Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

GM Uzbekistan концернинде коррупция чыры


Тахиржан Жалилов
Тахиржан Жалилов

Өзбекстанда GM Uzbekistan автоконцернин 2010-жылдан бери башкарган Тахиржан Жалилов камакка алынды. “Узавтосаноат” акционердик коомунун башчысынын орун басары да болгон Жалилов көз боёмочулук менен компаниянын акчасын кымырып алган деп айыпталууда.

46 жаштагы Тахиржан Жалиловдун камакка алынганын “Азаттыктын” өзбек кызматына өз булактары тастыкташкан. Маалыматка караганда, өзбек-америка автоконцернинин башчысы өткөн жума күнү Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Тахиржан Жалиловдун камакка алынганы тууралуу интернет булактарда да көптөгөн маалыматтар чыккан. Анда Жалилов “Орусияга сатыла турган автоунааларды криминалдык жолдор менен сатып, андан түшкөн акчаны офшордогу банктарга которгону” айтылган.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын “Узавтосаноаттагы” маалымат булагы айткандай, Тахиржан Жалилов “Орусияга экспорттоло турган “Равон” үлгүсүндөгү автоунааларды криминалдык жол менен сатуудан абдан байыган”.

Eltuz.com интернет-маалымат булагынын маалыматы боюнча, Жалилов өзү уюштурган схемалар аркылуу 200 миллиондон 500 миллион долларга чейин пайда көргөн.

Маалыматтар боюнча, Жалиловдун камакка алынышына президент Ислам Каримов жеке өз кийлигишкен.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын журналисти Шухрат Бабажанов маселе президент Ислам Каримовдун Москвага сапарынын алдында чыкканын айтат. Ошондо президент Каримов “Равон” үлгүсүндөгү автоунааны сатуудан түшө турган валюта жөнүндө сураганда, дурус жооп алалган эмес. Ошондон кийин текшерүү башталган.

Өзбекстанда чыгарылып, Орусияга экспорттоло турган, бирок Казакстанда убактылуу кармалып, анан Өзбекстанга кайра алып кирип автоунаа сатуунун себебин Шухрат Бабажанов Өзбекстандын ички базарында автоунаанын кымбаттыгы менен байланыштырат:

- Өзбекстандын ички базарында машинанын баасы кымбат. Үч эсе кымбат. Орусияда арзан. Мына ошону пайдаланышкан. Бул эски схема. Азыркы кезде Улуттук коопсуздук кызматынын эки-үч генералы коррупция боюнча кармалган. Ага чейин январь айында “Асаке” банкынын башчысы Кахрамон Арипов кармалган. Ал ошол заводдун акчасын кармаган. Ошондуктан бул маселе баарына эле белгилүү болгон. Бул жерде маселе бир топ кеңири жана чоң.

Өзбекстандык маалымат каражаттары GM Uzbekistan концернинде чыккан коррупциялык чатак өзбек өкмөтүнүн жетекчилигине да таасир этүүсү мүмкүн деп жазууда.

Маалыматка караганда, камакка алынган Тахиржан Жалиловдун жетекчиси же “Узавтосаноат” акционердик коомунун башчысы, вице-премьер-министр Улукбек Рузикулов. Аны үстүнөн биринчи вице-премьер-министр Рустам Азимов карайт. Айрым маалыматтар боюнча Рузикулов кызматынан бошотуу арызын жазган. Бирок ал расмий булактар тарабынан тастыктала элек.

Рустам Азимов болсо Өзбекстандын өкмөтүндө көп жылдардан бери иштеп келаткан ишмер. Аны айрымдар Каримовдун мураскери катары да көрүп жүргөнү маалым.

Бүгүнкү күндө “Узавтосаноатта” катуу текшерүүлөр жүрүүдө. Бул акционердик коомдун 2015-жылдагы соода жүгүртүүсү 4 млрд. доллар болгон. Анын курамында азыркы кезде 70 ишкана бар. Алардын катарында GM Uzbekistan, “Самарканд автомобиль заводу” жоопкерчилиги чектелген коом, JV MAN Auto-Uzbekistan сыяктуу автоунаа куроочу заводдор бар.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG