Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:21

АКШнын табышмактуу жүгүнүн таржымалы


"Манас" аэропорту
"Манас" аэропорту

АКШ элчилиги орусиялык медиа каражаттар жапырт талкуулаган 150 тонналык дипломатиялык жүк элчиликтин Бишкекте курулуп жаткан жаңы имаратына керектүү материалдар экенин кабарлады.

Мындай маалыматты АКШнын Кыргызстандагы элчилиги таратты. Ошентсе да медиада эки учак менен ташылып келинген жүккө Кыргызстанга ыңкылап уюштуруу аракетиндеги шектүү буюм катары мамиле жасалып, түрдүү жоромолдор айтылууда.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги эки күндөн бери орус медиасы шектенип жаткан жүк боюнча комментарий берди. Кошмо Штаттардын элчисинин медиа маселелер боюнча кеңешчиси Жон Браун ташылып келген жүк дипломатиялык мекеменин жаңы имараты үчүн керектүү материалдар экенин “Азаттыкка” билдирди:

- Бул АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жаңы салынып жаткан имаратына керектүү материалдар. Дүйнө жүзүндөгү дипломатиялык миссиялар – биздин же башка өлкөлөрдөгү болобу – ушул сыяктуу дипломатиялык жүктөрдү, Дипломатиялык катнаштар жөнүндөгү Вена конвенциясында аныкталгандай, жергиликтүү өкмөт менен кызматташуунун негизинде жүргүзүлгөн катардагы эле иш-аракет деп кабыл алат. Мындан башка божомолдордун баары негизсиз жана жоопкерсиздикке жатат. Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташтык кеӊейген сайын кызматкерлерибиздин саны да табигый түрдө өсүүдө, ошондуктан жумуш орундарын кеңейтүү үчүн жаңы имаратка муктажбыз.

Украин элчилигинин алдындагы орусиячыл жарандар өткөргөн акция. Бишкек, 11-июнь, 2014.
Украин элчилигинин алдындагы орусиячыл жарандар өткөргөн акция. Бишкек, 11-июнь, 2014.

​Буга чейин "Дело №..." гезити марттын соңунда эки ирет белгисиз жүк менен Украинанын авиакомпаниясына таандык учак “Манас” эл аралык аэропортуна конгонун жазган. Ушундан улам Орусиянын маалымат каражаттары аны шектүү жүк катары чечмелеп жатышкан. Атүгүл Орусиянын мамлекеттик “Россия” телеканалы "бул жүк менен АКШ Кыргызстанда Украинадагыга окшош кезектеги ыңкылапты уюштурууга даярданып жатат" деп божомолдоп жиберген. Алар архивдеги окуяга тиешеси жок тасмаларды көрсөтүп, болушунча көбүртүп-жабыртууга аракет кылууда. Телеканалга сүйлөгөн жергиликтүү эксперт Игорь Шестаков жүк боюнча өз божомолун төмөнкүчө билдирди:

- Алып келинген жүктүн бир бөлүгү Кыргызстандын коңшуларын көзөмөлгө алуу үчүн колдонулушу мүмкүн. Контейнерлер менен дал ушундай жабдыктар келиши мүмкүн.

Анткен менен эксперттер бул окуяны дүйнөдөгү саясий абалдан улам Орусия ыңгайы келгенде АКШга каршы маалыматтык кампания катары колдонуп жатканын билдиришүүдө. Себеби, Украина маселесинен улам “кансыз согуш мезгилиндей” мамиле начарлагандан бери ушундай маанидеги ар кыл берүүлөр дембе-дем көрсөтүлүп келет. Анын ичинде орусиялык медиа ыңкылаптарга байланыштуу маалыматтарды таратууга өткөн. Түркиялык саясат таануучу Неждет Экинжи бул окуяны геосаясий майдандагы эрегиштин кезектеги оюну катары баалайт:

АКШ жана Орусиянын президенттери
АКШ жана Орусиянын президенттери

- Советтер Союзу тарагандан тарта эле Борбор Азияга үстөмдүк кылууну каалаган бир нече күч бар. Алардын ичинен Орусия менен АКШны эң активдүү деп атасак болот. Бирок акыркы дүйнөлүк кырдаалдан улам ар бир мамлекет өз таасирин дагы чыңдоого киришти. Анын алкагында бири-бирин сак-сактап, кандай окуя болбосун өз пайдасына колдонууга аракет кылат. Анан бир такталбаган кабар болсо да, ушул сыяктуу маалыматтык кампаниялар уюштурулат.

Мындай пикирге саясат талдоочу Кубан Абдымен да кошулат. Анын пикиринде, мындай кырдаалда Кыргызстан чоң саясаттын “объектине” айланууда:

- Албетте, эки тарап, эки идеология бири-бирине каршы келген учурда дал ушундай "куралдар" колдонулат. Орусия бул жаатта болушунча өз кызыкчылыгын колдонуп калууга аракет кылууда. Ал эми Кыргызстан ушул талаштын бир "объектине" айланды.

Украинадагы кырдаалдан улам Батыш менен Орусиянын мамилеси начарлап кетти. Мындай абалда Орусия мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдү өз таасиринен чыгарбоого аракет кыларын жашыруун да, ачык да билдирип келет. Расмий түрдө көп багыттуу тышкы саясат жүргүзөрүн жарыя кылган кыргыз бийлиги стратегиялык өнөктөш деп атаган Орусияга ылым санарын айтып келет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG