Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

"Алга, Каракалпакстандын" лидери жардам сурады


Соолуп бараткан Арал деңизине жакын жайгашкан Каракалпакстанда газ, жарык жок, май куюучу жайларда бензин тартыш.
Соолуп бараткан Арал деңизине жакын жайгашкан Каракалпакстанда газ, жарык жок, май куюучу жайларда бензин тартыш.

Өзбекстандын Каракалпак автономдуу жумуриятынын тургуну, “Алга, Каракалпакстан” кыймылынын лидери Аман Сагидуллаев кыргыз бийлигинен жана эл аралык уюмдардан жардам сурады.

Ушул тапта Кыргызстанда баш калкалап жүргөн бозгун жакында билдирүү таратып, Өзбекстандын атайын кызматы аны Бишкекте издеп жүргөнүн, уурдап кетүү аракети болуп жатканын жазган. Укук коргоочулар Сагидуллаев жана анын үй-бүлөсү азыр кооптуу абалда экенин белгилеп жатышат.

Аман Сагидуллаев өзү Каракалпакстан Ички иштер башкармалыгындагы ишенимдүү булактарга таянып, аны кармоо үчүн Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын эки кызматкери жана милициянын эки өкүлү Бишкекке келгенин билдирүүдө. Айтымында, Өзбекстандын атайын кызматынын өкүлдөрү он күндөн бери аны аңдып жүрөт. Мунун айынан үй-бүлөсү качкындар лагеринен чыга албай, балдары мектепке барбай, окуусун токтотууга аргасыз болушканын “Азаттыкка” билдирди:

- 22-октябрда күч түзүмдөрдөнбүз деген адам балдарым окуган 67-мектепке барып, директордун орун басары Ирина Борисовнадан биздин дарегибизди, балдарым каякта экенин сурап кетиптир. 27-октябрда УКМКданбыз деген үч киши барыптыр. 16-октябрдан бери биз эч жакка чыкпай, жашынып отурабыз. Балдарым да окууларын токтотууга аргасыз болушту. Анткени алардын өмүрүнө коркунуч болду. Биз бул боюнча БУУнун Кыргызстандагы Качкындар комиссариатына кайрылсак, алар бизге ишенген жок. “Адилет” укук коргоо уюмунун өкүлдөрү да бул фактынын бар экенин аныктап чыкты. Мен го кала берем, эркек адаммын. Жок дегенде балдарымды коопсуз жайга чыгаруу керек болуп турат.

Маал-маалы менен ушул өңдүү ураандар чыгып калат
Маал-маалы менен ушул өңдүү ураандар чыгып калат

Аман Сагидуллаев өзү 2011-жылы саясий куугунтуктун айынан Өзбекстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. 2012-жылдан бери Кыргызстанда баш калкалап жүрөт. Өзүнүн айтымында, Өзбекстанда ага “ири сумманы уурдап алган жана мыйзамсыз пайдаланган” деген берене боюнча кылмыш иши козголгон. Муну саясий ишмердүүлүгүнө, Каракалпакстандын көз карандысыздыгы үчүн референдум өткөрүү демилгесине байланыштуу жасалма ачылган иш деп эсептейт.

Ал мекенинде калган өзүнүн жана аялынын туугандары да бийликтин куугунтугуна кабылып, үйлөрү тинтүүгө алынып жатканын билдирди. Мунун айынан бир туугандары, Жумабай жана Бахыт Сагидуллаевдер жакында эле Кыргызстанга качып келүүгө аргасыз болушту.

- Менин бир туугандарым прокуратуранын түнкү 11ден таңкы 4кө чейинки сурагына, уруп-согууларына чыдабай, документтери жок Кыргызстанга качып келишти. Өзбекстанда Сагидуллаев фамилиясында эркек адам калган жок. Бардыгы куугунтуктан улам качып кетүүгө аргасыз болушту. Үйлөрүбүзгө чейин тинтип, акчасын алып кетип атышат. Бул менин саясий ишмердүүлүгүмө байланыштуу. Мен акча уурдаган эмесмин. Биз Каракалпакстан көз карандысыз болуп, эл эркин жашасын деп референдум өткөрөлү деп демилге көтөргөнбүз.

"Атайын кызматтар кызматташат"

2012-жылдан бери “Алга, Каракалпакстан” кыймылынын лидери саясий качкын макамын сурап, БУУнун Качкындар башкармалыгына эки жолу, Кыргызстандын Миграция, жаштар жана жумуш менен камсыз кылуу министрлигине кайрылып, жооп ала албай келатканын билдирет.

Сагидуллаев боюнча “Кылым шамы” укук коргоо уюму да өзүнчө кайрылган. Анын башчысы Азиза Абдирасулова эл аралык уюмдар да алардын тагдырына кайдыгер карап жатканын белгилейт. Ошондой эле башка өлкөлөрдүн атайын кызматтары Кыргызстанда кенен-кесир жүргөнү биринчи учур эмес экенин кошумчалады:

- Чынында эле Сагидуллаев Каракалпакстандын эгемендүүлүгү, ошол жердеги жарандардын укуктары бузулгандыгы боюнча өзүнүн саясий билдирүүлөрү менен чыгып жүргөн экен. Муну биз ар кандай сайттагы кабарлардан да окуп, билдик. Азыр анын өзү эле эмес, аялынын да туугандары куугунтукталып атат. Кыргызстанга келгенине бир топ убакыт болуп калганына карабай БУУнун Качкындар иши боюнча башкармалыгы качкын макамын берүүдөн баш тарткан. Коргоочунун жардамы менен Улуттар уюмунун Алматыдагы аймактык башкармалыгына кайрылуу жолдогонбуз. Бирок азыркыга чейин катыбызга жооп ала элекпиз. Жооп бербеген себебин да билбейбиз. Өзбекстандын атайын кызматы аңдыганы Кыргызстанда биринчи окуя эмес. Анжиян окуясынан кийин Жалал-Абад, Базар-Коргон, Ошко качып келгендерди Өзбекстандын атайын кызматтары уурдап эле алып кетип турушкан.

Марат Иманкулов
Марат Иманкулов

БУУнун Качкындар башкармалыгы бул боюнча комментарий берген жок. Ал ортодо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов өлкө уруксат бермейинче, башка өлкөнүн атайын кызматы Кыргызстанда өз алдынча иш жүргүзүүгө укугу жок экенин билдирүүдө.

- Чет мамлекеттин атайын кызматкерлеринин биздин аймакта иш жасаганга укугу жок. Бирок мурдагы СССРдин чөлкөмүндө болгон, азыркы КМШ мамлекеттеринин атайын кызматтарынын ортосунда чалгындоо иштерин жүргүзүү жана кылмыш иштери боюнча бири-бирине жардам көрсөтүү боюнча келишимдер бар. Бирок анын алдында бизге маалымат жөнөтүп, алдын ала уруксат алуу керек. Керек болсо уруксат берилет, болбосо жок. Ансыз өз алдынча келип иш жасаганга укуктары жок.

Жалгыз жол - референдум

УКМКдан буга байланыштуу жооп алууга мүмкүн болгон жок. Өзбекстандык мурдагы дипломат, учурда бозгунда жүргөн Ташболот Юлдашев расмий Ташкендин каракалпакстандыктарга кысымы күч экенин “Азаттыкка” айтты:

- Сагидуллаевдин коркуп атканына негиз бар. Анткени ал Каракалпакстан өзүнчө бөлүнүп жашаса жакшы болмоктугун, анткени ал Өзбекстандын эң жарды жери, өзбек бийлиги каракалпакстандыктарды террорчу көрсөтүп, кысып салганын айтып жүрчү. Ал автономияда газ, жарык жок, май куюучу жайларда бензин тартыш. Мындай абал Африкада да жок. Каримов бийлигин сындаган адам кимге керек? Ошондуктан албетте Сагидуллаевди аңдышат. Мен муну өз жонтерим менен сезгем. Анын өмүрү коркунучта.

Анжиян, 17-май, 2005-жыл
Анжиян, 17-май, 2005-жыл

2005-жылы май айында Өзбекстандагы Анжиян шаарындагы кандуу окуяда Кыргызстанга качып келген 450дөн ашуун өзбек атуулу саясий качкын макамын алып, Европа өлкөлөрүнө өткөрүлүп берилген. Ал эми төрт атуул Анжиян окуясына чейин эле оор кылмыш кылган деп шектелип, кылмыш иши козголгондугу үчүн качкын макамы берилбей, кайра Өзбекстанга кайтарылган болчу. Бул үчүн расмий Бишкек эл аралык коомчулуктун сынына кабылган.

Эксперттер Каракалпакстандын эгемендүүлүгү Баш мыйзамга ылайык оңой эле чечилчү маселе экенин белгилешет. Бул үчүн каракалпакстандыктардын көпчүлүгү референдумда көз карандысыздыкты колдоп, добуш бериши керек. Бирок референдумду өткөрүү жөнүндөгү мыйзамды Өзбекстан парламенти кабыл алуусу зарыл. Ал эми Каримовдун көзөмөлү астындагы парламентте мындай мыйзамды колдоочу депутаттар жокко эсе. Соңку жылдарда эле 200 миңге чукул киши Каракалпакстандан көчүп кетти деген такталбаган маалыматтар бар.

XS
SM
MD
LG