Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Рамсфелд: Анжияндан кийинки мамиле Өзбекстанды оң жолдон тайдырган


Дональд Рамсфелддин эскерүү китеби быйыл февралда сатыкка түштү.
Дональд Рамсфелддин эскерүү китеби быйыл февралда сатыкка түштү.

АКШнын мурдагы коргоо министри Дональд Рамсфелд расмий Вашингтондун 2005-жылкы Анжиян кыргынан кийин карманган туруму Өзбекстандын тескери багытта кетишине түрткү берди деп эсептейт. Америкалык ардагер саясатчы бул тууралуу атайы “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда билдирди. Ал дал ушундай эле оюн өткөн айда жарык көргөн эскерүү китебинде да айткан болчу.

АКШнын Коргоо министрлиги – Пентагонду эки ирет башкарган Дональд Рамсфелд “Белгилүү жана белгисиз” деген ат менен быйыл жарык көргөн эскерүү китебинде Борбор Азиядан Вашингтондун Өзбекстан менен ал бийликте турган кездеги мамилесине жана эки тараптын алакасынын бузулуш чоо-жайына жана анын кесепеттерине кең-кесири токтолгон.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Дональд Рамсфелд менен ушул аптада маектешкен кабарчысы андан ал Пентагонду жетектеп турган кезде башталган Ирак менен Ооганстандагы согуш боюнча эскерүүлөрү менен катар Өзбекстан боюнча жазгандары тууралуу да сурады. 2001-жылдын күзүндө АКШ Ооганстанда “ал-Каида” менен Талибанга каршы согуш ачканда, Өзбекстан Борбор Азиядан анын эң маанилүү өнөктөштөрүнүн бири болгону белгилүү.

“Азаттыктын” кабарчысы Рамсфелдге “сиз АКШнын 2005-жылдын май айындагы Анжиян кыргынынан кийин Өзбекстанга жасаган мамилеси америкалык администрациянын тышкы саясаттагы эң олуттуу катасы болгон деп ырастайсыз. Китебиңизде Анжияндагы көтөрлүш ислам мамлекетин курууну көздөгөн исламчыл экстремисттердин тобу тарабынан чыгарылганы тууралуу жазасыз. Ал эми аскерий чалгын боюнча агенттиктин ошол 2005-жылдын 30-июлундагы маалыматында Анжиян окуясынын жүйөөсү экстремисттик идеологияга караганда, социалдык - экономикалык оор абал менен репрессиячыл өкмөттүн саясатына карата кыжырдануу болгондугу айтылган. Сиз китебиңизде Анжиян окуяларына берген мүнөздөмөңүздү азыр деле коргойсузбу же мунун себеби Каримов режиминдеги коррупция менен репрессияда жатабы?”, - деген суроо жолдоду:

Рамсфелд: Мен, албетте, китепте жазгандарымды карманам жана чалгын маалыматтарынан адатта көп маселелердин ар кыл өңүттөрү боюнча жетишсиз жактары табылгандыктан чынында эмне болгондугу тууралуу кандайдыр бир тыянакка келгенге чейин алар анализдөөнү, жалпылаштырууну талап кыларын кошумчалап кетким келет. Ошол учурда биз эмне болуп жатканын толук аңдап-биле албай турганбыз. Андыктан менин көз карашымда ал окуянын ( Анжиян кыргынын) чыныгы жүйөөсү эмнеде жаткандыгы боюнча көптөгөн талкууларга али орун бар.

Ал эми китебимдеги комментарийлерге карата, менимче, адилет мүнөздөмө мындайча болушу керек: Биздин өлкөдө адам укуктары менен жарандык эркиндиктердин пайдасын жана мүмкүнчүлүгү өз режимдери жол бербеген өлкөлөрдүн жашоочулары үчүн өтө чечүүчү мааниге ээ деп эсептеген табигый принцип бар. Бул түшүнүктүү жана жакшы нерсе.

Экинчи жагынан эгер сиз дүйнөнү карасаңыз өзүн биз сыяктуу алып жүргөн, саясий системасы кыйла эле эркин баскычка жеткен өлкөлөр саналуу эле. Алсак Батыш Европаныкы, биздики, Австралияныкы жана Түштүк Корея, Жапония сындуу өлкөлөр. Бирок дүйнө мамлекеттеринин басымдуу бөлүгү мен айткандар карманган нукта эмес.

Борбор Азия мамлекеттери да АКШга же Батыштын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу кыйла эле эркин эместигинде кеп жок.

Анткен менен алар кайсыл нукта кетип бара жатышканына көңүл буруу зарыл. Эркин саясий системаны, эркин экономикалык системаны көздөйбү же артты карайбы? Өзбекстанды алсак, мен бул өлкөдө эркин саясий жана эркин экономикалык система жоктугунан такыр шек санаган эмесмин, бирок алар ушул багытты көздөй кетип бара жатышкан да.

Ал эми АКШ өкмөтүнүн фактылар билинип, анык болгонго чейин, аларды сындаган аракетинин натыйжасында, менимче, аларды биз баруусун каалаган жактан кетенчиктөөгө мажбурладык, кайра тескери, саясий системасы, экономикалык системасы анчалык эркин эмес багытты көздөй кетүүсүн шарттадык. Ошол эле учурда биз менен аба каттамдары, Карши -Ханабад базасын колдонуу жагынан кызматташып жаткан, алакабыз оңолуу жолуна түшкөн өлкө менен коопсуздук алакабызды буздук.

Өзүбүздүн жүрүм - турумубуз аркылуу Өзбекстан менен коопсуздук мамилебизге гана зыян келтирбестен, биз аларды кайра кыйла тескери турумду карманууну көздөй түрттүк.

Белгилүү болгондой? АКШ жана Батыш өлкөлөрү быйыл алтынчы жылга аяк баскан, өзбек өкмөтү 187, укук коргоочулар 1000дей киши өлдү деп ырастаган Анжиян кыргыны үчүн учурунда президент Ислам Каримовдун режимин айыптап, расмий Ташкенге каршы санкцияларды да киргизген.

Расмий Ташкент буга жооп кылып АКШ жана НАТО Ооганстандагы аскерий операциялар үчүн пайдаланып келген аба базаларды өлкө аймагынан чыгарган болчу. Ошондой эле батыштык медиа жана бейөкмөт уюмдардын ишине тыюу салууга өтүп, активисттерге каршы репрессияларды күчөткөн.

Өзбекстан менен Батыштын мамилеси кайра 2008-жылдан тарта гана оңолу жолуна түштү. Көпчүлүк байкоочулар муну кайра эле Өзбекстандын ооган согушундагы ролу менен байланыштырат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG