Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:19

Иран Женевага кандай шартта чакырылды?


Сириянын элдешүү боюнча министри Али Хайдар өлкөнүн биримдигине арналган жыйында сүйлөөдө. Дамаск, 16-январь 2014
Сириянын элдешүү боюнча министри Али Хайдар өлкөнүн биримдигине арналган жыйында сүйлөөдө. Дамаск, 16-январь 2014

БУУ Сирия боюнча ушу аптада болчу тынчтык сүйлөшүүсүнө Иранды чакырды. Уюмдун башкатчысы Пан Ги Мундун билдиришинче, Иран сүйлөшүүдө “позитивдүү жана конструктивдүү роль” ойнойбуз деп убада берген.

Иран Сириянын өткөөл өкмөтүн түзүү боюнча Женевада 22-январда ачылчу жыйынга БУУ тарабынан чакырылды. Бул жөнүндө эл аралык уюмдун башкатчысы Пан Ги Мун өзү билдирди. Анын 19-январда Нью-Йоркто кабарчыларга маалымдашынча, Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф “Женева-2” жыйынына эки жыл мурда кабыл алынган “Женева-1” коммюникеси негиз болорун Тегеран түшүнгөнүн айткан жана конференцияга Иран “оң салым” кошот деп убада берген:

- Бул конференцияга “Женева – 1” конференциясы негиз болгонун Иран түшүнөт жана “Женева – 2” конференциясынын башкы максаты эки жактын макулдугу боюнча толук укуктуу өткөөл өкмөттү түзүү болуш керек; Ирандын тышкы иштер министри эгер биз аларды чакырчу болсок, Иран позитивдүү жана конструктивдүү роль ойнойт деп, мага кайра-кайра сөз берди.

“Женева-2” конференциясынын күн тартибиндеги негизги маселе: 2012-жылкы “Женева -1” декларациясына ылайык, Сириянын өткөөл өкмөтүн түзүү. Тегеран Асаддын режимине каруу-жарактан жана акчалай жардам көрсөтүп, Сирияда өткөөл өкмөттү түзгөнгө каршы болгондуктан, Женевадагы биринчи конференцияга чакырылган эмес.

Орусия Женевадагы жыйынга Иран сөзсүз катышуусу керек деп санайт. Бул тууралуу тышкы иштер министри Серей Лавров 20-январда кайра билдирди:

- Менин оюмча, жагдай жакшы эмес. Биз эң башынан эле бул жыйынга кырдаалга таасир этчү барлык өлкөлөр чакырылсын, эч ким четте калбасын деп баса белгилеп жатканбыз. Иран Сауд Арабиясы сыяктуу, Перс булуңундагы мамлекеттер сыяктуу, Түркия, Египет же Ирак сыяктуу жыйынга катышуусу керек экенинен күмөн жок. Иран дүйнөнүн маанилүү бул чөлкөмүндөгү кырдаалга кошумча зыян келтирбей жөндөөгө түздөн-түз кызыкдар өлкөлөрдүн бири.

АКШнын позициясы Орусияныкынан бөлөк. Вашингтон оболу Иран Сирияда өткөөл өкмөттү түзүүнү жактаарын эл аралык коомчулукка шардана кылсын, болбосо Женева конференциясына катышуу жөнүндөгү чакыруу жокко чыгарылсын деген талап айтты. Бул жөнүндө маалымдаган Мамдепартаменттин өкүлү Жен Псаки айым Башар Асаддын өкмөтүнүн өз элине каршы жасаган зобун-зордугуна Ирандын көмөктөшүүсү АКШны “катуу кыжаалатка салганын” баса белгиледи.

Иран Пан Ги Мун айткандай, толук укуктуу өткөөл өкмөттү түзүүгө макул экенин жарыя кылышын БУУнун Коопсуздук кеңешинин вето укугуна ээ мүчөсү Британия да талап кылды.

Сирияда үч жылдан бери жүрүп жаткан согушта, БУУнун эсебинче, 130 миңден ашуун адам апаат болду.

Сирия өкмөтү Башар Асаддын президенттиктен кетүүсүнө макул эмес жана Женевада терроризм маселеси гана талкуулансын деген көз карашта. Себеби, Башар Асад бардык оппоненттерин террорчу деп санайт.

2012-жылы Иранда президент Махмуд Ахмединежад болчу. Андан айырмаланып, былтыр президенттикке шайланган Хасан Роухани Ирандын талаштуу ядролук программасы жана Сирия чатагы боюнча Батыш менен кызматташууга ынтасын көрсөтүүдө. Ушундан улам The Wall Street Journal гезити баамдагандай, Вашингтон Ирандын Сирия боюнча конференцияга катышуусуна каршы пикирин өзгөрттү.

Женева конференциясына 30 чамалуу мамлекет катышат. Бул эки күндүк жыйынды улай Сирия өкмөтү менен оппозиция өкүлдөрүнүн өткөөл өкмөттү куруу боюнча сүйлөшүүсү башталат. Маанилүү сүйлөшүү Улуттар уюмунун Женевадагы кеңсесинде өтөт деп мерчемделүүдө жана качан бүтөөрү беймаалым.

18-январда Сирия улуттук оппозициясы “Женева-2” сүйлөшүүсүнө катышалы деп чечкен. Бирок эртеси жыйынга Иран чакырылганын угуп, чакырууну жокко чыгарууну, болбосо Женевага барышпасын эскертишти.

XS
SM
MD
LG