Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:07

Өзбек бийлигин Паркенттеги баракчалар кооптондурду


Ташкенттеги Хаст-имам аянты. Паркент борбордон 20 чакырымдай алыстыкта жайгашкан.
Ташкенттеги Хаст-имам аянты. Паркент борбордон 20 чакырымдай алыстыкта жайгашкан.

Өзбек бийликтери Ташкенттин жанындагы Паркент районунда коопсуздук чараларын күчөтүп, Улуттук коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлигинин ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүн жайгаштырууга барышты.

1-майда маалымдалгандай, Ташкент облусунун Паркент районунда жардыруулар жөнүндө эскертүү айтылган баракчаларды тараткан деген шек менен үч адам камакка алынды. Алардан башка өспүрүм кармалганы да айтылууда. Өспүрүмдүн камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатканын Өзбекстандын Ички иштер министрлиги өз пресс-релизинде ырастады.

Көз карандысыз “Узметроном” интернет басылмасынын жана “Азаттык” радиосунун өзбек кызматынын маалыматына караганда, Сирия менен Ирактын бөлүктөрүн көзөмөлдөгөн “Ислам мамлекети” радикал тобунун эн белгиси тартылган баракчалар Паркент районунун Хисарой кыштагындагы мектептин айнегинде алгач 26-апрелде пайда болгон.

Арап ариби менен, бирок өзбек тилинде жазылган баракчаларда мектептин имараты жардылары айтылган. Бул тартип коргоо органдарына белгилүү болор замат Паркентке күч түзүмдөрүнүн брондуу техника коштогон бөлүктөрү барып, кыштакты дароо көзөмөлгө алган.

Адамдардын автоунаалары, мобилдик телефондору, үйлөрү текшерилип, кыштакта бейрасмий коменданттык саат да киргизилген. Жергиликтүү тургундарга кечки саат 9дан кийин үйдөн чыкпоо зарылдыгы эскертилген.

Өзбекстандык укук коргоочу, Көз карандысыз укук коргоочулардын демилгелүү тобунун башчысы Сурат Икрамов “Азаттык” менен маегинде Ташкенттен 20 чакырымдай аралыкта жайгашкан Паркент району динге катуу берилгендер арбын жашаган аймак экендигине көңүл бурду:

- Мен бул районду көптөн бери эле билем. Ташкент облусунун райондорунун ичинен динге катуу берилгендер эң көп жашаган район. Бул райондо динчилдер совет заманында эле көп болчу. Кийин көз карандысыздык жылдары Ташкент облусу ичинен диний жүйө менен соттолгондордун эң көбү да ушул райондон чыкты. Андыктан бул жердеги кырдаал баракчалар табылганга чейин эле тыкыр көзөмөлдөнчү. Маселен, мектептерде жоолугун чечүүдөн баш тарткан аял мугалимдерди иштен бошотушкан. Эми “Ислам мамлекети” радикал тобунун эн белгиси тартылган, ага чакырган баракчалар табылгандан кийин үч адамды, андан башка бир өспүрүмдү камашып, тергөө жүрүп жатканы айтылууда. Кармалгандарга олуттуу айып коюлушу мүмкүн. Айтор Паркент күч структураларынын баарынын көңүлүн бурдурду.

Укук коргоочу Сурам Икрамов “Азаттык” менен маегинде Өзбекстандын мамлекеттик телевидениеси Паркенттеги окуялар жөнүндө эч нерсе айтпаганын кошумчалады.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын маалыматына караганда, Паркенттеги коопсуздук операциясына көзөмөл салуу үчүн бул районго Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Рустам Иноятов, ички иштер министри Адхам Ахмедбаев да барышкан.

Алардын сапары алдында Паркенттин өзүндөгү Транспорт жана кызмат көрсөтүү колледжинин, бала бакчанын, көп кабаттуу үйдүн имаратынан пластик бөтөлкөгө салынган баракчалар табылган. Баракчаларда алар ташталган имараттар жакынкы күндөрү жардырылары эскертилген. Мындан улам коопсуздук күчтөрү ошол имараттарды курчоого алып, күнү-түнү көзөмөл орнотулган.

Өзбекстанда буга чейин коомдук жайларда жардыруулар 1999-жылы Ташкентте, 2004-жылы Бухарада болгон эле.

Өзбек бийликтеринин азыркы кооптонуулары Ирак менен Сириядагы “Ислам мамлекети” радикал тобунда жүздөгөн өзбекстандыктар бар экени, ал эми “Өзбекстан ислам кыймылы” деген топ Ооганстанда кайра активдеше баштаганы айтылып жаткан учурга туш келди.

Былтыр сентябрда “Ислам мамлекети” радикал тобунукуна окшош кара желекти белгисиз бирөөлөр Ташкенттеги чоң көпүрөгө илип кетишкен.

Өзбек бийликтери бул уюмга кошулуп кеткен жарандарынын так санын айтпайт. Бирок президент Ислам Каримов “Ислам мамлекети” радикал тобун өлкө үчүн чоң коркунучтардын бири катары бир нече ирет атаган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG