Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

АКШда айдоочунун күбөлүгүн азап менен алышат


Мен Америкада айдоочулук күбөлүктү кантип алганым жөнүндө баяндап бергим келип турат. Бул жөнүндө жазып жатканымдын да жөнү бар: эгер Кыргызстанда да АКШдагыдай система болсо, жол кырсыктары аз болмок деп ойлойм.

Мен АКШга жаңы келгенде айдоочулук күбөлүгүм жок эле. Сөзсүз айдоочулук күбөлүк алып, унаа айдайм деп максат кылдым.

Америкада күбөлүк алууну максат кылган адам эң оболу жол эрежелери жазылган китеп сатып алат, ал китептер бекер жана интернеттен да он-лайн тапса болот. Анда жазылгандардын баарын өз алдынча үйрөнгөндөн кийин written test теориясы боюнча тест тапшырат. Аны тапшыруу үчүн тиешелүү мекемеге барсаң, сени компьютерге отургузуп, тесттин тапшырмаларын берет.

Тест 25 суроону камтыйт, анын алты суроосуна эле туура эмес жооп берсең, автоматтык түрдө тестти тапшырган жоксуң деп, экранга чыгып калат. Ал тестти бир күндө үч жолу тапшырсаң болот. Эгер үчөөндө тең тапшыра албасаң, улам кайра даярданып, окуп, жаттап келип, сынактан өткөнчө тапшыра берсең болот.

Ошентип бул тестти тапшырган соң мекеменин жооптуу кызматкери сени vision, road sign test, кыргызчалап айтканда көчөдөгү жол белгилерин жана көзүңдүн көрүүсүн текшерүү максатында беш мүнөттүк дагы бир тестти багындырууга туура келет. Анын баасы 3 доллар 50 цент.

Ушулардын баарынан ийгиликтүү өткөндөн кийин жана документтериң жайында экенин текшерген соң бир жылга Permit Driver License (убактылуу айдоочулук күбөлүк) деген документ берет. Ал документ жаныңда бир адам (атаң, эжең же жолдошуң дагы башкалар) отурганда көчөдө машина айдоого уруксат дегенди билдирет. Эгер жаныңда айдоочулук күбөлүгү бар адам жок эле жалгыз айдап чыгып, жол кайгуул кызматкерине кармалсаң, эки жылга машина айдоо укугунан ажыратыласың.

Убактылуу айдоочулук күбөлүк менен айдап, жакшы үйрөнүп, өзүңө ишенип, толук даяр болгонуңду сезгенден кийин Driving test, башкача айтканда практикалык тест тапшырасың. Ал үчүн 20 доллар акы төлөйсүң, бирок анын баары расмий түрдө кагазга жана компьютерге жазылат.

Айдоонун бул практикалык тестин тапшыруу үчүн тиешелүү мекемеге барганыңда жооптуу кызматкер сенин жаныңда чогуу отурат жана машинаны көчөгө айдап чыгасың. Кызматкер жаныңда отуруп жөн гана оңго, солго, артка айда, токтот деп, ушул сыяктуу башка тапшырмаларды берип текшерет. Бирок андан башка эч нерсе дебейт, башкача айтканда машинаны кандай айдашты үйрөтпөйт.

Ошентип 30 мүнөттөй шаардын көчөлөрүн кыдыргандан кийин «тапшырдың» же «тапшырган жоксуң» деп гана айтат. Анткени сен унааны көчөдө айдап баратканда ал кылдат байкап, кайсы жерден ката кетиргениңдин баарын жазып турат. Бул практикалык тестти үч жолу гана тапшырганга укугуң бар. Үчөөндө тең тапшыра албай калсан, сени атайын унаа айдаганды үйрөтүүчү мектепке жиберет. Көп адамдар атайын үйрөтүүчү жайга жетпегенге аракет кылышат. Анткени ал жакта атайын уруксат документтерин күтүш керек болот жана окуунун өзү көп убакытты талап кылат. Булардан тышкары ал жакта акча да төлөп окуйсуң.

Мен машина айдоо боюнча практикалык тестти үчүнчү жолу тапшырганда гана өттүм. Алгачкы тапшырганымда өтө алган жокмун. Бирок ага анча деле капа болгон эмесмин. Дагы бир аз айдап, даярданып алып, кайрадан тест тапшырууга бардым. Тилекке каршы экинчи жолкусунда да өтө албай калдым. Ошондо гана бул жакта кичинекей катага да, дегеле бардык майда-чүйдө нерселерге да көңүл бурушарын түшүндүм. Ошондуктан үчүнчүсүнө аябай катуу даярданып, ар бир нерсеге көңүл бурдум. Бактыма жараша үчүнчү жолкусунда айдоочулук күбөлүк колума тийди.

Азыр көчөдө машина айдап жүргөндө биринчи жана экинчи жолку тесттен өткөрбөй коюшканына ыраазы болом. Анткени чынын айтыш керек, мен тестти үчүнчү жолу тапшырганда гана машина айдаганда толугу менен даяр болдум. Азыр мен жол эрежелерин абдан жакшы билем жана башка айдоочуларды, эң оболу өзүмдү күтүүсүз коркунучтарга кептебейм деп толук ишенем. Эгер Кыргызстанда да айдоочулук күбөлүктү алуу ушундай талаптар менен өтсө, башында айткандай жол кырсыктарынын саны кыйла азаймак.

Нуркыз, Америка, Миссури штаты.

XS
SM
MD
LG