Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Салих: Жалгыз душманыбыз - Каримов диктатурасы


Өзбекстан элдик кыймылынын төрагасы Мухаммад Салих
Өзбекстан элдик кыймылынын төрагасы Мухаммад Салих

Мухаммад Салих - өзбек оппозициясынын көрүнүктүү лидери. Акыркы 20 жылга чукул убакыттан бери Өзбекстандан сыртта жашоого мажбур.

Июндун аягында Прагада өткөн өзбек оппозициясынын курултайында Мухаммад Салих Өзбекстан элдик кыймылынын төрагасы болуп шайланды. Акын-саясатчы кыймылдын максаты, Өзбекстанда президент Каримов түптөгөн авторитардык бийлик, Ташкендин ири дүйнө өлкөлөрү менен болгон мамилеси, Ош окуяларына байланыштуу айткан пикири тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Өзбекстан элдик кыймылынын Прагада чогулуусуна ким түрткү болду? Ким уюштурду бул курултайды?

Мухаммад Салих: Бул курултай Өзбекстан элдик кыймылы, анын жетекчилиги жана мүчөлөрүнүн сунушу менен өтүүдө. Бул Өзбекстан элдик кыймылынын экинчи курултайы. Биринчи курултай былтыр Берлинде болгон. Анын күн тартибиндеги бардык маселелер чечилди: жаңы жетекчилик шайланды, кыймылдын жобосу жана программасына өзгөртүүлөр киргизилди, кыймылдын лидери кайра шайланды.

“Азаттык”: Оппозиция лидерлери Өзбекстанда эмес, ар кандай тыш өлкөлөрдө жашайт. Кыймылдын ишин ким координациялайт?

Мухаммад Салих: Бизде региондор боюнча координаторлор бар. Алар жыйында шайланды. Биз жалаң өлкө сыртында эмес, өлкөнүн өзүндө да аракеттенип жатабыз. “Эрк” кыймылынын баш катчысы Атаназар Арипов курултайга Ташкенден келди. Биздин кыймылды жалаң эмигранттар түзбөйт. Биз азыр кыймылдын ишмердүүлүгүн Өзбекстандын ичинде жайылтканга умтулуудабыз. Себеби кыймыл Өзбекстандын ичинде иш жүргүзбөсө, ал элдик кыймыл боло албайт.

“Азаттык”: Өзбекстан ичинде азыр уюмдашып иштөө аябай оор да. Жыйналышка мүмкүнчүлүк жок...

Швециядагы өзбек оппозициясынын митинги, 2-март, 2012-жыл
Швециядагы өзбек оппозициясынын митинги, 2-март, 2012-жыл
Мухаммад Салих: Абдан кыйын. Ага карабастан, биз жашыруун болсо да чогулуп иштеп жатабыз. Бул ишибизди токтотпой уланта беребиз. Биз ачык иш жүргүзө албай жатабыз. Жашыруун иштөөдөбүз. Бирок биз куралдуу кыймыл эмеспиз. Биз режимди тынч жолдор менен өзгөрткөнгө аракет кылуудабыз. Ага да азыркы режим жол бербей жатат. Ошон үчүн ишибизди жашыруун жүргүзгөнгө мажбурбуз. Мунун өзү Өзбекстандагы режимдин зулум, мээримсиз экенин көрсөтөт.

“Азаттык”: Өзбекстан ислам кыймылынын акыркы пресс-релиздеринин биринде “Тынч жол менен бийликти алмаштыруу мүмкүн болбой калды. “Араб жазы” ошол мифти жок кылды" деп айтылган.

Мухаммад Салих: Тынч жол жок. Бирок биз ага карабай өз аракетибизди тынч жол менен улантуудабыз. Мен жалаң фактыларды айтуудамын. Бүгүн тынч жол менен режимди алмаштыруу мүмкүн эмес экени факт. Эгер кимдир бирөө чыгып: "Тынч жол менен режимди алмаштыруу мүмкүн”, - десе, бул адам же жалганчы, же эки жүздүү.

Бүгүнкү реалдуу чындык бул: Азыркы режимди тынч жол менен алмаштыруу мүмкүн эмес. Бийликти тынч жол менен алмаштырмак болгонубузда, эмне болгонун Анжиян окуясы көрсөтпөдүбү. Тынч демонстрацияны, тынч элди кырып таштады. Бир нече миң кишини атып өлтүрүштү.

Сиздер расмий маалыматтарга карабаңыздар! Анын баары калп. Биздеги маалымат боюнча, Анжиянда бир нече миң киши набыт болгон. Мына, тынч жол менен күрөшүүнүн натыйжасы. Мен бүгүн бийликке каршы курал алып күрөшүү керек деп айтып жатканым жок. Бирок эл кайсы бир күнү биз Каримовго каршы күрөштү куралдуу жүргүзөбүз десе, калк ошондой жолду тандаса, биз баарыбыз эл менен чогуу болобуз. Элибиз кайда барса, биз да ошол жердебиз.

Токтобогон аракет тууралуу

“Азаттык”: Ар кандай саясий партия менен кыймылдын элге үнүн жеткирчү басма сөз органы болот. Өзбекстан жабык өлкө болгондуктан, сиздер өз идеяларыңызды, максаттарыңыздарды элге кантип жеткирип жатасыздар?

Мухаммад Салих: Азыр кабар алмашуу өтө кеңири масштабда жүрүүдө. Биз интернетти да, гезиттерди да пайдаланабыз; өз маалыматтарыбызды принтер менен көбөйтүп жайылтабыз; аудио, видео, СД менен таратабыз. Бул иш жигердүү жүрүүдө.

Бир гана “Одноклассники” байланыш желесинде 14 миң мүчөбүз бар. Алардын ар бири 3-4 адамга айтса, тарапкерлерибиз дагы көбөйөт. "Фейсбукта" да 5-6 миң чамалуу мүчөбүз бар. Бир жыл ичинде интернеттеги мүчөлөрүбүз бир канча эсе көбөйдү. Өткөн жылы оптимист бирөө: “Каримовдун режимин жарым жылда кулатабыз” деген убада берди. Жакшы ниетте айып жок. Бирок Каримовду жарым жылда кулатуу мүмкүн эмес. Биз Каримовду бийликтен оодаруу үчүн күнү-түн тынбай күрөшүүбүз керек. Ал үчүн аракеттенебиз.

Бул ишти бүгүн ишке ашыра албайбыз. Себеби режим бар күчү менен бизге каршы күрөшүүдө. Бирок да ар бир режимдин бир өмүрү бар. Каримовдун өмүрү аягына чыгууда. Түгөнүп барат. Биз Каримовдун өмүрү бүткөн тушта күчтүү болуубуз керек.

Бул режим жыгылган тапта биз калктын ичиндеги туруктуулукту сактагандай күчтүү болушубуз шарт. Биз удаа эле буга да даярданып жатабыз. Эл башаламандыкка, балекетке кабылбаш керек. Өлкөдө жарандык уруш башталып кетпеш керек. Муну алдын алуу керек.

Каримов айта албаган сөз тууралуу

“Азаттык”: Сиз былтыр күздө “Фергана.Ру” сайтына курган маегиңизде Ош окуяларына токтолуп, президент Каримовдун ошол учурда аскер киргизбей, тынчтыкты сактап калганын туура эмес болгон деп айткансыз.

Мухаммад Салих: Жок, туура эмес болгон деп айткан эмесмин.

“Азаттык”: Ошол интервьюда өзбектердин укугун коргоо үчүн саясий жана аскердик кийлигишүү болуш керек дегенсиз. Азыр деле ошол ойдосузбу?

Мухаммад Салих: Жок, мен ал пикиримден кайткан жокмун. Мен мындай дегем: Каримов бул ишти токтоткула деп катуурак айтканда, тополоң токтойт эле. Каримов антип айтпады. Каримов "бул алардын ички иши" деп чектелди. Адамдарды өлтүрүү эч бир мамлекеттин ички иши эмес. Ушул негизден алганда, инсандардын укугун тепсөө Кыргызстандын ички иши эмес. Биз буга аралашуубуз керек: “Токтот, бул адам өлтүрүүнү”,- деп айтуубуз керек. Мына ушул сөздү Каримов айткан жок дегем.

“Азаттык”: Ошол кезде Өзбекстан кандай чара көрүш керек эле? Кыргызстанга аскер жибериш керек беле?

Мухаммад Салих: Эгер бул иш токтобой улана берсе, аскер жөнөтүү бир чара катары колдонулушу мүмкүн эле. Себеби ал жерде бир элди этностук негизде жок кылуу башталган. Сиз да менин бир тууганымсыз.

Мен түрк дүйнөсүн бириктирүү үчүн ортого чыккан адаммын. Өмүр бою түрк элдеринин биримдиги үчүнмүн. Сен да түрксүң, мен да түркмүн. Түрктөр баары бир эл. Бирок эгер бир өзбек сенин элиңди кордоп жатса, мен азыр сага айткандай нерсени өз элиме айтат болчумун. "Токтот, бул калабаны" деп айтмакмын.

Муну ар кандай күч менен токтотуу керек деп айтмакмын. Бүгүн да ушуну айтам. Себеби кыргыз да менин бир тууганым. Эгер бир күнү конфедерация түзүлүп, кыргыз тили мамлекеттик тил болсо, мен кыргыз тилинде эркин сүйлөйм. Бул мени эч качан кемсинтпейт. Мен ушундай биримдикти жактайм жана сиздин дагы ушундай биримдик үчүн болууңузду каалайм.

Режимден кийинки жашоо тууралуу

“Азаттык”: Евразия экономикалык шериктештигинин келечеги кандай болот деп ойлойсуз? Анткени шериктештик ичинде канча көп документтерге кол коюлса да, Өзбекстан бүгүн обочолонуп бөлүнүп алды; чек араны аң казып бөлдү. Каримов бийликтен кетсе да ушул саясат уланабы?

Мухаммад Салих: Каримов бийликте турганда изоляция эч жакка качпайт. Дагы улана берет. Себеби Каримов президенттик тактысын сактоосу үчүн бөлүнүү, изоляция ага керек. Эгер Өзбекстандын дарбазасы ачылса, өлкөгө ар жактан, анын ичинде Кыргызстандан эркиндик келет. Азыр Өзбекстан жабык, зулум, авторитардык мамлекетке айланды. Ошондуктан эч качан дарбазаны ачпайт. Дарбаза Каримов кеткенден кийин ачылат. Муну бардык элдер билиш керек. Азыр Өзбекстанды дестабилдештирип жаткан бирден бир нерсе, бул - Каримов. Каримов режими дебейм. Себеби анын өзү режим.

Каримов кетмейинче, Борбор Азияга тынчтык, бейкуттук келбейт. Молчулук болбойт. Бизнес жакшы болбойт. Адамдар эркин жүрбөйт. Өнүгүү болбойт. Кандай болгон күндө да Өзбекстан түбөлүктүү өлкө. Орто Азиянын жүрөгү. Муну өзбек болгонум үчүн гана айткан жокмун. Бул факт.

Каримов диктатордук бийликти орнотконуна карабастан, бүтүн дүйнө Өзбекстан менен мамиле курганга аракет кылат. Кыргызстан менен эмес. Анткени Өзбекстан маанилүү өлкө. Ошон үчүн Өзбекстандагы режимдин алмашуусу бүтүн Борбор Азияга өзгөрүш алып келет. Ошон үчүн бул диктатордун кетүүсү зарыл. Ар кандай ойлонгон адам, акыл-эстүү түрк, мен түркмөнстандык, казакстандык, кыргызстандык жөнүндө да айтуудамын, Каримовдун кетиши үчүн бир нерсе кылыш керек. Силер дагы.

“Азаттык”: Сиз өз сөзүңүздө дүйнө лидерлери Өзбекстанды колдойт дедиңиз. Чын эле Өзбекстан НАТО менен иштешкенге аракет жасоодо. Ташкен НАТО аскерлери Ооганстандан чыккандан кийин биз менен көбүрөөк иштешсин деп, Жамааттык кызматташтык келишими уюму - ОДКБдан чыкты. Сиздин оюңузча, Орусия жана АКШ Ислам Каримовду канчага чейин колдойт?

Мухаммад Салих: Ислам Каримов алардын кызыкчылыгына кызмат кылып турганда, колдой беришет. Кечээ жакында бир батышчыл (орусиялык) расмий адам ачык айтты: Анжиянда кыргын болгондо биз Ташкенди колдодук деди. Ага карабай бизди унутту деди. Ачык айтууда. Америка жана башкалар Ташкенди сындады деди. А мына эми бизге кыянаттык кылууда деди. Ар бир мамлекет өз максатын көздөйт. Өзгөчө, Орусия, Кытай. Мына ушул максаттан улам Каримовду колдоп кубаттайт. Бүгүн да ошондой.

“Азаттык”: Эгер Өзбекстанда өзгөрүүлөр болсо, эл сизди колдойт деп ишенесизби?

Мухаммад Салих: Албетте, ишенбесем бул саясатты жүргүзбөйт элем.

“Азаттык”: Сизди сырт өлкөлөрдөн ким колдойт деп ойлойсуз. Америкабы же Орусиябы?

Мухаммад Салих: Мен Америкага да, Орусияга да душман эмесмин. Мен өз калкымдын эркиндиги үчүн жол издеп, күрөшүүдөмүн. Эгер биз бийликке келсек, Орусия, Кытай, Батыш менен жакшы мамиле түзгөнгө умтулабыз. Биз эч кимге душман эмеспиз. Душманды доско айланталы деген программабыз бар. Досту душманга айланталы деген эмес. Ошон үчүн бизде бүгүн бир гана душманыбыз бар. Ал - Каримовдун диктатурасы. Биз бар күчүбүз менен мына ушул диктатурага каршы күрөшөбүз.

“Азаттык”: Рахмат.
Салих: Каримовду кулатуу үчүн күнү-түнү иштейбиз
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:44 0:00
  • 16x9 Image

    Амирбек Азам уулу

    "Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Санкт-Петербургдагы Финансы жана экономика университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG