Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:21

Каримованын Франциядагы мүлкү камакка алынды


Гүлнара Каримовага караштуу Шато Груссе (Le Château de Groussay) сарайы Парижден 50 чакырымдай алыстыкта жайгашкан жана 1815-жылы курулган.
Гүлнара Каримовага караштуу Шато Груссе (Le Château de Groussay) сарайы Парижден 50 чакырымдай алыстыкта жайгашкан жана 1815-жылы курулган.

Францияда өзбек президентинин кызы Гүлнара Каримованын мүлкү камакка алынганы белгилүү болду. Бул тууралуу француз медиасы жазып чыкты. Буга чейин өзбек президентинин кызынын мүлкүнө карата мындай чара Швейцарияда көрүлгөн эле.

Парижде чыгуучу “Либерасьон” гезитинин жазганына караганда, соттун чечими менен камакка алынган мүлктөр Гүлнара Каримова менен катар, анын жакын адамы деп саналган Рустам Мадумаровго таандык.

Француз басылмасы өзбек президентинин кызынын камакка алынган мүлктөрүнүн катарында Парижден 50 чакырым алыстыктагы Шато Груссе сарайын атаган. Көлөмдүү жери менен катар өз опера театры, паркы, атканасы, павильондору бар бул сарай кезинде 28 миллион еврого сатылып алынган экен.

Мындан сырткары Парижден наркы 20 миллион евролук батир жана Франциянын түштүгүндөгү Сан-Тропе шаарынын жанынан да бир вилла камакка алынган.

Экономикалык кылмыш курмандыктарын коргоо боюнча Париждеги “Шерпа” (SHERPA) ассоциациясы - бул ишке кылдат байкоо салып жаткан уюм.

Каримова үй камагында.16-сентябрь, 2014-жыл.
Каримова үй камагында.16-сентябрь, 2014-жыл.

Уюмдун ысымын ачыктоону каалабаган өкүлү “Азаттыктын” өзбек кызматы менен маегинде Францияда Каримовага караштуу делген мүлктөр сот чечими менен былтыр сентябрда эле камакка алынганын, маалымат медиага болсо эми гана чыгып жатканын ырастады:

- Ооба, бул туура маалымат. Мүлктөр адегенде Швецияда, андан кийин Швейцарияда башталган тергөөгө байланыштуу камакка алынган. Швейцария тергөөгө жардам берүүнү өтүнүп, Францияга кайрылган. Өз кезегинде Франция Гүлнара Каримова же ага жакын адамдардын өлкөдө мүлкү же активи бар-жогун аныктоого киришкен. Каримовага караштуу мүлктүн камакка алынышы иликтөө жүргүзүп жаткан соттун ыйгарым укугундагы маселе. Бул сот жараяндан кийин чыккан чечим эмес. Франциянын системасы боюнча тергөөгө тартылган сот полиция менен иштешип, эгер жетиштүү далилдер табылса, өз ыйгарым укугунун негизинде активдерди камакка алуу жөнүндө чечим чыгарат. Бизде азырынча сот боло элек.

Экономикалык жана коррупциялык кылмыштардын курмандыктарын коргоо боюнча "Шерпа" уюмунун өкүлү Францияда камакка алынган мүлктөр Каримовага таандык экенинин далили катары төмөнкү фактыларды атады:

Гүлнара Каримова
Гүлнара Каримова

- Француз бийликтери Каримова акционери болгон компанияларды табышкан. Маселен Invest Service Group, Invest Studio деген компанияларды Гүлнара Каримова жана Ирина Емельянова негиздешкен. Бул эки компания 2009-2010-жылдары Парижде каттоодон өткөн. Ruby International деген компания болсо Парижде Рустам Мадумаровдун ысымына катталган. Гүлнара Каримова Invest Service Group, Invest Studio компанияларынын башкы акционери болгон. Бул эки компаниянын башкаруучусу катары Алишер Эргешов жазылган. 2012-жылы ноябрда ал Акмал Саидов менен алмаштырылган.

Франциялык "Шерпа" уюмунун өкүлү камакка алынган мүлктөр мына ушул компанияларга катталганын, бирок Каримовга каршы Францияда кандайдыр бир кылмыш иш ачылбаганын, ага кандайдыр бир айып коюлбаганын кошумчалады.

Алдыда ысымы аталган Рустам Мадумаров, Гүлнаранын жакын адамы катары былтыр Өзбекстандын өзүндө камалып, алты жылга эркинен ажыратылганы кабарланган.

Ал мыйзамсыз ишкердик кылган, салык төлөөдөн качкан, арам акчаны адалдаган, чет элдик валютаны сыртка ири көлөмдө мыйзамсыз алып чыккан деп айыпталган. Ал эми Алишер Эргашов 2012-жылы арам акчаны адалдаштырды деп шектелип, Швейцарияда кармалган. Кийинчерээк күрөөгө бошотулган.

Каримованын Женевадагы вилласы. 27-декабрь, 2013-жыл.
Каримованын Женевадагы вилласы. 27-декабрь, 2013-жыл.

Гүлнара Каримова былтыр мартта Швециянын TeliaSonera компаниясынын Өзбекстанда пара беришине байланышкан иште кылмышка шектүү деп аталган. Ал эми Швейцария өзбек президентинин кызын арам акчаны адалдоого катышы бар деп шектөөдө. Мындан улам Швейцарияда Өзбекстандын активи делген 900 миллион доллардай акчанын эсеби жабылып, Каримовага караштуу турак жай камакка алынган.

Мекенинде болсо Каримова былтыр марттан тарта үй камагына алынып, ал эми сентябрда Башкы прокуратура кылмышка шектүү катары расмий жарыялаган. Бирок кылмыш иши сотко жетер-жетпеси азырынча анык эмес.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG