Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Париж окуясы АКШ менен Орусияны тил табыштырабы?


Владимир Путин жана Барак Обама "Чоң жыйырманын" саммитинде, 16-ноябрь, 2-15-жыл
Владимир Путин жана Барак Обама "Чоң жыйырманын" саммитинде, 16-ноябрь, 2-15-жыл

Франциянын президенти Франсуа Олланд “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы АКШ менен Орусияны биргеликте күрөшүүгө чакырды.

Франсуа Олланд Париждеги террордук чабуулдан кийин АКШ менен Орусия ортодогу пикир келишпестиктерди унутуп, “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушкерлери менен күрөшүү үчүн биригиши керектигин айтты.

Түркияда өткөн "Чоң жыйырманын" жыйынында да дүйнө лидерлери Сирия маселеси боюнча бир пикирге келип, эл аралык терроризм коркунучуна каршы биргелешип күрөшүү чараларын талкууга алышты.

Француз президентинин чукул билдирүүсү

Франция парламентинин кош палатасынын биргелешкен чукул жыйынында президент Франсуа Олланд жакында АКШнын лидери Барак Обама жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуп, аларды тыгыз кызматташууга чакырарын билдирди.

“Биз жыйынтыкка жетүү үчүн бардыгыбыздын күчүбүздү бириктиришибиз зарыл, болбосо өтө кеч болуп калат” деди Олланд. Ошондой эле Олланд Франция терроризмге каршы күрөштү күчөтөрүн айтып, өлкө бүткүл дүйнөгө коркунуч жараткан жихадга байланыштуу согуш абалында экенин белгиледи.

"Чоң жыйырманын" саммити
"Чоң жыйырманын" саммити

Ал арада Түркиядагы “Чоң жыйырманын” жыйынында дүйнөлүк лидерлер терроризмдин каржылоо булактарынын тамырын кыркуу жана чалгын маалыматтарын алмашуу маселесине көңүл бурушту. Бул жагдай эксперттердин баамында, “Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөшүүдөгү жаңы кадам болду.

Ошондой эле Париждеги окуядан соң Сириядан же согуш жүрүп жаткан башка аймактардан Европага агылган миграцияны токтотуу чакырыгынан кармануу керек экени белгиленди. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган миграциялык кризисти террордук коркунуч менен бирдей кароого болбой турганын эскертти.

Ошол эле кезде Париждеги террордук чабуулду Францияга эле эмес, бүтүндөй Европага кол салуу катары кабыл алган Еврокомиссар Йоханнес Хан да бул эки маселени чаташтырбоого чакырды:

- Бул террордук чабуулду учурдагы миграция жана качкындар көйгөйү менен аралаштырбоо зарылдыгын белгилөө керек. Бул - эки башка маселе. Бирок биз азыр бул эки жагдайды аралаш карап жатабыз. Биз буга өзгөчө көңүл бөлүүгө тийишпиз. Ошол эле кезде биз европалык жашоо образыбызды коргоо үчүн жооп кайтаруучу соккуну берүүдө чечкиндүү жана бекем болушубуз керек.

"Ислам мамлекетинин" согушкерлери
"Ислам мамлекетинин" согушкерлери

“Ислам мамлекети” тобунун жаңы террордук чабуулдар менен Батышты коркутуп, “Рим менен АКШга чейин кол салабыз” деген эскертүүсү анын коркунучтуу дымагынан кабар бере турганы талкууланды. Франциянын премьер-министри буга чейин өлкөдө террордук коркунуч сакталып турганын айтып, Европага каршы жаңы террордук чабуулдар даярдалып жатканын билдирген болчу.

Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон менен Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиядагы саммиттин алкагында эки тараптуу сүйлөшүү жүргүздү. Дэвид Кэмерон соңку мезгилде террордук коркунучтун кеңейиши тууралуу буларга токтолду:

- Биз Францияда үрөй учурган террордук чабуулдардан кийин жолугушуп отурабыз. Бул терроризмдин толкунун жеңүү үчүн биз биргеликте иштешүүгө тийишпиз дегенди түшүндүрөт. Терррорчулук бир эле учурда Британия үчүн да, Орусия үчүн да, бардыгыбыз үчүн бирдей коркунуч болуп саналат. Ошондуктан биз бүгүн Сириядагы кырдаалды талкуулай алабыз деген ойдомун.

Париж окуясы тил табышууга өбөлгө түздү

Орусиянын сентябрь айынын этегинде Сирияда аба соккуларын башташы Башар Асаддын режимин чыңдоого багытталган деп Батышта сынга кабылган болчу. Анткени Орусиянын аскер учактары “Ислам мамлекети” террордук тобунун турумдарына караганда, Асаддын куралдуу оппозициясы жайгашкан аймактарды көбүрөөк бомбалап жатканы айтылган эле.

Орусиянын президенти Владимир Путин Париждеги террордук чабуул терроризмге каршы күрөш бирдиктүү болгон учурда гана натыйжалуу болорун көрсөттү деп айтты:

- Франциядагы кайгылуу окуялар биз бул террор каргашасы менен күрөшүү үчүн күч-аракеттерибизди бириктирүү зарыл экенин тастыктады. Биз муну мурда эле жасашыбыз керек болчу. Бирок бул жааттагы эки тараптуу мамилелер жакшы эмес учурда орун алып жатат.

Франциянын президенти парламентте Париждеги кол салуу төрт жылдан бери президент Асаддын режимине каршы жарандык согуш жүрүп жаткан Сириянын аймагында даярдалганын айтты. Асаддын режимин Орусия менен Иран, оппозициясын болсо Батыш колдогону белгилүү. Эки ортодон “Ислам мамлекети” террордук тобу чыгып, ал эки тарабы менен тең салгылашып, натыйжада кырдаал көзөмөлдөн чыгып баратканы белгиленди.

Париж окуясы Сирия маселеси боюнча эки жээкке бөлүнгөн тараптарды терроризмге каршы биригүүгө түртө турганын саммиттин жүрүшүндө дүйнө лидерлери моюнга алышты. Британ премьери Кэмерон эки ортодо ажырымдын азайганын айтып, бирок аны андан ары дагы жөнгө салуу үчүн тараптар мунаса табууга тийиш экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG