Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

Обама Сирия бийлигине сөөмөй кезеди


АКШ -- Президент Барак Обама Ак үйдөгү маалымат жыйынында, Вашингтон, 20-август, 2012.
АКШ -- Президент Барак Обама Ак үйдөгү маалымат жыйынында, Вашингтон, 20-август, 2012.

АКШ президенти эгерде Сирия армиясы химиялык куралдарды колдончу болсо, Кошмо Штаттар кырдаалга кийлигишүүгө аргасыз болоорун эскертти

Барак Обама кечээ Акүйдө өткөргөн маалымат жыйынында азырынча Сирияга аскердик кийлигишүү тууралуу буйрук бере электигин айтты. Бирок ал президент Башар Асадга кайрылып, химиялык куралдарды колдонуунун кесепети оор болоорун, мунун арты чоң чыр-чатакка алып келээрин эскертти:

- Бул бир гана Сириянын иши эмес. Бул аймактагы биздин жакын өнөктөштөрдү, анын ичинде Израилди дагы кооптондурат. Бул бизди тынчсыздантат. Химиялык же биологиялык куралдар туура эмес адамдардын колуна түшкөнүн биз карап тура албайбыз.

Өткөн айда Сирия химиялык куралга ээ экенин, эгерде сырттан аскерий кийлигишүү болсо армия ал куралдарды колдонууга аргасыз болоорун айткан.

Асаддын режиминде 1980-жылдары Иран жана Ирактагы күрт азчылыктарына каршы Саддам Хусейн тарабынан колдонулган көздөн жаш агызчу, терини бузуп жиберчү, тамакты ууктурчу жана нерв системасын шал кылчу газдарды өндүрчү ишканалары бар экени айтылып келет.

Өткөн айда Сириянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Жихад Макдиси өлкөдө кандай оор кырдаал болбосун, өкмөт түрдүүчө куралдарды өз элине каршы колдонбой турганын айткан болчу:

- Сирия Араб Республикасынын карамагындагы ар кандай массалык кыргын салчу, же кадимки куралдар азыркы кризис учурунда кандай гана жагдайда болбосун, кризис кандай өнүкпөсүн эч качан жарандарга, же Сирия элине каршы колдонулбайт.

Бийликтер химиялык куралдар козголоңчуларга каршы колдонулбайт деген менен оппозиция өкүлдөрү Асаддын өкмөтү бул куралдарды өлкөнүн чек арасына жакын аймактарга жана аэропортторго ташып жатканын билдирген болчу. Батыш өлкөлөрү жана Израиль сириялык режимдин химиялык жана биологиялык куралдарды белгисиз жоочулардын, террорчулардын колуна тийип калаарынан чочулап жатышат.

Сириянын бир нече райондорунда ушул күндөрү да адам өмүрүн алган кандуу калаба уланууда. Укук коргоочулар кечээ оппозиция менен өкмөттүк күчтөрдүн кагылышында жүзгө чукул адам набыт болуп, анын ичинде белгилүү жапон журналисти Мика Ямамото ажал тапканын маалымдашты. 45 жаштагы Ямамото согуштук журналист катары белгилүү, ал буга чейин Ооганстан жана Ирактагы согушту чагылдырган.

Сирияда жаңжал башталгандан бери 4 чет элдик журналист каза тапты, дагы үчөөнүн азыр дайынын таппай жатышат. Бириккен Улуттар уюмунун маалыматы боюнча, бир жарым жыл мурун тутанган козголоңдон бери 18 миңден ашуун адам набыт болуп, 170 миң тургун Сирияны таштап качкан. Учурда эки жарым миллион сириялык өз өлкөсүндө жардамга муктаж.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG