, мен билгенден, ал башка мекендештердей же биздин элдин бир өкүлү катары биздин кыймылга кызыгуусун интернет жана Facebook сайты аркылуу гана көрсөтүп келген. Анда интернетте башкалардай эле байланыш түзгөн. Балким ал да биздин активисттер менен кат алышса керек. Бирок мен ал биздин активдүү мүчөбүз болгон же кыймыл үчүн иштеген деп айта албайм. Бул нормалдуу эле жарандын кызыгуусу болгон. Бирок ал Өзбекстанга кайткан кезде атайын кызматтар билип калса керек. Алар биздин кыймылга, биздин интернеттеги барагыбызга киргендерге, ким-ким менен байланыш түзгөнүнө көз салып турушат.

Өзбекстан Элдик кыймылынын интернет баракчасындагы маалыматка караганда, быйыл сентябрда Орусиянын Иваново шаарында алардын активисттеринин бири, Орусиянын жараны Фуад Рустамходжаев киши колдуу болгон.

Кыймыл түзүлгөндөн бери Ташкенттеги бийликке каршы АКШда, Европа өлкөлөрүндө, Түркияда нааразылык акциясын өткөргөн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG