Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Улуу көтөрүлүшпү же "Үркүнбү"?


Макаланын автору, тарыхчы Ташманбет Кененсариев иш үстүндө
Макаланын автору, тарыхчы Ташманбет Кененсариев иш үстүндө

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин 2015-жылдын 27-майында кол койгон «1916-жылкы каргашалуу окуялардын 100 жылдыгы жөнүндө” жарлыгы чыккан күндөн баштап ошол кандуу окуялардын тегерегиндеги эскерүүлөр түрдүү жанрдагы жана багыттагы изилдөөлөр, кабарлар, божомолдор, адабий чыгармалар жана башкалар менен коштолуп, күн өткөн сайын күч алууда.

Кыргыз коомчулугунда гана эмес, Орусияда да бул датага кулагын түрүп, көңүл бурууда. Муну 2015-жылдын 18-сентябрындагы Москва мамлекеттик университетинде болуп өткөн 1916-жылкы көтөрүлүшкө карата эл аралык конференция, Орусиянын архив агенттигинин (Росархив) интернет айдыңындагы 1916-жылкы окуяларга карата порталынын ачылышы, атүгүл 2016-жылдын 8-апрелинде Кыргызстанга атайын иш сапары менен Орусия Федерациясынын Мамдумасынын спикери С. Нарышкиндин келиши жана Кыргыз-орус славян университетинин базасында төгөрөк үстөл өткөрүшү жана башка аракеттер далилдеп турат.

Учурда Кыргызстанда 1916-жылкы окуяларга карата атайын коомдук уюмдар, уюштуруу комитеттери, атүгүл атайын дирекция түзүлүп, көтөрүлүштүн маалыматтары басма сөз каражаттарында, интернет айдыңында, "Азаттык" радиоберүүсүнүн порталында кеңири жайгаштырылууда.

Көңүл буруп, байкаган адамга жагымсызыраак кебетеленген бир жагдай жаралууда. Себеби, массалык маалымат каражаттарында, атүгүл расмий кыймылдарда 1916-жылкы окуялар “Үркүн” деген аталыш менен коомчулукка таратылууда. Туура, Үркүн чоң жана татаал тема. Ал тээ 20-жылдардан бери эле маалым. Бирок, бир саамга ойлонолучу: “Үркүн” термини капсалаңдуу, кандуу окуяны, азап-тозокту, кайгыны, жоготууну элестетип, атүгүл аны күчөтүп жаткан жокпу?

22-25 кылымдык тарыхтын бүктөмдөрү, өз тагдырын өзү чечип, “өз алдынча түтүн булатып” жашаганга эзелтен аракеттенип, азаттык идеясын туу тутуп келген эркиндикти сүйгөн жоокер жана баатыр элибиздин далай-далай даңктуу барактары көп. Ал барактар көөдөнгө кубанычы батпаган жеңиштерге да, көксөсү суубай өксөгөн кайгылуу жеңилиштерге учураса да баары бир “даңктуу”, “сыймыктуу” барактар болгон. Азганактай элибиздин элдигин, алакандай жерибиздин жердигин сактап, жаш муундарды улам кийинки эрдиктерге үндөгөн...

1916-жылкы июль-сентябрь айларында болуп өткөн окуя кыргыздарды сыймыктандыра турган даңктуу, баатырдык окуялардан. Бат атар мылтыктар, пулемет, тапанчалар менен куралданган, “басып алууларда”, “куралсыз элди кырууда” алдына киши салбаган албуут казак-орустардан турган орус армиясына каршы кара келтек, союл, чокмор жана жөн эле айры, балта-чот менен тайманбай, коркпой-үркпөй кармашка чыккан тоолуктардын мындай эрдиги, албетте, ары даңктуу да, ары сыймактануучу да көрүнүш.

Эгер, кокус кудайдан болуп кыргыз көтөрүлүшчүлөрү кайсы бир жеңишке жетип, эл арасынан “хан” шайланышкан баштыктары менен азаттыкка жетсе, албетте Кытайга карай үркмөк эмес. Демек, менин айтайын дегеним, эмне үчүн ошол даңктуу чыгууну “Улуттук-боштондук кыймыл” мындай турсун эч болбосо “Улуу көтөрүлүш” деп атай албайбыз. Дегинкиси, тарыхты, анын окуяларын кийинки муундарга сабак, тарбия катары берет эмеспи. 1916-жылкы окуянын ошол “даңктуу барактарын” демократияга ык койгон элибизге, айрыкча ийкемдүү жана мобилдүү жаштарыбызга мекенчилдик тарбия каражаты катары жеткирсек, 100 жылдык мааракелик маани өз максатына жетет го.

Негизи, 1916-жылкы окуяларды эки баскычка бөлүп кароону биз да, бир катар башка окумуштуулар менен коомдук ишмерлер сунуштап келебиз. Анын биринчиси даңктуу көтөрүлүш болсо, экинчи жеңилүүдөн кийинки аргасыз чегинүү, качуу же “үркүү”. Башкача айтканда “Үркүн” болуп саналат. Биринчиси баатырдыкты көрсөтсө, экинчиси кайгы-капа менен азап-тозокту белгилеп турат.

Ошондуктан суроо коюлат, эмне үчүн 1916-жылкы окуяларды “Үркүн”, “Улуу Үркүн” деген атоону көбүрөөк колдонуп, “Улуу көтөрүлүш”, “Улуттук-боштондук көтөрүлүш” же эч болбосо жөн эле “көтөрүлүш” деп атабай жатабыз. Менимче, кайгы-капа, жоготууну символдоштурган “үркүн” сөзүнө караганда баатырдыкты, эрдикти, азаттыкты даңазалаган “көтөрүлүш” термини жакшыраак го.

Азыркы күндө тарыхчылардын, коомдук ишмерлердин, айрыкча журналисттердин арасында “Улуу көтөрүлүш”, “Улуу Үркүн” деген сөздөргө анча айырмалуу маани беришпей, алаңгазарлык менен аташып келүүдө. 1916-жылкы бардык окуяны бир эле сөз менен “Улуу Үркүн” же түз эле “Үркүн” деп эле атап койгондор бар. Атүгүл “үркүн” деген сөз “малдын, жаныбарлардын үрккөнүн билдирет, ошондуктан аны колдонуудан алып салуу керек” дегендер да чыгууда.

Ошол эле учурда “үркүн” деген терминдин төркүнүнө да көңүл бура кетели. Албетте, “үркүн” сөзү кыргыздын турмуш-тиричилиндеги “малдын үрккөнүн” билдирүүчү этиш сөз. Бирок, ал анын тар маанисинде. Кең маанисинде “үркүн” сөзү тээ дүйнөгө атагы чыккан Махмуд Кашкаринин (Барскани) мезгилинен келе жаткан, кайсыл бир чоң апаатта элдин апааттан “качуусун” же “үркүүсүн” атаган. Бул сөз кыргыздын гана эмес, бүтүндөй түрк элдеринин төл сөзү. Демек, “бөйрөктөн шыйрак чыгарбай” эле 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жеңилип калгандан кийинки уланышы катары эсептелген экинчи баскычын гана “үркүн” деп атоо, атүгүл анын оордугун жана миңдеген адамдардын өмүрүн жалмаган көлөмүн эске алсак “Улуу үркүн” деп да атап коюу жөндүү.

Бул терминдердин айланасындагы ача пикирлер бир жактуу болсун десек төмөнкү эки нерсени эске алуубуз абзел.

Биринчиден, 1916-жылкы окуяны ошол жылы бул окуянын башталышы катары Кожентте жергиликтүү кыргыздар, тажиктер жана өзбектер болуп 4-июлда башталган окуядан, июль айында Фергана өрөөнүнүн бардык шаарлары менен ири конуштарында болуп өткөнүн, Алай өрөөнүнүн айрым бир урууларынын падышачылыктын жазалоочу отряддарынан чочулап, ошондо эле Кашкар тарапка качууну (үркүүнү деп түшүнүңүз) ойлоп, бирок аны колониялык бийликтер токтотуп калгандыгын, түштүк кыргыздарынын айрым бир өкүлдөрүнүн теңиртоолук, чүйлүк, көлдүк жана таластык кыргыздарга “түштүктө башталган кыймылды колдоого" чакырып кат жөнөтүшкөндүгүн, анан август айында Кыргызстандын түндүк аймактарында түштүктө баштаган кыймылды “колдоп” гана тим болбостон, орус падышачылыгына каршы толук кандуу согуш ачып, курал менен Улуу көтөрүлүшкө аттангандыгын, бирок “тишине чейин куралданган” колониялык жазалоочулардын кыргынына чыдабаган “кара келтек карапайым эл” күзгө таяп Кытайга кача баштагандыгын эки этаптан турган бүтүн жараян (процесс) деп кабыл алуу зарыл демекмин.

Демек, 1916-жылкы окуяларды жалпы жонунан “Улуу көтөрүлүш” деп атоону сунуш кылар элем. Ал эми анын өөрчүшүн эки баскычка бөлүп, анын кыргыздардын жеңилип калгандан кийинки баскычын гана “Үркүн” же “Улуу үркүн” деп атоону ылайык деп ойлоймун. Ошондо гана тарых логикасы өз ордуна келип, 1916-жылга байланышкан ача пикирлердин бири чечилүүгө өтмөк.

Кененсариев Ташманбет, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор (t.kenensariev@gmail.com)

XS
SM
MD
LG