Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 09:07

Борбор Азия

АКШда өзбек жараны "террорист" деп кармалды

Өткөн аптада (23-январда) АКШнын Чикаго шаарындагы аэропортто Федералдык иликтөөлөр бюросу өзбекстандык жаран, мурдагы укук коргоочу Жамшид Мухторовду “террористтик уюмдун мүчөсү” деп камады.

Жамшид Мухторов АКШга келгенден кийин динге катуу берилип кеткен
Текст көлөмү - +
Ошол эле кезде Мухторов АКШда теракт даярдап жаткандыгы тууралуу полицияда эч кандай далил жок экенин да айтышты.

Колорадо штатында жашаган 35 жаштагы Жамшид Мухторов Түркияга бараткан жеринен кармалды.

ФБР аны “Ислам жихад кыймылына” кошулуп, алар үчүн иштегени жөнөгөн деп жатат. Азырынча тергөө иштери жүрүүдө.

Тергөөчүлөр ал жашаган үйдү тинтип, ноутбугу менен Blackberry чөнтөк телефонун алыш үчүн, анын электрондук дарегин буздуруп, ичиндеги маалыматты окуш үчүн ордер алышкан.

"Тойго" жөнөгөн жигит

Америкадагы Федералдык иликтөө бюросунан айтышкандай, Мухторов террористтик уюмдун өкүлдөрү менен түрдүү сыр сөздөр аркылуу кат алмашып турган.

Маселен, ал ошол уюмдан байланышка чыккан адам менен жазышкан катында өзүн “тойго” чакырышын сураныптыр. “Той” деген сөздү азыр тергөөчүлөр башка мааниде карап жатышат. Болгондо да “тойдо кандай гана кызмат болбосун, баарына, керек болсо, өлүмгө да даяр экенин" айткан.

АКШга келгенге чейин Ж.Мухторов динге анча берилбеген адам укугун коргоочу активист болчу дешет
​​Чалгынчылар Мухторовдун кат алмашууларын бир канча ай текшерип, аңдып жүрүшкөн экен. Алардын айтымында, былтыр апрелде ал уюмга жазган катында “тойго белек кылып акча салганы жатканын” айтат. Бир айдан кийин жазылган катта болсо “ошол белекти бериш үчүн өзү Стамбулга жөнөгөнүн” жазган.

Мунун баарын АКШдагы “The Huffington Post” гезити жазды.

Азыр Америкада жашаган өзбекстандык саясий качкын Ахмаджон Рахимов “Азаттыктын” өзбек кызматына сүйлөп жатып, алгач Мухторов динге деле кызыкпаганын айтты.

"Айылдык токтоо жигит..."

"Менин билишимче, ал АКШга 2007-жылы келген, - деди Рахимов. - Алгач динге анча деле кызыккан адам болгон эмес. Бул жакта катуу берилип кетти окшойт".

Рахимовдун айтымында, Жамшид көп сүйлөбөгөн, айылдык токтоо жигит. Аны менен эки жолу жолугушуп, бир нече ирет телефондон сүйлөшкөн экен. “Майда-чүйдө иштер менен эле алек болуп жүргөн”, - дейт Рахимов.

Жогорудагы басылманын кабарчылары да камалган өзбек жаранынын кошуналары менен сүйлөшүп, ал тууралуу ойлорун келтиришти. Кошуналарынын айтымында, Жамшид жүк ташуучу машине айдачу, үч перзенти жана аялы болуп жашашчу.

Алар көбүнчө эшигинин алдында, сыртта шашлык жасап калышчу дешет, анан 6 жаштагы кызы менен 4 жаштагы уулу ойногону анда-санда көчөгө чыгышчу экен.

Себепти издеп...

Бул АКШда өзбек жарандарына байланышкан чуулгандуу жалгыз иш эмес. Былтыр жайында 21 жаштагы Улугбек Кодиров “президент Барак Обаманын өмүрүнө коркунуч келтирген” деп камалган.

Өзбекстандык саясий качкын Ахмаджон Рахимов бизге сүйлөп жатып, эмне үчүн АКШдагы өзбек жаштары мындай радикал топтордун иштери менен байланышкан кылмыштар үчүн айыпталып жатышканына токтолду.

"Өзбекстандын жана Борбор Азиянын диний эркиндиги жок өлкөлөрүнөн жаштар андай эркиндик бар Америкага келишет да, көбүнчө натуура адамдарга туш болуп калышат, - деп эсептейт ал. - Жаштар интернеттеги түрдүү сайттар аркылуу динди окушат. Мен Өзбекстанда дин эркиндигинин жоктугун азыркы окуяларга негизги себеп кылып көрсөтөөр элем, анткени жаштар мекенинде көрбөгөнүн ушул жерден көрүшөт".

Эми непада Жамшид Мухторовдун күнөөсү далилденсе, ал 15 жылга чейин түрмөгө кесилиши жана 250 000 доллар айып пулга жыгылышы мүмкүн.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Асан каяктан: Көк тиреген Теңир-Тоо
05.02.2012 00:34
Буюрса бул жана бул сыяктуу адамдардан Ислам дини жабыркабаса экен...

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)