Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

АКШ Түштүк Кореяга F-22 жиберди


Америка Түштүк Кореяга F-22 үлгүсүндөгү аскердик учактарын жиберди. Сеул менен Пхеньяндын ортосундагы мамилелер чыңалып турган кезде радарга көрүнбөгөн бул учактар Түштүк Кореяда өтүп жаткан аскердик машыгууларга катышуу үчүн жөнөтүлдү деп кабарланууда.

Вашингтон бир нече учакты Жапониядагы Кадэна базасынан Түштүк Кореядагы Осан базасына учурду.

Өткөн жумада АКШ Пхеньяндын жарыясын провокация деп баалап, Түштүк Кореяга Б2 үлгүсүндөгү бомба таштачу учактарын да учурган.

1-апрелде Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе өлкөнүн коргоо министри Ким Кван Чжин жана башка аскер төбөлдөрү менен жолугушту. Жолугушуудан соң ал Түндүк Кореянын билдирүүсүнө “олуттуу маани берерин” белгиледи.

- Түштүк Кореяга жана өлкө элине кандайдыр бир чагымчыл иштер жасалса, буга эч кандай саясий себептерди эске албай, катаал жооп берилиши керек.

Ошол эле учурда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 31-мартта өлкөнүн “жаңы стратегиялык багытын” жарыялады. Ким Чен Ын бийликтин Эмгек партиясынын борбордук комитетинин пленардык жолугушуусун өткөрдү. Мындай форматтагы жолугушуу 1993-жылы акыркы жолу өткөрүлгөн.

Ким бул жолугушууда өлкө өзөктүк арсеналын өрчүтүп, эл аралык санкцияларга карабастан экономиканы бекемдей берерин баса белгиледи.

Түндүк Корея
Түндүк Корея
Сеул менен Пхеньяндын мамилеси ушул жылдын февралында Түндүк Корея өзөктүк куралды үчүнчү жолу сынаган соң чыңалган, ал эми Вашингтон менен Бириккен улуттар уюму кошумча санкцияларды жарыялашкан.

30-мартта болсо Түндүк Корея өлкө армиясы күжүрмөн даярдыкка келтирилип, эки өлкөнүн мамилеси “согуш абалына” киргенин жарыялаган.

Түндүк Кореянын мамлекеттик жаңылыктар агенттиги (KCNA) өткөн жума Түндүк Корея артиллериясы жана ракеталары азыр Түштүк Кореяны, АКШнын Тынч океандагы жана негизги аймагындагы базаларын бутага алып турат деп ырастаган.

Түндүк Кореянын лидери аскер башчылары менен
Түндүк Кореянын лидери аскер башчылары менен
1-апрелде Жапониянын министрлер кабинетинин башкы катчысы Ёсихидэ Суга Токиодо Түндүк Корея боюнча билдирүү жасады.

- Түндүк Корея мурдагыдай эле чагымчыл тилде сүйлөп жатат. Бул бизди абдан капалантат жана биз Түндүк Кореяны түрдүү чагымчыл кадамдардан сак болууга үндөйбүз.

Түндүк Корея өзүнүн аймагында жайгашкан Кесон өндүрүштүк зонасын жаап салам деп коркутууда. Бул жерде эки тараптын жумушчулары иштешет жана ушуга чейин эки өлкөнүн жакындашуусунун символу болуп келген.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG