Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

АКШ менен Орусиянын Сирия талашы


Эгер Обама менен Путин жолукса башкы маселе Сирия болот деп күтүлүүдө.
Эгер Обама менен Путин жолукса башкы маселе Сирия болот деп күтүлүүдө.

Кошмо Штаттар Орусияны “Ислам мамлекети” тобуна каршы эл аралык коалицияга кошулууга чакырды. Бирок ага катар Сирия президенти Башар Асад коалицияга кире албасын да эскертти. Ал эми соңку күндөрү Сирияда аскерий кубатын чыңдап жатканы белгилүү болгон Орусия “ИМ” тобун Асаддын өкмөтү менен кызматташпастан туруп жеңүү мүмкүн эмес деп саноодо.

АКШ жана Орусия президенттери ушул айдын соңунда Нью-Йоркто, БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйыны учурунда эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүп калышы мүмкүн.

Ак үй да, Кремль да Обама менен Путиндин жолугушуу ыктымалдуулугун четке какпаганы менен, муну так кесе ырастай албай жатышат. Эгер былтыр ноябрдан бери кездеше элек эки президент чын эле жолугуп калса, күн тартибиндеги башкы маселе эми Сирия болору күтүлүүдө. Анткени Вашингтон менен Москванын кеминде акыркы бир аптадан бери бири-бирине кине тагуулары Сирия кризисине барып такалууда. Маселен, АКШ Орусияны Сирияда аскерий кубатын өз алдынча чыңдагандын ордуна “Ислам мамлекети” тобуна каршы эл аралык коалицияга кошулууга үндөдү.

Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест Вашингтондогу басма сөз жыйында бул чакырыктын маанисин чечмеледи:

- Биз Орусиядан 60 өлкө мүчө жана АКШ баштаган эл аралык коалиция менен конструктивдүү кызматташуусун күтөбүз. Коалициянын көздөгөнү - “Ислам мамлекети” тобун алсыратып, акыр аягында жок кылуу. Биз Орусиянын бул аракеттерге аралашуусун кубаттайбыз. Буга дейре эле айтканыбыздай, алардын Асадды колдоону уланта бериши кырдаалды дестабилдештирет жана терс жыйынтык берет.

Ак үйдүн бул билдирүүсүнө тушташ мамлекеттик катчы Жон Керри орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефондон сүйлөшүп, Вашингтон Сирияда төрт жылдан бери уланып жаткан жарандык согуш токтоп, жаңжалдын саясий жол менен жөнгө салынышын камсыздоо үчүн президент Асад бийликтен кетүүсү керек деген турумун өзгөртпөгөнүн эскерткен.

Керри Лавров менен акыркы он күн аралыгында үчүнчү телефон сүйлөшүүсүндө Орусия Сирияда аскерий курулушту эмне үчүн жүргүзүп жатканын ачыктоону да суранган.

Орусиянын Латакия шаарына келген транспорттук учагы. 12-сентябрь, 2015-жыл.
Орусиянын Латакия шаарына келген транспорттук учагы. 12-сентябрь, 2015-жыл.

Мамдепартаменттин билдирүүсүндө Керри Орусиянын Асадды колдоону улантышы жаңжалдын дагы кеңейүү тобокелчилигин жаратат, Асад “ИМ” тобуна каршы коалициянын ишенимдүү мүчөсү боло албайт, Сирия жаңжалы жалпысынан аскерий эмес, бирок Асад аралашпаган саясий жол гана чечиле аларын баса белгиледи”,- деп көргөзүлөт.

Керри менен Лавровдун телефон сүйлөшүүсү алдында президент Путин Орусия Асаддын өкмөтүнө аскерий-техникалык жардам көргөзүүнү уланта берет, Асад менен кызматташпай туруп, “Ислам мамлекети” тобун жеңүү мүмкүн эмес деп айткан эле:

- Биз Сириянын өкмөтүн террордук агрессияга каршы турууда колдоп жатабыз. Аларга зарыл аскерий-техникалык жардамды көргөзүүдөбүз жана көргөзө беребиз. Эгер Орусия колдобосо, бул өлкөдөгү кырдаал Ливиядан да жаман болмок. Качкындар агымы азыркыдан да көбөймөк.

Бул аралыкта Орусиянын мамлекеттик телеканалдарынан Башар Асаддын маеги да көрсөтүлдү. Интервьюнун жүрүшүндө Асад президенттикте калар-калбасын Сириянын эли чечет деп ырастап, Батыш өлкөлөрүн жана армия менен күрөшүп жаткан козголоңчуларды “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштө аны менен биригүүгө үндөдү:

Асад орус журналисттери менен маектешүүдө. Дамаск, 15-сентябрь, 2015-жыл.
Асад орус журналисттери менен маектешүүдө. Дамаск, 15-сентябрь, 2015-жыл.

- “Ислам мамлекети” тобуна каршы АКШ баштаган коалиция деп айтылган менен, бирок биз алардын чындап күрөшүү ниетин көргөн жокпуз. Коалиция операциясын баштаган менен “Ислам мамлекети” тобу да кеңейүүдө. Бүгүнкү реалдуулук ушул. Алар эч нерсе кыла албайт. Коалиция жериндеги кырдаалга таасир бере албайт.

АКШ өзү бир нече апта мурда эле Москва Сирияда жарандык согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр алкагында өткөөл өкмөт куралышы үчүн Асадды бийликтен чегинүүгө ынандырууга жардам берет деп үмүттөнүп жаткан. Бирок Орусия Асадды колдоо үчүн Сириядагы аскерлеринин санын көбөйтүп, оор аскерий техникасын, анын ичинде танктарды, артиллериясын жөнөттү. Ал эми Вашингтон Асаддын бийликте калгыдай легитимдүү укугу жок деп эсептейт.

Пентагондун ишениминде, Москва азыр Сириянын өкмөт карамагындагы Латакия шаарында аскер-аба базасын курууну көздөөдө.

АКШ азыр “Ислам мамлекети” тобунун турумдарына сокку уруу үчүн Сириянын аба мейкиндигин да пайдаланат. Эми Сирияда Орусиянын аскерий кубатынын чыңдалышы, Кансыз согуш доорунда эки держава уруш талаасында тирешкендей кырдаалдын жаралуу мүмкүнчүлүгүн каңкуулоодо.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG