Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

ИМ өзбек радикалдарын эки жаатка бөлдү


Согушкерлер Молдо Омарга ант берүүдө
Согушкерлер Молдо Омарга ант берүүдө

Сириядагы “Имам Бухари” радикалдык тобу “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна каршы согуш жүргүзөрүн жарыялады. Өзбектер түзгөн бул топ “Талибан” кыймылынан ушундай буйрук алганын айтып чыкты.

Буга чейин Өзбекстан ислам кыймылы “Ислам мамлекетинин” катарына кошулганын жар салган эле. Муну менен Сириядагы өзбек жоочулары кайчы багытка кептелди.

"Азаттыктын" өзбек кызматы менен байланышка чыккандар “Имам Бухари” кошууну “Ислам мамлекети” радикалдык тобу менен көз караштары төп келбей калганын кабарлады. Алар эми “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөш жүргүзүү үчүн “Талибан” кыймылына “сөз беришкенин” дагы айтышты.

“Имам Бухари" тобунун мүчөсү, атын атагысы келбеген согушкер WhatsApp байланышы аркылуу жиберген катында буларды жазган:

- "Ислам мамлекети” кыймылынын акыйдасы татаал. Анын жетекчиси Багдади бузулган, рахатка берилип кеткен адам. Биздин кошуундун согушкерлери ага эч качан ант беришпейт. Биз “Талибандын” мурдагы жетекчиси Молдо Омарга ант бергенбиз, андан кийин кыймылдын жаңы башчысы Ахтар Мансурга ант бердик.

Негизинен өзбек тектүүлөрдөн түзүлгөн “Имам Бухари” тобу Сириянын аймагында 2013-жылдан бери согушуп жүргөн ири кыймылдардын бири деп саналат. Анын курамында кеминде 300дөй согушкер бар. Алардын баары үй-бүлөсү менен көчүп-конуп жүрүшөт:

- "Ислам мамлекети” жалган жол менен баратат. Алар мусулмандарды да өлтүрүп жатат. Багдади мусулмандардын мүлкүн тартып алып, аялдарын 500 доллардан сатып жиберген. Ошондон кийин бизге “Талибан” кыймылынын жетекчисинен “Ислам мамлекетине” каршы күрөшкүлө” деген фатва келди. Эми биз аларга каршы согушабыз!

“Имам Бухари" уюму ушул тапта Сирияда алты миңдей өзбек тектүү жаран согушуп жүргөнүн да айтат. Алардын ар кимиси ар башка топторго мүчө. “Ал-Каида” уюмуна тутамдаш топтор саналган “Жабхат ан-Нусра” менен “Ахрар аш-Шам” тобунда бир нече миң, "Жейш-ал-Мухаджирин вал-Ансар" жана "Руман аш-Шам" топторунда дагы жүздөгөн өзбекстандык согушкерлер бар.

Жалаң өзбектерден турган “Имам бухари” тобу болсо эми биринчилерден болуп “Ислам мамлекетине” каршы моюн толгоду.

Эл аралык аналиктиктер буга чейин “Ислам мамлекети” халифаты тарабынан көзөмөлдөнүп аткан аймактагы согушкерлер ача пикирге келип жатканын кабарлаган. Анын ичинде өзбек тектүү согушкерлер да карама-каршылыктарга кабылганы айтылган.

Мурдараак Абу Хусейн Узбеки деген ысым менен видеокайрылуу тараткан согушкер Өзбекстан ислам кыймылы өзүн-өзү жойгонун, эми алар “Ислам мамлекети” кыймылынын катарына кошулганын жарыялаган.

“Эркин Европа/Азаттык” үналгысы таанышып чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон эки жарым мүнөттүк тасмада Саид Хафиз аттуу адам “Ислам мамлекети” террорчул уюмунун халифи саналган Абу Бакр ал-Багдадинин өкүлү болуп дайындалганы, ал эми Өзбекстан ислам кыймылы анын карамагына өткөнү баяндалат:

- Эми халифаттын атынан Хорасан вилайети деп жарыя кылынып, ага жетекчи болуп Саид Хафиз дайындалгандан кийин Осмон Газы баштаган адамдар, ошондой эле мындан аркы аракетибиздин баары ушул кишинин бийлигине өттү. Башкача айтканда, Өзбекстан ислам кыймылынын согушкерлери расмий халифаттын Хорасан вилайетинин жоокерлери болуп калды. Өзбекстан ислам кыймылы мурда кыймыл болуп келсе, эми мамлекеттин ээлигине өттү, - деп айтылат аталган тасмада.

Ооганстан жана Пакистанда талиптер менен чогуу 20 жылдай согушкан террордук Өзбекстан ислам кыймылы ал тургай “Талибан” кыймылын да ИМдин катарына кирүүгө чакырган.

Кантсе да бул топтордо согушуп жүргөн жалпы жоочулардын саны так эмес. Сириядагы жана Ирактагы кырдаалды иликтеген бир катар аналитикалык борборлордун жана өлкөлөрдүн атайын кызматтары ар башка сандарды айтышат. Бул аймактагы согушкерлер 21-30 миң экенин АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгы (ЦРУ) кабарласа, Орусиянын атайын кызматтары 70 миңдей деп билдирет.

Ислам мамлекети кыймылы менен күрөш жүргүзүп аткан “Күрт автономиясынын” жетекчилиги болсо “Ислам мамлекетинин” катарында курал кармап жүргөндөр 200 миңден ашарын жарыялаган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG