Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

Обама Обаманы мактады


АКШнын биринчи айымы жолдошу Барак Обаманын дагы төрт жыл президенттик кызматта калышын жалындуу сөзү менен жактап сүйлөдү.

Демократтардын кечээ күнкү курултайында ошондой эле бийлик партиясы башка маселелер менен катар, АКШнын Ооганстандан 2014-жылы кетишин колдогон саясат платформасын жактырышты.

Түндүк Каролина штатынын Шарлот шаарында өткөн Демпартиянын курултайында Мишел Обама президент Барак Обаманы "үй-бүлөсүнө баш-оту менен берилген күйөө жана сүймөнчүктүү ата" деп мүнөздөдү. АКШнын биринчи айымы ошондой эле күйөөсүн өлкөнүн чабал экономикасын жандандырууда "ишеним арта турган адам" катары мүнөздөдү:

- Мен күйөөмдү мындан төрт жыл мурда шайлангандан да, биз биринчи жолуккан 24 жыл мурдагыдан да жакшы көрөм. Себеби мен анын өзү кайдан келгенин унутпагандыгын сыйлайм. Баракты өзгөчө кыйын иштерди аткарам дегенден кийин анын сөзүнө турат деп ишене аларыбыз үчүн сыйлайм.

Биринчи айым ошондой эле саламаттык, студенттик карыз жана аялдарга акыйкат айлык төлөө мыйзамдарын өзгөртүү сунушу менен чыкканда, Барак Обама өзүнүн жеке турмушунда туш келген кыйынчылыктардан улам демилге көтөргөнүн белгиледи:

Үй-бүлөдөгү кыйналган турмуш эмне экенин Барак билет. Ал балдарга, неберелерге колдоо көрсөтүүдөгү кыйынчылыктарды да билет. Барак Америкалык кыял деген эмне экенин билет, себеби ал андай кыялды ишке ашырды. Ал биздин өлкөдө ар бир адамдын, ким экенибизге, тегибиз ким, сырткы көрүнүшүбүз кандай, же кимди жакшы көргөнүбүзгө карабай, ар бирибиздин бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болушубузду каалайт.

Обама 6-ноябрдагы президенттик шайлоодо Массачусетстин мурдагы акими Митт Ромни менен ат салышат. Митт Ромни Республикачыл партиядан талапкер болуу сунушун өткөн аптада кабыл алган.

Соңку сурамжылоо Обама элдин ой-пикиринде Митт Ромниден анча-мынча алдыда келатканын көрсөтүүдө.

Мишел Обама демократтардын талапкерди дайындоо курултайында шейшемби күнү кечинде сүйлөдү. Ал күнү күндүз делегаттар АКШнын кыйчалыштагы экономикасын өнүктүрүү боюнча Барак Обаманын иштерине колдоо билдирип жатышты.

Техас штатынын Сан-Антонио шаарынын акими Жулиан Кастро мындан төрт жыл мурда АКШнын экономикалык депрессиянын кылда учунда тургандыгын эскерип, «бардык кыйынчылыктарга, анын ичинде республикачылардын уюшкан каршылыгына карабастан, биздин президент күжүрмөн иштеп, андан бери төрт жарым миллион жаңы иш орду түзүлдү» деди.

Демократтардын үч күнгө созулуучу курултайында 5-сентябрда Обама менен Жо Байден партиянын президенттик жана вице-президенттик талапкердигине расмий көрсөтүлүүдө. Обама менен Байден экөө тең курултайда 6-сентябрда сөз алып, сүйлөшөт.

Курултай шейшембиде ачылгандан көп өтпөй, делегаттар байманасы ташыган америкалыктарга көбүрөөк салык салууну караган саясат платформасын жактырышты. Документте бир жыныстагы жарандардын никеге туруу жана аялдардын бойдон алдыруу укуктарына колдоо билдирилди. Анда АКШнын Ооганстандагы иш-аракетин 2014-жылга чейин бүтүрүүгө жана Ирандын ядролук куралга ээ болушуна жол бербөөгө да чакырык камтылган.

Демократтардын саясий программасында ошондой эле Израилдин коопсуздугуна «кыйшаюсуз колдоо» билдирилди, бирок Демпартиянын 2008-жылдагы платформасынан айырмаланып, бул жолку саясий программада Иерусалим Израилдин баш калаасы деп аталган жок.

Мындай өзгөрүшкө Митт Ромни дароо нааразылык билдирип, Иерусалимди Израилдин баш калаасы деп тааныбаганы үчүн Обаманы уяткарган билдирүү таркатты.

XS
SM
MD
LG