Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

БУУ Сирия бийлигинин кадамдарына канааттанбайт


Сирияда азырынча БУУнун аз сандагы гана байкоочулары иштөөдө. Хомс, 24-апрель, 2012-жыл.
Сирияда азырынча БУУнун аз сандагы гана байкоочулары иштөөдө. Хомс, 24-апрель, 2012-жыл.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириядагы соңку кырдаалга кайрадан кайрылды. Улуттар уюму менен Араб лигасынын атайын чабарманы Кофи Аннан маалымат берген учурунда өлкөдөгү жагдай кубанарлык эместигин белгиледи.

Кофи Аннандын айтымында, аны өкмөттүк аскерлер өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Хама шаарына киргенде, автоматтык куралдан ок чыгаруу менен бир нече адамды мерт кылганы жөнүндөгү кабарлар камтамага салууда.
Аннандын камтамачылыгына БУУнун Башкатчысы Пан Ги Мун да кошулуп, Сириядагы азыркы кырдаалды “кабыл алынгыс” деп мүнөздөдү.

Пан Ги Мун да, Кофи Аннан да Сириянын өкмөтүн алты пункуттан турган тынчтык планынын шарттарын урматтоого чакырды. Ал планга ылайык, ок атышуу 12-апрелден тарта токтоосу керек болгон.

Коопсуздук кеңешинин жабык жыйынында Аннан менен катар башкатчынын тынчтык орнотуу миссиялары боюнча орун басары Эрве Ладсунун да маалыматы угулду.

Байкоочулардын баары кабыл алынбайт

АКШнын БУУдагы элчиси Сьюзан Райстын ырастоосунда, Сирия ок атышуунун токтошун көзөмөлөдөөчү байкоочулардын жайгаштырылышын чектеп жатат:

- Ладсу мырза Сирия өкмөтү кеминде бир байкоочудан анын жарандыгынын негизинде баш тарткандыгын жана байкоочулар миссиясынын “Демократиялык Сириянын достору” тобуна кирген мамлекеттерден келген мүчөлөрүн кабыл албай тургандыгын билдиришкенин маалымдады. Ал БУУнун көз карашынан караганда, бул такыр кабыл алынгыстыгын баса белгиледи.

“Сириянын достору” тобуна он төрт, анын ичинде АКШ, Британия, Франция, Сауд Аравия, Түркия, Катар мамлекеттери кирет.

Бул өлкөлөрдүн баары он үч айга аяк баскан элдик толкундоо Сирияны жарандык согуштун босогосуна алып келди, нааразылыкты кан төгүү менен баскан президент Башар Асад эл алдындагы легитимдүлүүгүн жоготту жана бийликтен чегинүүсү керек деген турумда.

Орусиянын ишеними

Дамасктагы режимдин узактан берки өнөгү деп саналган Орусия “Сириянын достору” тобунун буга чейинки жыйындарына катышкан эмес. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун ырастоосунда, байкоочулардын барышы кырдаалды оң жакка бура баштады:

- Менин ишенимимде, байкоочулардын болушу позитивдүү роль ойногонун көргөздү. БУУнун Коопсуздук кеңешинин өткөн ишембидеги резолюциясында каралагандай, алардын саны эң жакынкы аралыкта 300гө жеткирилет деп эсептейм. Байкоочулар саны канчалык көп болсо биз объективдүү фактыларга негизделген жана спекуляциядан тыш маалыматты көбүрөөк алабыз. Тилекке каршы спекуляциялар түрдүү маалымат каражаттарынын репортаждарында аз эмес. Алар ишенимге арзыбаган булактарга таянып жатышат. Андыктан байкоочулардын иши позитивдүү факт экендиги айныксыз.

АКШнын Сириядагы элчиси Сьюзан Райстын билдиргенине караганда, Коопсуздук кеңешине берилген маалыматта БУУнун барары күтүлгөн 300 байкоочусунун жүзү Сирияга жеткенге чейин эле дагы бир ай убакыт талап кылынары айтылган.

АКШнын "чыдамы түгөндү"

АКШ элчиси белгилегендей, Вашингтон мурдагыдай эле эң биринчи кезекте президент Асадын режими зордук-зомбулукту токтотуусу керек деп эсептейт:

- Мен акыркы бир нече күндөн бери АКШнын атынан айтып келгендей, биздин чыдамыбыз түгөндү. Ок атышуу 12-арелде токтоду делгенине карабай, кыянатчылыктар уланып жаткандыгы жөнүндөгү факт, биздин көз карашыбызда кабыл алынгыс гана эмес, айыптоого татырлык. Биз байкоочулар миссиясынын жайгаштырылышын колдогондо зордук-зомбулукту токтотуу, андан кийин ок атышуунун токтошун сактоо, байкоочулардын ары-бери эркин каттап, ишин тоскоолдуксуз аткаруусуна мүмкүндүк берүү боюнча жоопкерчилик Сирия өкмөтүнө жүктөлөрүн ачык-айкын айтканбыз.

Сириядагы соңку кыйянатчыктарга кайрылсак, борбор Дамаскта Сирия армиясынын үч офицери мерт болгон. Муну өкмөттүк басма сөз, оппозициячыл топтор да ырастады. Борбордо миналаган автоунаанын жарылуусунан дагы үч киши жаракат алган. Ал эми элдик толкундоо башталгандан бери, БУУнун эсебинде, 9 миңдей кишинин өмүрү кыйылды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG